Чүй облусундагы Өкмөттүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен дайынсыз

Окуялар тизмеги 02 Июл 2019 12:48
0 билдирүү

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен дайынсыз экени кабарланды.

30-июнда Суусамырда Көкөмерен суусуна кулап кеткен жолтандабаста Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү болушу ыктымалдыгын облустук милициянын басма сөз кызматынан радиосуна билдиришти.

Милиция Абдылдаевдин туугандарынын айткандарына таянып тараткан маалыматка караганда, «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү машинеде беш киши бараткан. Алар акыркы жолу кырсык болгон аймакка жакын жерден телефондон байланышкан.

Үч күндөн бери аларды элүүдөн ашуун куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.