Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга кайсы максатта учуп кетти?

Окуялар тизмеги 09 Июл 2019 10:41
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцарияга учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жээнбековду Швейцариянын президенти Ули Маурер расмий визит менен чакырган.

Сапардын алкагында Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурер, Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушат. Анда соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестиция тартууга, парламенттик демократияны курууга басым жасоо менен эки тараптуу кыргыз-швейцариялык мамилелерди илгерилетүү маселелерин талкуулоо пландалууда.
Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Ошондой эле мамлекет башчысын бул расмий иш-сапарда төмөнкү топ коштоп жүрөрү белгилүү болду:

  • Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
  • Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
  • Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Данияр Мукашев;
  • Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров;
  • Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова;
  • Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков;
  • Экономика министри Санжар Муканбетов;
  • Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева;
  • Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.