Аналитика, Статьялар Дата:
0 билдирүү

Провокаторлорбу же чындык үчүн күрөшкөндөрбү?

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн

Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын айланасында болуп жаткан окуялар күн өткөн сайын жаңылыктар түрмөгүндө рейтингин жоготуп бара жатат. Суракка чакырылгандардын саны көбөйгөнү менен аларды эстегендер азайууда. Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу ар түрдүү кылмыш иштери боюнча күбө катары суракка чакырылгандардын тизмесине “Апрель” телеканалынын директору Дмитрий Ложников, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, саясий технолог Валентин Богатырев, жарандык активист Адиль Турдукулов ж.б. кирди. Айрымдары күбө катары суралса, кээ бирлери шектелгендердин катарын толукташууда.

Сөздүн куну..

22-августта эрте менен Ирина Карамушкина Facebook баракчасына мындай деп жазган: “Башкы прокурор Жамшитов 244-берене (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча мени күбөдөн шектүүгө которду. Мени кызматкерлерди сабатыш үчүн элге акча таратып, команда берип турган, ЖК депутаты катары берген антымды бузган дешүүдө… Мына бийликтин жүзү” Эгерде экс-президенттин, депутаттын мойнуна болбогон нерселерди илип, бир дагы далили жок камап салып жатышса, жылдап чындыкты далилдеп көр! Укуктук коллапс жана бийликтин башаламандыгы”… Куттуктайм, өлкө!”

Кечке маал Башкы прокуратура бул маалыматты тастыктаган. Карамушкина Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү, 244-беренесинин 3-бөлүгү (барымтага алуу) боюнча шектелип жатат. Саат 20:00 жакын Биринчи май райондук соту Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасын карады. Депутат 2019-жылдын 8-октябрына чейин үй камагына алынды. Башкача айтканда, ал 22-августтан тарта 8-октябрга чейин саат 22:00дөн 06:00гө чейин үйүнөн чыга албайт.

Сүрөттө: Ирина Карамушкина парламентте.

Карамушкина болсо күнөөсүн мойнуна алган жок жана тергөөдө эч кандай далилдер жок экенин билдирүүдө. Бул нерсеге чекитти сот коет. Атамбаевди колдоп жаткандар болсо Ирина Карамушкинаны күчтүү айым катары сыпатташып, чындыкты бетке айтарын жар салышууда. Ал эми мурдагы президенттин каршылаштары болсо, Атамбаевдин активдүү тарапташы болгон бул айымды провакатор аташууда.

Чындыгында, Карамушкинанын Кой-Таштагы окуяга чейинки жана андан кийинки билдирүүлөрү провакациялык мүнөздө болгонун байкоого болот.

Мисалы, 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышына байланыштуу уюштурулган маалымат жыйынында Карамушкина мындай деген:

“Атамбаев суракка барбайт, ал өзүн каматууга жол бербейт… Биз адамды ушинтип сындырып кое турчу парламентке ишене албайбыз. Бүгүн Бакиевдер жеңишин майрамдап жатышат жана Жээнбековдор ошол жылдары болгон төңкөрүштү тебелеп салышты. Бүгүн сессия аяктады. Парламент өтө уят болду. Атамбаев баарына чыдап, баарын оңдоого аргасыз, ал бүгүн жалгыз оппозиционер. Үй-бүлөлүк кландык башкаруу уюштуруп, мыйзамсыз иштерди аткарып жаткандарга үчүнчү жолу сабак берип коюу керек.”

Карамушкинанын 3-июлдагы митингде сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү: “Биз эки төңкөрүштү башыбыздан өткөрдүк. Кайрадан төңкөрүш болушун каалабайбыз, Кудай сактасын. Бийлик сүйлөшүүгө барбай жатат, биз аракет деле кылбай калдык. Саткын – эки жүздүү сасыткы, аны элдин баары жаман көрөт. Биз органдар кандай иштеп жатканын көрүп жатабыз. Бизди колдогон карапайым калкка кандай тоскоолдуктарды жаратып жатышканын көрүп жатабыз. Жигиттерден бирдиктүү аракеттерди талап кылам. Эч кандай мародерчулук болбошу керек. ЖКнын отставкасын талап кылабыз, себеби акыркы жыйын аларга мыйзамды ишенип берүүгө болбойт экенин көрсөттү”.

7-августта Атамбаевдин хан сарайын биринчи бастырып киришкенде Жогорку Кеңештин депутаты Сооронбай Жээнбековдон спецназды чыгарып кетүүсүн талап кылып, аны “элдик трибунал” менен коркуткан.

