Түндүк-түштүк, оштук-аркалык

Аналитика, Статьялар 29 Авг 2019 19:16
0 ой-пикир

Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн

Саясий кырдаал курчуган сайын кыргыз коомчулугу жашаган аймагына жараша бөлүнүп баштайт. Бул калың эл арасында дагы, айрым чакан топтор арасында да болуп келген көрүнүш. Акыркы убактарда Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы каршылыктан улам түндүк-түштүк, оштук-аркалык деген бөлүнүп-жарынуулар кайрадан күч алды.

Бөлүнүүчүлүк эмнеден улам келип чыккан?

Кыргыз коомчулугу бүгүнкү күнү ар түрдүү негизде бөлүнүп келишет. Жалпы этникалык окшоштук чет жакта биринчи орунга чыкканы менен өлкө ичинде аймакка, облуска, районго, урууга бөлүнүү башталат.

Түндүк менен түштүккө бөлүнүүнү кыргыздар каада-салттарынын айырмачылыгы менен – конокторду тосуу салты, эт тартуу салты, тойлордо, өлүм-житимдерде ар башкача жөрөлгөлөрдү колдонгону менен ж.б. түшүндүрүп келишет. Лингвисттер дилаекттик айырмачылыктар да бар экенин белгилешет.

Бирок изилдөөчүлөр кыргызды түндүк түштүккө атайылап бөлүшкөнүн, бул түшүнүк совет бийлигинен калганын айтып келишет.

Мындай бөлүү СССРдин жетекчилиги үчүн абдан ыңгайлуу болгон, “бөлүү менен бийлигиңди жүргүз” принцибин колдонгон бийлик окумуштуулар аркылуу жана ММК аркылуу дагы бөлүп-жарууну колдоп турган.

Анын үстүнө аймактардын географиялык жайгашуусу, тоолор менен бөлүнүп туруусу, агрардык Ош менен өнөр-жай өнүккөн Чүйдүн шарттары дагы бул көрүнүшкө түрткү берип турган.

Тилекке каршы, Советтер Союзу кыйрагандан кийин аймактар аралык темага “экинчи дем” берилди.

Эркиндикке мас болгон кыргыз бийлиги тарапташтарын чогултуу үчүн аймакка бөлүнүү ыкмасын колдонуп баташты.

Ким күнөөлүү?

Учурда аймактарга бөлүнүү күч алып турган маалы. Атамбаев аймактар аралык теманы өтө көп козгогондуктан бул коомчулукка да таасир бербей койгон жок. “Кокон хандыгы – жана башында колхоз” – деген сөз Атамбаев тарабынан Жээнбековго бир нече жолу айтылган. “Кокон стилинде өч алуу” – деген сөз Кой-таштагы окуялардан соң Атамбаевдин уулдары тарабынан айтылды. Мындай билдирүүлөр социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, айрымдар бири-бирин жектешип, жаман-жакшы айтышканга чейин барышууда…

Түштүктө жашагандар тууралуу жаман пикир айтуу акыркы убакта модага айланып бара жаткандай. Андай пикирин Алмазбек Атамбавге болушканынан жазышууда деш кыйын, себеби аны “прогрессивдүү интеллектуал” деп атоого мүмкүн эмес,

ошондой эле Атамбаевди камакка алышканы үчүн түндүктүктөрдүн таарынычы катары да кабыл албай эле койсок болот. Себеби Атамбаев түндүктө эч качан лидер болгон эмес.

Түштүктүктөрдү басынтуу модасы улуттук боло албаган жана Сооронбай Жээнбековдун үмүтүн актай албаган биздин “элитанын” деңгээлинен да кабар берет. Экономикалык жана интеллектуалдык долбоорлор жок, системалык реформа жүрбөй эле, элдин жашоосу оңолуп кеткен жок, кадр саясаты аксап эле келе жатат ж.б. Башкача айтканда, Ак үйдөгү саясат өзгөрбөсө элдин нааразычылыгы, бөлүнүп-жарынуусу улана берет.

Сандарга жана фактыларга таяна турган болсок Атамбаевдин башкаруусу учурунда Кыргызстан эң начар жылдарды башынан кечирди. Бирок элге оюн-тамаша жетиштүү эле болду. Биз бул жерден насыяга өткөрүлгөн Көчмөндөр оюнун айткан жокпуз, кеп Атамбаев дайыма коомчулук алдына чыгып, “балп” этемелери менен элдин көңүлүн ачып турганын белгилегибиз келди. Ал дайыма маалымат жыйындарын берип, баардык окуяларга байланыштуу өз пикирин билдирип турду. Жада калса бир айылга кичине жол салынса дагы аны кылым долбоору сыяктуу көрсөтүп жатышты. Ал өзү телевизорго чыкпай калган күндөрү Фарид Ниязов жана Алмаз Үсөнов жана башка команда мүчөлөрү ошол маалдагы президентти мактап, тынымсыз маалымат берип турушту.

Албетте Ак үй жана өкмөт популист болуш керек деп эч ким айтпайт. Бирок бийлик пиар менен алек болуп, аны жасоону билиши керек. Эл менен байланыш болбосо колдоо дагы болбойт. Ал эми пиар коомчулук менен байланышуунун бирден-бир жолу. Тилекке каршы, азырынча Ак үй муну түшүнгүсү келген жок.

Ошондуктан түндүк-түштүк маселеси көтөрүлгөндө күнөөлүүлөрдү издеп кереги жок. Баары кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү – саясатчылар, элита, түндүк, түштүк темасын козгогондор.

Эмне кылыш керек?

Даяр чечим жок. Аймактарга бөлүнүү көйгөйү башка өлкөлөрдө да бар. Кыргыздардын түндүк-түштүккө бөлүнүүсү саясатчылардын сасык оюнунан улам да күч алып жатат десек жаңылышпайбыз. Буга Кой-таштагы “элдик штабдын” активисти, камактагы Фархат Баабиевдин сөздөрү далил. Ал башка аймактан келеген коңшулардын үйүн өрттөөгө, аларды сабоого, бизнесине тоскоолдук кылууга чакырып, ошондо алар өздөрү бийликти алып түшөрүн айткан. Башкача айтканда, алар үчүн бийлик баалуу болуп, ал эми ага кандай жол менен жетери, кан төгүлөрү менен иши жоктой.

Кыргызстандагы бул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн билим берүү тармагын реформалоо, жаңы улуттук элиталарды даярдоо, кадр саясатын туура жүргүзүү, өлкөнү бириктирүүчү идеология болушу керек. Бийлик дагы деле алакан жайып, болуп жаткан окуяларга көз жумуп отура берсе, анда жарандык сектор демилгени өз колуна алышы мүмкүн.

Акыркы убакта социалдык тармактарда түндүк-түштүк темасын белгилүү журналисттер, чыгармачыл инсандар, илимий интеллигенция талкууга алууда.

Айрымдар бийликте ким отурганына карабастан өлкөнүн биримдиги, улуттун улуулугу тууралуу ойлонуу керектигин жазышууда.

Ал эми тарбиялык мааниде аткаминерлердин кабинеттеринде, студенттер окуган аудиториядарда, мектептерде “Манас” эпосунун төмөнкү үзүндүсүн илип койсо ашыкча болбос:

Бөлүнбө, Кыргыз бөлүнбө,

Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.

Бөлүнүп кетти Кыргыз деп,

Бөтөн элге кеп кетет.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.