Президент: «Жашыл шаар деген даңазалуу атыбызды жоготуп алдык»

Окуялар тизмеги 30 Авг 2019 10:45
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте жашыл саясаттын жоктугунан, курулушту пландоо начардыгынан экология жабыркап жатканын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы Бишкектеги жаңы сейил бактын ачылышында сүйлөп жатып билдирди. Ал мындан ары шаардын курулуш эстетикасын жакшыртып, көркүнө, кооз имараттарга көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Жээнбеков шаардагы бир катар парктык зоналар буга чейин менчикке берилип кеткенин сындап, аны кайтаруу иштери жүрөрүн баса белгиледи.

“Биз буга чейинки жашыл шаар деген даңазалуу атагыбызды жоготуп алдык. Аны кайтаруу үчүн аракеттерди көрүшүбүз керек” — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент жаңы сейил бакты өлкөдөгү ынтыкмакты бекемдөө максатында “Ынтымак” деп атоо чечими кабыл алынганын айтты.

Бишкектеги Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактын ачылышы өтүүдө. 10 гектарлык сейил бак быйыл апрелден тарта даярдалып, бак-дарактар тигилип, иретке келтирилген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.