Эгемендикке эмнеге жеттик, эмнеден артта калдык?

Аналитика, Статьялар 31 Авг 2019 09:00
0 ой-пикир

Быйыл Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгонуна 28 жыл толот. Көптөгөн жетишкендиктерге жеттик, дагы чечиле элек маселелер бар. Президент учурда коррупцияга күрөш жарыялаганы жакшы саамалык. Бирок өлкөбүздө башка да толгон-токой көйгөйлөр бар, алар жакынкы келечекте чечилет деген үмүт чоң.

Жаңы курулуп келаткан мамлекетибиздин башына эмнелер гана түшпөдү?! Жаштар жумуш издеп башка мамлекеттерге агылды. Элдин мамлекетке, турмушка болгон көз карашы өзгөрдү.

Эң башкысы өзүбүздүн тилибиз, туубуз, гимн, герб, Конститутциябыз бар. 2015-жылы Кыргыз элинин саны 6 миллионго жеткен. Учурда калкыбыздын саны 6 389 500 адамды түзөт (2019-жылдын 1-январына карата маалымат).

Дүйнө жүзү боюнча өлкөбүз территориясынын көлөмдүүгү жагынан 85-орунда турат (199 951 км²), ал эми КМШ өлкөлөрдүн арасында жетинчи орунда турат.

Еlgezit.kg порталы белгилүү адамдардан бул майрамга кандай жетип, эмнеден артта калдык, эмнеге жетиштик, сыноолордон кандай сабак алгандыгыбыз тууралуу кеп кылдык.

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу, «Кылым шамы» Адам укугун коргоо борборунун жетекчиси:

-Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдардагы чоң жетишкендиктер — өз алдынча мамлекет болдук: туу, герб, гимн, атрибуттарды кабыл алдык. Ошондой эле, көптөгөн Эл аралык келишимдерди ратификация кылдык. Эл аралык граждандык жана саясий укуктарга ээ болдук десем жаңылбайм. Аны менен бирге социалдык-экономикалык укуктарга да ээ боло алдык.

Бириккен Улуттар Уюму бизди тааныды. Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо боюнча конвенциялар кабыл алынды. Айымдарыбыздын үйдөгү зордук-зомбулукка кабылышы тууралуу, качкындардын укуктарын коргоо боюнча жана башка көптөгөн конвенциялар кабыл алынып, жакшы жетишкендиктер болду.

-Эки революцияны баштан кечирген эл эмнени түшүндү?

-Эл эч качан бийлик жакшы болбосун, бийлик же жаман же өтө жаман болоорун түшүндү окшойт. Мыйзам алкагында бийликти алмаштыруу керек экенин, революция да бей-бечаралар курал болуп калаарын түшүнсө керек деп ойлойм.

Мамлекетибизде активдүү жарандык коом түзүлдү, көп партиялуулук, парламентаризм, сөз эркиндиги, күчтүү журналистика өркүндөп өстү. Бул коңшу мамлекеттерден айырмаланган жагыбыз болууда.

Өлкөбүз чет элдик инвестицияларга, элибиз кредитке, гранттарга көз каранды болуп калдык. Кен байлыктарыбыз талап-тоноого түштү.

Тимур Саралаев, Кыргызстандык эмгек мигранттарын колдоо фондунун директору:

-Эгемендүүлүккө жетишкенибизге быйыл 28 жыл толуптур бул аралыкта эмнелерге жетишсек болот эле? Кандай жол менен кетсек туура болмок, сиздин пикириңиз?

-Эгемендүүлүк бизге тарых,  Жараткан берген чоң белек, мурас, керээз. Учурда канча деген элдер жери жок жүрөт, биз жерибизди сактап калышыбыз керек.

Медалдын да эки тарабы бар демекчи, эгемендүүлүктүн да тандоо эркиндиги бар болгундуктан элибиздин, жаңылышкан күндөрү да жок болгон жок. Албетте, кыргыз эли башынан оор күндөрдү, кандуу, кайгылуу күндөрдү өткөрдү. Бул биз үчүн чоң сабак, мамлекеттин, коомдун туруктуулугу дайыма сыноого алынып келет. Эгемендүүлүк десе эле баары — «койдун үстүндө торгойлор жумурткалайт» деген заман боло бербейт. Чакырыктар абдан көп, анын ичинен сырткы жана ички, ошолордун баарына элибиз туруктуу, ынтымактуу болуусу зарыл. Албетте, экономикалык жактан артта калуу бар, аны моюнга алыш керек. Бул жагдайды оңдоо керек, экономикалык саясатты өзгөртпөсөк, биз дагы эле кетип бара жаткан поезддин артынан кубалап жете албай чуркап кете беребиз. Дүйнө өнүгүп жатат, биз да артта калбай, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша секирик кылуу учуру эбак келген. Ага жолтоо ички саясий кырдаалдар болуп жатпайбы…

-31-август — Эгемендүүлүк күнүн белгилейсизби?

-Албетте, белгилейм. Бул биздин суверендүүлүгүбүздүн майрамы, бул салтанат биз ааламда кыргыз элибиздин орду бар экенин майрамы. Бул биздин келечегибиз жаркын болоорунун күнү деп билем.

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Сүрөт интернеттен алынды

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.