Мени камашпаса Атамбаевге импичмент жарыяланмак

Аналитика, Интервью, Статьялар 18 Апр 2019 12:47
0 ой-пикир
Elgezit.kg Өмүрбек Текебаев менен болгон маекти улантат. — Бул жума Сиздин жакындарыңыз, тарапташтарыңыз жана жеке өзүңүз үчүн өзгөчө апта. 23-апрелде сот Сиздин ишиңизди карайт. Ошол эле күнү Бишкектеги эски аянтта “Ата Мекен” партиясы митинг өткөрөрүн билдирди. Аны өткөрүүгө мэрия тарабынан уруксат алынганы дагы жарыяланды, демек, митинг болот. Митингдин негизги талаптары Сизди, Дүйшөн Чотоновду, Садыр Жапаровду актап, камактан бошотуу болору күтүлүүдө. Мындай талаптар эмнеге негизделген? —Биринчиден, биздин митинг тынчтык акциясы экенин белгилеп кетейин. Экинчиден, эч ким бийликке ультиматум койбойт, бул өтө маанилүү. Биз Кыргызстанда сот жана укук коргоо системалары реформага муктаж экени тууралуу бийликке белги берели деп жатабыз. Жана бул реформаларды болушунча тез ишке ашыруу керек. Ошондуктан алдыда боло турчу митинг Текебаевди, Чотоновду, Жапаровду гана актоо эмес, анын мааниси тереңде. Биздин тарапташтар мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келишет. Ак үйдүн буйругу менен же пара алуу менен маселени чечкен сот тармагынын курмандыгы мен эле эмесмин. Андайлар ондоп, жүздөп саналат. Биздин митинг сот системасынан жана тергөө органдарынан жабыркагандардын пайдасына карата өткөрүлөт. Биздин иш башка сот процесстеринин катализатору болуп калышы мүмкүн. Ал эми митингдеги талаптардын бири болгон Чотоновду, Жапаровду жана мени бошотуу бул кадимки көрүнүш. Бизге карата ачылган иш толугу менен жасалма. Ушунчалык одоно жана копол жасалган иш экенине жана менин күнөөм жок экенине, кылмыш ишинде, тергөөдө, сот процесстеринде саясий мотивдер бар экенине мени анча жактыра бербеген адамдардын дагы көзү жетти. Процесстер массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылып жатты, бул үчүн аларга ыраазычылык билдирем. Бүтүндөй өлкө бул жасалма иш экенине күбө болушту. Баардык коомдук-саясий күчтөр өз позицияларын билдиришти. Парламенттин фракция лидерлеринин баары бизди колдошту. Роза Отунбаева, Феликс Кулов, Темир Сариев, Абдыганы Эркебаев, Медеткан Шеримкулов сыяктуу көптөгөн мамлекеттик ишмерлер, андан сырткары жарандык сектордун лидерлери дагы бизди колдошту. АКШнын мамлекеттик департаменти дагы биздин пайдабызга билдирүү таратты. Биздин кайрылуубуз БУУнун адам укугу боюнча комитетинде катталган жана каралмакчы. Алар дагы тергөө маалында, сот процесстеринде Конституция, башка мыйзамдар, биздин укуктарыбыз одоно бузулганын көрүшөт деп ойлойм. — Сизге карата кылмыш иши Атамбаев менен болгон конфликттен кийин козголгону сыр эмес. Бирок башында “Белизгейт” деген болгон эле… — Мен мурда айткандай, Атамбаев менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн араздашуусу 2016-жылдын 31-августунда Эгемендүүлүк майрамында ачыкка чыкканын айткам. Атамбаевдин Роза Исаковнанын дарегине карата айтылган ачуу сөздөрүнөн кийинки күнү мен парламентте билдирүү жасадым. “Ата Мекен” партиясынан Атамбаевге коркунуч жарала баштады, себеби биз парламентте болчубуз жана парламенттик куралдарды колдоно алмакпыз. Атамбаев өзү иштеп чыгып, УКМКнын башчысы Сегизбаевге “Белизгейт” тууралуу тапшырма берген. Эсиңиздерде болсо, ошол маалда Абдиль Сегизбаев мени, Алмамбет Шыкмаматовду, Аида Салянованы Альфа-Телекомдун 51% акцияларын Максим Бакиевге сатууга аракет кылышты деп күнөөлөгөн. Өз сөзүнүн далили катары Сегизбаев Белиздеги органдардан расмий кагаз алгандыгын айтып, көрсөткөн. Бул иш дагы атайылап жасалган. Сүрөттө: УКМКнын төрагасы Абдиль Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге “Белизден келген кагаздарды берүүдө”. 