Текебаевдин иши эмнеге каралбай калууда?

Саясий серепчи Эмил Жураев — атайын Еlgezit.kg үчүн

Өмүрбек Текебаев менен Дуйшөнкул Чотоновдун соттук ишин жаңы жагдайлар пайда болуусунун негизинде кайра кароо талабы май айында сотко берилип, 16-июлда каралаары жарыя болгон эле. Ал күнү кечки саатка белгиленген соттук жыйынга келгендерди анчейин жагымсыз кабар күтүп жатты. Сот иштин материалдарын карап чыгууга үлгүрбөй калганын себептеп, отурумду 21-августка жылдырып койду. Чын эле ошондойбу?

Албетте, бул жүйөөнүн чын экенине эч ким ишенбеди болушу керек. Көптөгөн томдор толтурулуп жазылганы менен, бул иштин ичинде анчейин маңыздуу материал көп деле эмес экенин байкоо салып жүргөн кишилер билип турушат. Өздөрү 16-июлга белгилеп, акыркы күнү дагы бир айдан ашык убакыт талап кылынаарын айткан соттордун деле мынчалык күтүүсүз үлгүрбөй калганына ишенүү кыйын. Маселе дыкат окуп чыгууда эмес, башка жерде болуп жүрбөсүн дегенде, бир топ жагдайлар ойго келет.

Текебаев менен Чотоновдун иши өзгөчө саясий мааниге ээ экени жалпыга түшүнүктүү. Андыктан, мындай ишти кантип чечиш керек дегенде, маселе жөн гана соттордун өз алдынча чечип койуусуна калтырылышын элестетүү өтө кыйын. Иштин материалы боюнча, кайра эле Атамбаевчесиге бурмалоого барышпаса, бул эки соттолуучуну актоо керек экени айкын: аларга коюлган күнөө боюнча эң негизги күбө – «миллион доллар пара бердим» деген кишинин өзүнүн жоопкерчилигин тергөөчүлөр сураган да жок – чет өлкөлүк ири аферист экенин кечээ эле өз өлкөсүнүн соту да тастыктады. Андан башка күбөлөрдүн баарысы түздөн-түз ошол аферисттин көрсөтмөсүнүн негизинде гана сүйлөгөн; аферистти тергөө материалынан алып салса, калган материалдар баарысы кагаздан турган үй сыяктуу урап калат. Айта берсе, бул иште тизмектелген көрсөтмөлөрдүн калп экени көчөдөгү итке деле дайын болуп калды. Текебаев менен Чотонов, же башка ким гана болбосун, кылмыш кылышса, ал бекем далилдениши керек, андай далилсиз миллион киши «алар кылмышкер!» деп бакырса да ал куру сөз, соттоого негиз боло албайт.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден берки эки жыл ичинде бул ишти эбак адилет жагына чечип койсо болор эле. Демек, андай болбой жатканында бир маани бар: Текебаевдин өзгөчө салмактуу, кыраакы, тажрыйбалуу саясатчы экени. Мындай денгээлдеги саясатчы досуң болгону жакшы, а эгер дос болушуна көзүң жетпесе, анда аны камоодо кармаган эле оң болот деген ой. Бирок, саясий коопсуздук үчүн кишини ыплас сот чечиминин негизинде камакта кармоо эч кимге эл алдында барк алып келбейт, аны да тиешелүү кишилер түшүнүп турушат. Андыктан, ар убакта бир колдоо сыяктанган, анын ишин кайра кароого жол ачык экенин туйдурган кадамдар ташталып жатат – бир туруп эл алдында ошол маанидеги сөз айтылат, бир туруп Текебаевге жакшы сөз менен телефон чалып коюшат, бир туруп анын ишин кароого алышып, берилген жаза ченемин азайткансып коюшат. Бир туруп, иштин мазмуну боюнча кайра кароо болот деп, аны белгисиз убакытка созушат. 21-август келгенде, ишти кароону кайра жылдырышса, же баштап коюп өтөөсүнө чыкпай создуктурса, таң калбагыла.

Мындай ыкма менен бир чети Текебаевди жана «Ата-Мекенчилерди» кечке үмүткөр кармап, ачык сынчыл, оппозициячыл тарапка өтүп кетүүсүнө жол бербей, бирок ошол эле кезде боштондукка чыгарып эркин саясий аракетке да жеткирбейбиз деген план болсо керек. Эгер бул чын болсо, ким мындай планды ойлоп тапса да, ал бүгүнкү бийликтин эртеңкисине ор казып, жакынкы эле келечекте бул стратегия чоң ката болуп чыгаарын билбеген киши болсо керек. Жакынкы эле арада

өлкө саясатында чоң сыноолор, татаал кырдаалдар пайда болушу ыктымал – Кыргызстанда мындай нерсе кез-кези менен боло жүрөт, андан акырында утуп чыккандар болот, утулуп калгандар болот. Утуп чыгуу үчүн, кайсы тарап болбосун, өзүнө күчтүү өнөктөш күтүп, каршы тарапка күчтүүлөр өтүп кетпөөсүн кепилдеп алуу – эң жөнөкөй саясий күрөштүн принциби. Ак-кара болуп бөлүнүп, кескин эки тараптуу саясат жүргүзүлсө, бул жарышта утуп чыккан тарап – агы болобу, карасы болобу – бат эле ичтен бөлүнүп, жаңы кризиске учурап калуусу мүмкүн экенин Кыргызстандын өз тарыхы да, эзелки Макиавелли сыяктуу саясат даанышмандары да көрсөтүп келет. Андай болбошу үчүн, күчтүү тарап аппак же капкара болбой, кайсы бир деңгээлде ар түрдүүлүккө, конструктивдүү плюрализмге, лоялдуу сын-пикирлерге жол берүүсү керек. Азыркы бараткан жол менен, андай плюрализмге жай калбай бараткансыйт.

