Өкмөт: Мугалимдердин маянасы жана пенсия күзүндө көтөрүлөт

Окуялар тизмеги 25 Июл 2019 10:53
0 ой-пикир

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 1-сентябрдан тартып мугалимдердин айлыгы, ал эми 1-октябрдан тартып пенсия көтөрүлө турганын билдирди. Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында сүйлөп жатып, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү өкмөттүн жоопкерчилиги экенин белгиледи.

Премьер-министрдин маалыматында, 2008-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы 30% жогорулады. Мамлекеттик кадр кызматынын жана спорт машыктыруучуларынын эмгек акысы 50% жогорулаган.

Жыл башында Финансы министрлиги 2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда орточо айлыктын өсүшү 3,8 пайызды түзүп, 16 миң 218 сом деп эсептелгенин билдирген.

2018-жылы ноябрь айында Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы бир айдагы орточо эмгек акынын өлчөмү 15 миң 752 сом (226 доллар) сомду түзгөнүн кабарлаган. 2017-жылы бул көрсөткүч 14 миң 800 сом болчу.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.