ФОТО: Табигый кырсыктардан 18836 кожолуктун жана 12969га чарба үлүш жерлери корголду, — ӨКМ 

Окуялар тизмеги 12 Сен 2019 10:34
0 билдирүү

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул жөнүндө министирликтин басма-сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2019-жылга карата болжолдуу-планы 54 объектте иш мерчемделип кошумча 19 объект кошулган, 8 ай  ичинде 63 объектте жумуш жүргүзүлгөн.

Натыйжада биринчи багыт боюнча 32 объект пайдаланууга берилип, 9291 кожолук жана 9769 га айыл чарба аянттары корголду, ошондой эле 1 мектеп, 1 ФАП, 1 чек ара (погран) мамычасы жана 555 кожолуктранспорттук  каттам менен камсыз болду.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты — “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2019-жылдагы Болжолдуу-планына 317 обьект киргизилип, 8 ай ичинде республика боюнча 299 обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 251 объектиде иш бүткөн жана 38 объектиде иштер улантылууда.

Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 9545 кожолуктун жана 3200 га чарба үлүш жерлерди, 15 км ички чарбалык жол корголду, 2 көп кабатту үй, 2- балабакча, 1-ички чарбалык көпүрө, 1-мечит, 2-мүрзө, 4-ФАП, 1-ГСВ, 1-ЛЭП, 7 көпүрө сел коркунучунан корголду, 2760 кожолук жол каттамы менен камсыз болду.

Жалпысынан  390 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 362 объектидежумуш жүрүп, 283 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 18836 кожолуктун жана 12969 га чарба үлүш жерлерди, 15 км ички чарбалык жол корголду, 2 көп кабатту үй, 2 балабакча, 1 ички чарбалык көпүрө, 1 мечит, 2 мүрзө, 5 ФАП, 1 ГСВ, 1 ЛЭП, 7 көпүрө, 1 мектеп, 1 чек ара (погран) мамычасы сел коркунучунан корголду, 3315 кожолук жол каттамы менен камсыз болду.

Сүрөт: ӨКМ басма-сөз кызматы

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.