ВИДЕО: Алманбет Шыкмаматов: «Өмүркулов унчукпай эле отурса болмок»

Окуялар тизмеги 12 Июн 2019 14:22
0 ой-пикир

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкматов Иса Өмүркулов сүйлөбөй эле отурса болмок деди.

«Атамбаев – Атамбаев болуп турганда Текебаев аны кылмыш кылып жатат, жоопко тарталы деген. Ошондо Иса Өмүркулов ага каршы чыгып ” сен эмне деп жатасың? Атамбаев – Улут атасы!” деген Өмүркулов бүгүн 180 градуска бурулуп, эми сындап чыкканы туура эмес. Мен Атамбаевди коргогон жокмун, сөздү бурмалабагыла. Болгону Өмүркуловдун позициясын сындап жатам. Унчукпай эле отурса болмок”,- деп билдирди Шыкмаматов.

Бүгүнкү ЖКнын жыйынында Алмазбек Атамбаевдин өткөн жумада митингде айтылган сөздөрүнө комментарийлер айтылды. Депутаттардын көпчүлүгү анын сөздөрүн сындап чыгышты. Алардын катарында төрага Дастан Жумабеков, Кожобек Рыспаев, Жанар Акаев жана башкалар бар.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.