Ирина Карамушкина: «Эгерде биз унчукпай отура берсек, эртең ар бирибизге кылмыш иши козголот»

Окуялар тизмеги 03 Июл 2019 16:55
0 билдирүү

Атамбаевдин тьарапташтары тарабынан уюштурулган митинг тынч өтүп жатат.

Учурда митинг медифорумдун алдында, миңдеген адамдардын катышуусунда өтүп жатат. Алгач, КСДПнын лидери Кундуз Жолдубаева ар бир облустун атып атап, келгендерди коштоду. Андан кийин  Фархад  Барпиев  сөз алып, ал айып пулдардын көбөйүп кетишин баса белгиледи. Ошондой эле ал азыркы бийлик бийликке даяр эмес келгенин жана өз программасы жок экенин баса белгиледи. Сөзүнүн аягында, ал бул бийлик «Кетсин!» деген урааны менен жыйынтыктады. Андан соң депутат Ирина Карамушкинага сөз берилип, бийлик элдин үнүн укпаса, митингге чыга беребиз деген сөзүн айтты. Эгерде биз унчукпай отура берсек, эртең ар бирибизге кылмыш иши козголот деп жар салды. Бийлик элдин үнүн угуш керек, — дейт ал. Митингден кийин атайын резолюция кабыл алынаары анык болду.

Митингге экс-президент өзү да катышып жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.