Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларына баа берилет

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган эки кызматкеринин иш-аракетине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу УКМКнын Иликтөө башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

Ал Атамбаевге бөлүнгөн эки кызматкер мыйзам боюнча мурдагы президентти коргошу керек экенин, бирок Атамбаевди кармоого барган УКМКнын жоокерлеринин буйругуна баш ийүүгө милдеттүү болгонун билдирди.

— Тилекке каршы, алар Атамбаев менен бирге качып кетип, анын үйүнө жашынып алган. Муну менен алар бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талабына каршылык көрсөтүүгө шерик болуп калышты. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын аракетине юридикалык баа берилет, — деди Сагынбек Самидин уулу.

УКМКнын 9-башкармалыгынын эки кызматкери 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен кошо кармалган.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу