Футбол: Бүгүн Кыргызстан курама командасы менен Палестина ойнойт

Окуялар тизмеги 11 Июн 2019 11:19
0 ой-пикир

Кыргызстандын курама командасынын Азия Кубогунан кийинки өз талаасында өткөрүп жаткан алгачкы беттеши.

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Палестина менен ойнойт. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот, кечки саат 20:00дө башталат.

Буга чейин Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары өз ара 5 жолу беттешке чыгышкан. Жыйынтыгында эки ирет тең ойношсо, эки ирет Кыргызстандын жеңиши менен аяктап, бир жолу жеңиш Палестинанын курама командасы тарабында болгон.

Бул жолдоштук беттеш улуттук курама команданын 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдыгы болуп саналат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.