Суу алып кеткен өмүрлөр…

Loading...

Loading…

Акыркы күндөрү Кыргызстанда сууга чөгүп кеткен жаш жана өспүрүм балдардын саны көбөйүп жатат. Мектеп окуучулары учурда каникулга тарап, көпчүлүк бөлүгү үйлөрүндө же болбосо айылдарда эс алуу күндөрүн өткөзүшөт. Бул жагдайда алардын коопсуздугуна ким жооп берет? – Албетте, ата-эне. Эгерде кокус ооруп калса да ата-эне биринчи жооптуу болот. Бирок, тилекке каршы, айрым учурларда балдарыбызга көз сала албай, башка иштер менен алек болуп жатканыбыз өкүндүрбөй койбойт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги балдарды жалгыз калтырбай, аларга өтө кылдат мамиле жасоо керектигин эскертет.

Статистика эмне дейт?

Статистикага таянсак, быйыл башка жылдарга салыштырмалуу арты жаман окуя менен бүткөн окуялар көп катталды. Былтыр ушул маалга чейин 26 адам сууга чөгүп каза болгон, бүгүн ал сан 33 адамга жетти.

Анын ичинен 2018-жылы 12ге чыга элек беш баланын өлүмү катталса, быйыл 14кө жетти. Былтыр 12-18 жаштагы үч бала суудан ажал тапса, быйыл алты балага жетти. Айрыкча 18 жашка чыга элек балдар каза болууда. Быйыл апрель айында Ат-Башы каналына төрт жаштагы бала агып кетти. Аягында, баланын сөөгү Чу дарыясынан табылган. Сууга түшөм деген 6 жаштагы кыз да Нарындан сууга агып кетти. Ал эми, 2-июнда 3 жаштагы бала Суусамырда сууга агып, чарчап калды. Сөөктөрү ушул күнгө чейин табыла элек.

Статистикалык маалыматтарга караганда, соңку 3 жылда сууга чөгүп каза болгондордун саны кескин көбөйгөн. 2016-жылы сууга чөгүп 112 адам мерт кетсе, 2017-жылы 120 киши суунун курмандыгы болгон. Жалпы акыркы 6 жылда мындай кырсыктан жалпы сан 500дөн ашык киши мерт болгон.

Жай мезгили башталышы менен Ысык-Көл облусунда эки жаш өспүрүм сууга чөгүп каза болду

Үстүбүздөгү жылдын май-июнь айларында облустун аймагындагы көлмөлөрдө эки жаш өспүрүм чөгүшкөн. Алып айтканда, 28-май күнү Каракол-Пристань жериндеги көлдө 15-жашар жаш өспүрүм чөксө, бир айдан кийин Каракол шаарында төрт жашар наристе тез аккан арыктагы сууга кулап, каза болгон. Сууга чөгүп каза болгон балдар, ата-энелердин, же болбосо улуу адамдардын кароосуз калгандыгынан, мындай көрүнүш орун алгандыгы аныкталган.
Бүгүнкү күндө, облуста көлдүн жээгинде атайын пляждар уюштурулуп, коопсуз сууга түшүүгө аракеттер көрүлгөн. Ал эми, көлдүн жээктеринин башка жерлеринде сууга түшүү кооптуу болуп саналгандыктан, Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көрсөтмөсү менен облустун аймагындагы ушундай жерлеринде көзөмөлдү күчөтүү иштери колго алынууда.
Түп районунун милициясы мындай профилактикалык иштерге жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын өкүлдөрүн кеңири тартышып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө, көл жээгинде, ылдам агуучу суулардын жанында чоңдордун кароосуз жүрүшкөн жаш өспүрүмдөргө көңүл бурулууда.

Опубликовано Сталбек Усубакунов Вторник, 2 июля 2019 г.

Рейддин жүрүшүндө, ата-энелердин дагы да өз балдарына кайдыгер мамиледеги көрүнүштөрдүн аныкталганы өкүндүрөт.
Ушундан улам, Ысык-Көл ОИИБи дагы бир жолу ата-энелерге эскертип кетмекчи: «Кырсык-каш кабактын ортосунда»,-демекчи, балдарыңарды көлдүн жээгинде, ылдам агуучу суулардын жанында кароосуз калтырбагыла, — деп эскертет.

 

Кыргызстандагы сууга түшүүгө кооптуу жай катары Чүй дарыясы жана ЧоңЧүй каналы, Нарын менен ЖалалАбадда Нарын дарыясы, КараДарыя, КөкАрт дарыялары, Таласта Талас дарыясы кооптуу болуп саналат. Баткенде ТөртКүл суу сактагычына чөккөндөр көп болсо, ЫсыкКөл облусунда көлдүн өзү кооптуу болуп эсептелет. Ошто болсо АкБуура дарыясына чөккөндөрдүн саны арбын. Адистер дарыяларга жана каналдарга эмес, бассейндерге түшүүнү сунушташат. Себеби анда куткаруучулар бар. Бирок, ошого таянбастан, балдарга көз салып туруу абзел.

Бишкектин тургундарынын көбү балдарын Ысык-Көлгө алып барып эс алдырып келишет. Ал эми колунда жок, шарты жоктор, ысык аптапта айла жоктон Чоң чүй каналына барып эс алышат. Бул канал абдан кооптуу болуп саналгандыктан, ӨКМ эскертүү берип, түшпөй турган жактарга адамдар атайын же билбей барып түшүшөт.