Бул Карамушкина кыска убакыттын ичинде айткан сөздөрдүн аз гана бөлүгү, социалдык тармактарда жазган пикирлерин, берген маектерин санаган да жокпуз. Атамбаевдин тарапташы провакацияны атайылап уюштурбаса керек, бул атайын ойлонгон тактика же стратегия да болгон эмес болуш керек деген ой келет. Бирок ал өз сөзүндө көпчүлүктү башкаруучу баардык техникаларды колдонгон: гиперболизация, апыртуу, жаман окуяларды алдын ала айтуу, компрометация тактикасы, фактыларды бурмалоо ж.б.

Башкача айтканда, саясатчылардын баары максаттарына жетүү үчүн басым кылуу ыкмаларын колдонушат. Ошондуктан сасык саясат деген түшүнүк бар. Бирок өлкөдөгү абалды курчутуп жатканда жоопкерчилик ала билүүнү да билиш керек. Дал ушундай учурлар саясатчынын бышып жетилгенин билдирет. Башкача айтканда, жеке кызыкчылыктар өлкө кызыкчылыгынан төмөн турушу зарыл. Дал ушул жерде бир күндүк саясатчы менен мекенчил саясатчынын айырмасы билинет.

Фейктерге таянганда

Учурда Фейсбукта Твиттерде, Инстаграммда аккаунту барлардын баары эле ММК болуп алышкан, бирок алар маалыматты тактабай деле жаза беришет. Муну биз жакшы да жаман да дей албайбыз, бул биздин жашоо. Маалыматтык согуштагы жаңы түшүнүк фейктер, алар коомчулукта пикир жаратуу үчүн башка бирөөнүн ысымына жашынып алып иш алып барышат. Кой-Таштагы окуялардан кийин алар да активдеше башташты. Өзгөчө ушул сүрөт талкуу жаратты. Бул сүрөттү көргөндөрдүн үрөйү учуп, нааразы болушары айдан ачык. Спецназдар балдардын көз алдында куралчан жүрүшөт. Тынч жаткан аялдарга жана балдарга курал кезегендей ой калтырат. Тынчтык жана согуш бетме-бет келгендей туюлат.

Бул фейктин автору адамдын сезимдерин мыкты билет жана аны менен ойноп жатат.

Бул сүрөт фейк экенин билүү оңой эле. Балдар менен аялдардын сүрөтүн атайын чаптап коюшканы көрүнүп эле турат. Түстөрдө айырма бар, балдардын башынан да жасалма сүрөт экенин байкоого болот – күңүртүрөөк жана “пикселдер тепкичи” байкалып турат.

Бирок тилекке каршы, айрымдар дал ушул фейк-сүрөттү социалдык тармактарда көп колдонушуп, атайын кызматтар жөнөкөй жарандарга каршы иш алып барып жатышканын тастыктагылары келди. Берки тарап болсо бул сүрөттү башкача максатта колдонду, Атамбаев аялдардын этегине, балдардын артына жашынып жатат дешти.

Бул фейк сүрөткө саясий оюндарга кызыкпаган, компьютердик дизайнды билбеген карапайым адамдар “лайк” басышканы го эч нерсе эмес деңизчи, бирок коомдук пикирди жаратуучу адамдар бул сүрөттү бөлүшүшкөнү бул башка иш. Албетте, башка моралдык жоопкерчилик. Көчөдө, жүрөктөрдө абал курч бойдон калып турган маалда бөлүшүү катачылык.

Элдин атынан

Жакында эле дароо бир нече ММК Кой-Таштын жана Арашандын тургундарынын президент Сооронбай Жээнбековго болгон кайрылуусун жарыялашты. Тема катары “Өлкөнү бөлүп-жарууну токтоткула”, “Коомчулукту бөлүү терең маселеге алып келиши мүмкүн” ж.б. деген чакырыктар коюлду. Кайрылуу бийлик Атамбаевди мыйзамсыз куугунтуктап, натыйжада кыргызстандыктарды бөлүп-жаруу болууда деген маанини камтыйт. Бирок көпчүлүк ММКлар бул кайрылуунун алдында эч кандай колдор жок экенин жана аны КСДПнын маалымат кызматы таратканын белгилешкен. Бул болсо ишти түп тамырынан бери өзгөртөт.

Элдин атынан сүйлөө дагы саясатчылардын сүйүктүү иши. “Эл талап кылып жатат”, “эл нааразы” ж.б. Чындыгында бул эч кандай негизсиз сөздөр. Себеби эл деген бул менин коңшуларым, айылдаштарым, өлкө тургундары эмеспи. Бирок элдин атынан сүйлөгөндөр алардын санын эч качан айтпайт.

Атамбаевге байланышкан окуялардын айланасындагы маалыматтар азайганы менен, алдыда “ысык” күндөр келе жатат. Шайлоого аз калды, демек бизди жаңы фейктер, жаңы басымдар, жаңы чакырыктар күтүп жатышат. Саясатчылардын шайлоочулары алдындагы моралдык жоопкерчилиги актуалдуу болот. Биз болсо күрүч менен күрмөктү айырмалай билүүбүз керек.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.