14.11.2016. Elgezit.kg маалыматы: “Белизгейттен” 2 жыл өткөндөн кийин, 2018-жылдын 14-сентябрында “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында депутаттарга УКМКнын өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мусуралиев УКМК Белизге кайрадан кат жөнөткөнүн жана алардан келген жооп Сегизбаевдин сөзүн толугу менен жокко чыгарганын билдирген. Башкача айтканда, Текебаев, Шыкмаматов, Салянова эч качан уюлдук оператордун акцияларына ээ болушкан эмес жана 2016-жылы УКМК Белизден эч кандай документтерди алган эмес. “Азаттык” радиосуна жана “Супер инфо” гезитине берген маегинде УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдиль Сегизбаев: “2016-жылы кагаздарды текшерүүгө аракет кылдык. Тилекке каршы, Белизден так маалымат алуу кыйын болду. Жооп ала алган жокпуз. Биз муну “кыйыр далилдер” деп атаганбыз, жооп алууга аракет кылдык”-деген. Бирок, 2016-жылы бүтүндөй өлкө Сегизбаев Белизден келген бул документтер так экенин билдиргенине күбө болгон. Ошол эле маегинде Сегизбаев “ата мекенчилерди” эч ким күнөөлөбөгөнүн, УКМК болгону “Мегакомдогу” коррупция тууралуу маалыматты текшергенин билдирген. Бул иш “Уотергейтке” окшош болгондуктан “Белизгейт” аталып калган. Биздин “Белизгейт” америкалык “Уотергейтке” аталышы менен гана эмес, мааниси менен да окшош болгон. Америкада дагы Кыргызстанда дагы президент өзүнүн атаандаштарына карата атайын кызматтарды колдонгон. Америкада демократиялык партиянын штабына тыңшоолорду уюштурушса, бизде болсо Атамбаевдин оппоненттерин каралоо үчүн жасалма кагаздарды көрсөтүштү. Эки учурда тең президент баарынан кабардар болгон болсо, бизде президент коомчулук алдында түз буйруктарды берип турду. Ошондуктан Кыргызстанда дагы Америкадагыдай натыйжалар күтүп турган. Ал жакта “Уотергейт” чуусу Ричард Никсондун отставкасы менен аяктаган. Бизде Атамбаевге импичмент жарыяланышы керек болчу. “Белизгейттен” сырткары биздин фракция Конституцияны бузган жана Атамбаев бийликти узурпациялоого аракет кылганы боюнча ондогон фактыларды тапкан. Ошентип, биз ага импичмент жарыялоо ишинин үстүндө иштеп баштадык. Ошондуктан ал “Мегаком” боюнча башка ишти ойлоп тапканга аракет кылды. Узурпациядан сырткары биз Атамбаев жана анын айланасындагылар кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланганын билип баштадык. Анын ичинде мародерчулук фактылары да бар болчу. Кыргызстанда 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин мародерчулук деп Бакиевдин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын бизнесин, кыймылсыз мүлктөрүн азыркы саясатчылар менчиктеп алганын атап калдык. Бул жерде Атамбаев менен жакындары тарабынан жасалган мародерчулук фактыларын таптык. Алар Максим Бакиевдин мүлктөрүнө жана бизнестерине ээлик кылып алышканы белгилүү болду. —Сизди саясий айдыңдан четтетүү үчүн кандай чара ойлоп табышканын окурмандардын эсине сала кетпейлиби… — Мени жана Чотоновду 2010-жылы Россиянын жарандары Леонид Маевский жана Алексей Модин менен жолугушуп, аларга Альфа-Телекомдун акцияларын алууга жардам беребиз деп сөз берип, ал үчүн 1 млн доллар сураган деп айыптап чыгышты. Профессордон баштап, үй кожейкелерине чейин айыптоо үчүн негиздер керек экенин билишет. Тактап айтканда, кылмыш кылганы тууралуу факты, аны кылган жери, аны кандай жол менен кылганы аныкталышы керек. Анан албетте, жүйө болушу керек. Тергөө жана сот 2010-жылдын 13-майында саат 14:00дөн 15:00гө чейин мен Маевский менен Өкмөттөгү 306-кабинетте жолукканымды айтып жатат. Тергөө эмнегедир кылмыш жасалган күн катары 13-майды тандап алыптыр. Бул алардын чоң катасы болду. Себеби 12-13-май күндөрү Бишкекте жана түштүктө контрреволюциялык төңкөрүш жасоо аракеттери болгон. Ошондуктан бул күндөр расмий дагы, расмий эмес дагы документтерде ар бир мүнөтү жазылган. Реваншисттер түштүк облустардын баарын басып алышкан. Биз тез арада Убактылуу өкмөттүн жыйынына чогулганбыз. Саат 14:00дөн баштап Роза Исаковнанын кабинетинде жыйында болчубуз. Тергөөчүлөр айтып жаткан маалда мен Маевский жана Модин менен жолугуша албайт болчумун. Убактылуу өкмөттүн төрагасы дагы жана башка мүчөлөр мен жыйынга катышканымды тастыктап беришти. Бул тууралуу жыйындын протоколунда да жазылган. Мамлекеттик күзөт кызматынан баштап жардамчыларга чейин күбөлөр толтура. Бирок сот бул көрсөтмөлөрдү эске албай жатат. Карабай эле, баа бербей эле. Көңул сыртында калтырууда. Сүрөттө: Ө.Текебаев жана Д.