УКМК: Чагымчыл тасма тараткан аял киши болуп чыкты

Окуялар тизмеги 21 Авг 2019 11:07
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу чагымчыл аудиобилдирүү тараткан аял аныкталганын кабарлады.

Маалыматка караганда, ал быйыл 25-августтан 13-сентябрга чейинки аралыкта өлкөдө жапырт башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан.

“Өзүнүн жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү социалдык түйүндөргө тез тарап кеткен. Профилактикалык маектешүүнүн жүрүшүндө ал өкүнүп, туура эмес иш кылганын мойнуна алды. Элден кечирим сурады” деп билдирди УКМК.

Августтун аягында Кыргызстанда башаламандык болору, ошондуктан азык-түлүктү эртерээк камдап алуу зарылдыгы тууралуу аудиобилдирүү соңку күндөрү WhatsApp мессенжери аркылуу тарап жатат.

Буга чейин да ушундай мүнөздө кабарлар тараганда УКМК бул үчүн адам жоопко тартылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.