Өзүн атып алган өзбек жоокеринин өлүмү иликтенип жатат

Окуялар тизмеги 17 Июл 2019 14:10
0 билдирүү

Өзбек-кыргыз чек арасын кайтарган өзбекстандык жоокер өзүн атып алганы кабарланды. «Азаттыктын» өзбек кызматы билдиргендей, Фергана менен Баткен облусуна чектеш Кувасай чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Бобир Мирзаев курсагына тийген октон 8-июлда каза болгон.

Бухаралык жоокердин атасы баласынын өлүмү жөнүндө эки башка маалымат берилгенин айтты. Коргонуу иштери боюнча Бухара шаардык бөлүмүнүн аткаминери жоокер өзүн атып алганын, табытты алып келген аскерлер каргашанын себеби беймаалым экенин билдиришкен. Мындан улам маркумдун атасында шек жаралып, баласы өзүн атып алганына ишенбей жатат.

Өзбекстандын Аскер прокуратурасы жоокердин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө киришти.

Cүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.