Эгерде адам чаба курганды билбесе жээктен алыс кетпегени дурус. Бирөөнү туурайм деп алыс кетип калган болсо, адам сөзсүз жаман окуяга кабыл болот.

Ага карабай, жарым жылда ушунча адамдын каза болушун серепчилер трагедия катары мүнөздөп, алдын алуу чараларын мамлекеттик деңгээлде жүргүзүү керектигин айтышууда.

Аткаминердин жана анын айдоочусунун сөөгү да суудан табылды

Жайыл районунда Көкөмерен суусуна машинеси менен кошо агып кеткени айтылган эки кишинин сөөгү табылды. Алар 59 жаштагы М.А. аттуу жаран жана айдоочу экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маркумдар 2-июлда кечки саат 20.00дөр чамасында табылган. Алардын сөөктөрү милицияга өткөрүлдү.

Сууга агып кеткен унаадагы калган жарандар табыла элек.

Маалыматтарга караганда, дарыяга түшүп кеткен «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү автоунаада Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен келе жаткан. Азыр дагы үч киши изделип жатат. Алар Абдылдаевдин үй-бүлөсү экени айтылган.

Туугандарынын айтымында, машинеде беш киши (3 эркек, 1 аял, бир бала) бараткан. Алар акыркы жолу кырсык болгон аймакка жакын жерден телефондон байланышкан.

Маркум Молдакун Абдылдаев 2014-2018-жылдары президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

 

Назгүл Турдубекова, Балдарды коргоо лигасынын жетекчиси:

-Балдардын өмүрү, саламаттыгы ата-эне үчүн биринчи орунда турат. Албетте, балдардын коопсуздугу сакталбаса,  жаман окуя болуп кетиши мүмкүн. ӨКМ (Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги) ар кандай билдирүүлөрдү жана эскертүүлөрдү байма-бай берип туруусу керек. Алардын бюджетин көтөрүү абдан зарыл. Айрыкча, куткаруучулардын айлык маяналарын кыйла көтөрүү абзел. Ошону менен катар балдарды жолдо жүрүүнүн эрежелери менен бирге сууда сүзүүнүн эрежелери тууралуу маалыматтарды улам берип туруу керек.

Эң башкысы балдарды жалгыз калтырбоо керек. Эгер балдарын кароосуз калтырса, ошол ата-энелерге тийиштүү чараларды көрүү керек деп эсептейм. Андай ата-энелерди жоопкерчиликке тартуу керек.

Дегеле балдар эмес чоңдор да мындай “кайгылуу окуялардын каарманы” болуп калышууда. Эсиңиздерге салсак, былтыр белгилүү журналист Улан Эгизбаев да көлгө чөгүп кеткен.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгондор көбөйүп жатат. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жарандарга кайрылып, жайкы мезгилде сууга түшүүдө этият болууга чакырууда.

Мекеме шар аккан сууга, терең саздарга жана көлмөлөргө түшпөөгө кеңеш берип, сууда сүзө турган кемселдерди кийип алуу зарыл экенин эскертти. Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдиргендей, быйыл жыл башынан бери 57 адам сууга чөгүп кетти. Анын он сегизи 12 жашка чейинки балдар, он экиси өспүрүмдөр.

— Ошол 57 кишинин 30у жайкы мезгилде ар кандай себептер менен чөгүп кетишкен, — деди ал.

Ушул күндөрү чөнтөк телефондорго балдарды абайлоого чакырган эскертмелер жөнөтүлүп жатат.

2018-жылы Кыргызстанда 134 адам сууга чөгүп каза болгон. Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында кырсык көп катталган. Каза тапкандардын 80и адам жай мезгилинде сууга чөккөн.

  • Эгер жабыркаган адам эстен танбаса, тамырынын кагышы, дем алуусу кадимкидей болсо, демикпесе аны кургак, катуу нерсенин үстүнө башын эңкейиштете жаткырып, чечинтип, денесин сүлгү менен кургата аарчып, чай же кофе ичирип, жылуу жаап жаткырып коюу керек. Суудан алып чыкканда анын тамыры кадимкидей эле кагып, дем алса, бирок эс-учу жок болсо, башын чалкалатып, астыңкы жаагын ылдый тартып, оозунун ичин балыр, ылай, кусундудан тазалап (кол менен), этин кургата сүртүп, нашатырь спиртин жыттатып, дем алуусун активдештирүү үчүн тилин улам-улам тартып турган оң. Эгер жүрөгү согуп, бирок дем албаса, тезинен жогорудагы бардык чараны көрүп, «ооз менен оозго» же «ооз менен мурунга» жасалма дем алдыруу зарыл. Дем албаса, жүрөгү да сокпосо, жасалма дем алдыруу менен жүрөк массажын жасоо керек. Биринчи жардам көрсөткөндөн кийин жабыркаганды абалына карабастан жакын арадагы медициналык мекемесине жеткирүү зарыл, анткени бардык учурда, ал тургай жеңил жабыркаганда да оор кабылдоодон адам өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Кырсык болбош үчүн балдарды суу жээгинде кароосуз калтырбай, кайыктан сууга түшпөй, чектелген жерден ары кетпей, алкоголь ичимдиктерин ичкенде сууга түшпөй бардык эрежелерди так сактоо керек. Күнгө өтө ысып алып, айрыкча улгайган, жүрөк-кан тамыры оорулуулардын сууга түшүшү, ошондой эле тааныш эмес жерде сууга секирүү (айрыкча башы менен) өтө коркунучтуу. 

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Cүрөт WWW

Билдирүү калтыруу