Кырдаалды байкап турган Атамбаев да кез-кези менен үн катып, өзү бурмалап жатып, шаштырып соттоткон Текебаевге жан баскансып, аны мактагансып сүйлөп койгонун айта кетели. Эми, мурдагы өлкө башчынын деңгээлине, анын алдастоодо жеткен чегине таң калуунун өзү эси жоктук болуп калды. Ага кошула калган бир топ жакшы жигит-кыздарды, жаңы эле дос болуп, ал кишини туу тутуп, жакшы келечекке ушул киши бизди жетелейт деп калгандарды түшүнүүгө эки эле негиз бар – же алар күчтүү гипнозго кабылышты, же өзгөчө бир социалдык-илимий эксперимент коюп жатышат.

Анысы кантсе да, Атамбаевдин Текебаев жөнүндө минтип сүйлөгөнүндө кеминде эки маани бар. Бир чети, камакта отурган саясатчыны көптөгөн прогрессивдүү, сын пикир карманган, потенциалдуу оппозиция боло алган топтор колдошот – ал топторду аз болсо да өз тарабына буруп калуу, Текебаевдин маселесинде пайда болуп келаткан бийликке карата сын ойлордун толкунуна кыпчыла калуу бир максат. Башкача айтканда, адашып келген популисттик бир аракет.

Экинчи жагы, Текебаевди азыркы бийликке каршы, парламентке каршы мактап сыпаттоо – Атамбаевдин бийликке болгон сигналы: Текебаевди бошотсоңор ал биз тарапка келет, силерге оппозиция болчу күчтөргө кошулат деген эскертме. Чынында андай болбогон күндө да, «Текебаев силерге кошулбайт, силер ага тете эмессиңер» деген сыяктуу ой таштап койуу өзү да Атамбаевдин кызыкчылыгына туура келет. Анткени, боштондукка чыккан Текебаев Атамбаевге дос болбоосу айдан ачык болсо, Текебаев менен бийликтегилердин арасына ажырым салуу эң туура кадам. Камоодо калган Текебаев Атамбаев үчүн ар жагынан пайдалуураак.

Үчүнчү жагы, Атамбаев үчүн азыркы бийликти кайсы гана маселеде болбосун, терс жагынан сыпаттоо уткулуктуу эмеспи. Мен болсом камалган саясатчыны эбак чыгармакмын дегендей мааниде, Текебаев камактан чыкпай жатканы азыркы бийликтин адилетсиз экенин көрсөтүүдө деген ойду түртмөлөп жаткан болушу мүмкүн. Албетте, Атамбаев Текебаевдин ишин саясий адилетсиздик катары сыпаттаса, анда ал өзүнө каршы башталган ишти да, жакын жөөкөрлөрүнүн иштерин да Текебаевдикиндей эле саясий буюртма дегенге мүмкүнчүлүк алат.

Төртүнчү да жагы бар. Текебаевди өзү зор берип каматканын Атамбаев өзү билбей ким билсин. Андыктан, Текебаев ишенбесе да, калың эл арасында ишенгендер чыгаар деп, соттоткон былык иши ачыла электе «мыйзам катаал экен, катаал жаза берди, билсем аны жумшартмак элем», — дейт  алдын ала жоопкерчиликти сотторго, мыйзамга өткөрүп, өзүн көп нерседен бейкапар калган бир айкөл, жакшы киши катары сыпаттаганга аракети. Балким Текебаев эркиндикке чыгарылып калса, адилетсиздиктин баары менин мойнумда калбасын деп алдын алуу сыяктанган сөз.

Кыскасы, Текебаевди «мына-мына бошоп каласың, бир аз күтө тур» деген таризде белгисиз узаган мөөнөткө түрмөдө кармап турууну бийликтин кайсы бир стратегдери жакшы ыкма катары кармангандай. Атамбаевге болсо, Текебаевдин камакта кала берүүсү жакшы, ар жагынан караганда. Мурдагы президенттин тилегин берсе, азыркы президенттин кеңешчилери кыска мөөнөттүн эле аракети менен иштешсе, анда, арийне, Текебаевдин эркиндикке чыгуусу кечеңдей берет, ал кечеңдөөнүн чыныгы пайдасын мурдагы президент ала берет.

Же, мунун баары жок эле, эч саясатсыз эле, дайындалган соттор чындап азыр шашып-бушуп сот материалдарын окуп, айтылган күнү өзүнүн адилет чечимин чыгарышабы? Андайга ишенгендер да калган чыгаар.

Еlgezit.kg редакциясы макаланын маңызы үчүн жооп бейрбейт жана редакциянын көз карашын билдирбейт

Билдирүү калтыруу