Кубанычбек Нурматов: «Эсептөө палатасынын аудиторлорунун ыйгарым укук мөөнөтүн узартуу зарыл»

Окуялар тизмеги 08 Июл 2019 11:26
0 ой-пикир

Мыйзам долбоорунда Эсептөө палатасынын ишинин ачык-айкындуулугун, парламенттин алдында отчеттуулугун арттыруу максатында, мыйзамга бир катар жаӊы ченемдер да сунушталды. Мисалы, Эсептөө палатасынын аудиторлорунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу боюнча ченем каралган. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Нурматов «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуунун жүрүшүндө билдирди.

«Баш мыйзамдын талабына ылайык, Эсептөө палатасынын аудиторлор курамынын бир бөлүгү президент, бир бөлүгү парламенттик көпчүлүк, дагы бир бөлүгү парламенттик азчылык тарабынан сунушталат. Мындай ченем оппозициянын мамлекеттик аудиттин жогорку органын түзүүдөгү ролун жогорулатууга багытталган. Бирок, аудиторлордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү парламенттин чакырылышынын мөөнөтү дал келбегендиктен, оппозициянын өз укуктарынан толук пайдаланышына кедергисин тийгизет. Ошондуктан, аудиторлордун мөөнөтүн узартуу зарыл», — деди ал.

Булак: kenesh kg

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.