Өлкөдө келгин куштардын саны көбөйдү

Окуялар тизмеги 24 Июл 2019 10:48
0 ой-пикир

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, өлкөгө сейрек кездешүүчү жапайы канаттуулардын 400гө жакын түрү учуп келгени байкалууда.

Учурда аталган агенттик сейрек куштарга кам көрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Учурда Кыргызстанда 400дөн ашуун жапайы жана сейрек кездешкен куштардын 57си Кызыл китепке киргизилген.

2018-жылы да Кыргызстандын аймагына учуп келген куштардын түрлөрү көбөйүп жатканы маалымдалган. Анда Соң-Көлдүн, Чатыр-Көлдүн жана Ысык-Көлдүн биосфералык аймагында коюлган фототузактардан алынган маалыматтар менен ушундай жыйынтыкка келишкен.

Окумуштуулардын эсебинде, Ысык-Көлдүн биосфералык коругунда эле бир нече кара кунас, 20 фламинго, 700 турна, 991 ак куу катталды. Ошондой эле жапайы өрдөк-каздар, карабаш шакылдак, куу кумпай (шахин), ителги жана бүркүттөр да бар.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.