Чотонов чечим угузулуп жаткан маалда Андан ары барсак. Сот 13-майда кечинде мен, Маевский жана Модин “Супара” ресторанында жолукканыбызды айтып, ал жакта бизди Чотонов күтүп турганын, 2 саат бою Мегакомдун акцияларын сатууну талкуулаганыбызды айтып жатат. Бул жерде ал маалда Мегаком улутташтырыла электигин белгилеп кетүү маанилүү. Ошондуктан, бул компаниянын акцияларын сатуу тууралуу сөз да болбошу керек. Ошондой эле 13-майда саат бештен баштап 20:30га чейин мен конституциялык жыйынга катышканым боюнча далилдер бар. Ондогон күбөлөр, стенограмма, видео жазуулар бар. Бул маалда мен “Супарага” бара алмак эмесмин. Бирок сот кайрадан эле күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, стенограмманы, видео жазууларды карабай жатат. Бул далилдер жоктой эле мамиле кылууда. Elgezit.kg маалыматы: 2017-жылдын 25-февралында түн ичинде Өмүрбек Текебаев ЕККУнун Парламенттик ассамблеясына катышып Венадан Бишкекке учуп келген. “Манас” аба майданына учак конордон мурда эле милиция кызматкерлери ал жакка тартылган. Текебаев учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери барып, саясатчыны кармап кетишкен. Күч колдонгон милиция кызматкерлери Текебаевдин тарапташтарын, анын ичинде депутаттарды да кармап кетишкен. Аларды мурда дайындалган автобустарга отургузуп, РИИБге алып келишкен. Кармалгандардын арасында журналисттер да бар болчу. 26-февралда Дүйшөн Чотонов камалган. Тергөөнүн версиясы боюнча Чотонов 13-майда кечинде “Супара” ресторанында Маевский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок дал ошол күнү саат 17:21де Чотонов ӨКМнын жетекчиси катары офицерлер тобу менен бирге Фрунзе-1 аскердик аба майданынан абалды жөнгө салуу үчүн Ошко учуп кетишкен. Муну ондогон күбөлөр тастыктап беришти. Сооронбай Жээнбеков да тастыктап бере алат. Ал Ош облусунун губернатору болчу жана ал учурда түштүктө кандай абал болгонун жакшы билет. “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын каты да бар. Ишке Модиндин борбордо болгону тууралуу телефон табуляграммасы да бар. Ал жерде Модин дайыма кыймылда болгону бирок “Супара” ресторанынын аймагында болбогонун көрсө болот. Демек, сот айтып жаткан “кылмыштын” баардык катышуучулары “кылмыш” болгон жерде, тергөө атаган убакта болгон эмес. Дагы бир жагдай бар. Тергөө иштеринде көрсөтүлгөн жана мени Маевский менен жолукту делген Өкмөт үйүндөгү 306-кабинет эч качан меники болгон эмес. 2010-жылдын 13-майында бул кабинетте Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары Алмазбек Атамбаев отурчу. Буга ондогон күбөлөр бар. Сот бул кабинет меники болгонун айтып келет. Эң башкы жагдай. Кылмыш болгонбу? Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун “Кызматтык кылмыштарды кароо тартиби” тууралуу чечими бар. Анда: сот биринчи кезекте күнөөлөнүп жаткан аткаминердин компетенциясына эмнелер кирерин аныкташы керек. Менин компетенцияма конституциялык жыйындарды өткөрүү кирчү. Менин милдетим мамлекеттик менчиктерди башкаруу кирчү эмес. Бул 306-кабинетте отурган Атамбаевдин компетенциясына кирчү. Мамлекеттик менчиктер Чотоновдун дагы компетенциясына кирчү эмес. Жогорку Сот Пленуму сотторго мындай кеңеш берген: компетенцияны аныктагандан кийин аткаминерлер бул кылмышка багытталган кандай аракеттерди кылганын аныктагыла. Тергөө дагы, сот дагы мен жана Чотонов Мегакомду менчиктештирүү боюнча эч кандай аракеттерди көргөнүбүздү аныктаган жок. Себеби биз мамлекеттик менчикке кийлигише албайт болчубуз. Бул жерден кылмыш жасоо фактысын, ордун, убактысын карай турган болсок, бизде темирдей бекем алиби бар. Ошондой эле 50дөн ашуун күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, 60тан ашуун документтер дагы биз кылмышка барбаганыбызды далилдеп турат. — Келиңиз акча тууралуу кеп кылалы. Сот сиз 2 транш менен Маевскийден миллион доллар алганыңызды айтып жатат… Өмүрбек Текебаев менен болгон маек абдан көлөмдүү болгондуктан Elgezit.kg редакциясы маекти эки бөлүп берүүнү туура көрдү. “Ата Мекендин” камактагы лидери менен болгон маектин уландысын биздин сайттан эртең окуй аласыз.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.