Окуялар тизмеги Дата:
0 билдирүү

Жогорку Кеңеш Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеӊеш билим берүү жана илим министри кызмат ордуна дайындоо үчүн сунуш кылынган Исаков Каныбек Абдуваситовичтин талапкерлигин жактырды.

Министрлик кызматка талапкер өзүнүн жаӊы кызмат ордунда аткарчу иш программасы менен тааныштырып,  билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатында ишти алга жылдырууга аракет жасай турганын билдирди.

Депутаттар окуу китептеринин сапаты менен мазмунун жакшыртуу, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү, жаш кадрларга камкордук көрүү, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу зарылдыгын белгилешти.

Эстете кетсек,  билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын ордуна сунушталууда 4-сентябрда өз каалоосу менен отставкага кеткен.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.