Абылгазиев: Өкмөттүк чечимдерди кабыл алууда Кыргызстандын жаш лидерлеринин ролу чоң

Окуялар тизмеги 27 Июл 2019 17:07
0 ой-пикир

Бул тууралуу КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан Кыргызстандын жана Россиянын жаштар лидерлеринин форумунда билдирди.

Премьер белгилегендей, мындай иш-чараларды өткөрүү өкмөт үчүн абдан кубанычтуу жана өзгөчө дем берет.

“Жеке мен үчүн жаштар менен жолугушканда жаңы идеялар, жашоого болгон жаңы көз караш түзүлөт. Алардын жетишкендиктерин көрүп, көйгөйлөрүн укканда ошол маселеге тереңирээк киресин. Бул кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууда абдан жардам берет. Силер абдан күчтүүсүңөр, келечекти өзгөртөм дегендердин алдында эч кандай тоскоолдуктар жок. Кыргыз жерине кош келиңиздер, достор”, — деди Абылгазиев.

Ал өзүнүн сөзүндө, эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуулары жакшы салтка айлангандыгын айтты. Буга чейин эле көп иш-чаралар өтүп, аларда жаштардын мүмкүнчулүктөрүн, алар эмнелер менен жолугушушат жана кайсы чөйрөлөрдө өнүгүүнү каалашарын талкуулашкандыгын айтты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.