Садык Шер-Нияз, эл өкүлү: «Кийинки шайлоого катышпайм»

«Ата Мекен» партиясынан депутат Садык Шер-Нияз өзү маданияттын өкүлү болгондуктан, бул тармакты тийиштүү деңгээлге көтөрүүгө бүт аракетин жумшаганын парламентте көтөргөн маселелерден билсек болот. Манасчылык, төкмөлүк өнөрдүн аркасынан кино өнөрүн жанданткан, Кыргызстанда кино тармагын көтөрүүгө күйүп-бышкан инсандардын бири. Ижарага берилген маданий мекемелердин түшкөн акчасынын 30% Мүлк фонду алып коерун, Садык Шернияз муну өзгөртүп, ушул акчаны 100% маданияттын өзүнө калтырууну депутат катары сунуштаган, ошону менен бирге эле бөйрөгү ооругандардын, гемодиализде жаткандардын проблемаларын чечүү маселелерин көтөргөнү жалпыга маалым.

Депутат Жогорку Кеңештин  кийинки шайлоолорго катышпаарын Еlgezit.kg электрондук гезитине билдирди.

— Жогорку Кеңештин депутаты болуп «Ата Мекен» партиясынан шайланып, беш жыл иштедиңиз. Кийинки шайлоого катышайын деген оюңуз барбы?

— Саясатчы болуу менин колуман келбейт экен. Негизи эле маданиятта жүргөн адамдар, саясаттан алыс эле болгону дурус. Бирок, маданиятты өнүктүрүүгө  болгон салымын жумшаган депутат катары бул жаатта Жогорку Кеңеште бир топ мыйзамдардын кабыл алуусун көтөргөм.

— Сиз көтөргөн маселелерге токтоло кетсеңиз?

— Маданиятта тендер маселесин болбошу керек деп эсептейм. Тендер, мамлекеттик сатып алуулар деп жатып, биз маданиятыбызды солгундатып алабыз. Учурда бул тендер маселеси 2-окууда каралып жатат. Аталган маселени мен кесиптештериме да түшүндүрүүгө аракет жасадым. Ошондой эле мен көтөргөн маселелердин бири бул улуттук кинолорубузду көтөрүү болуп эсептелинет. Негизи эле, кинолордон мамлекет 12% (кошумча нарк салыгы) алат. Кинолор бул салыкты төлөйбүз деп жатып, көбү эле банкрот болуп калышууда.

Учурда биз союз мезгилиндеги доорду кечирип жатабыз. Эч кандай жылыш жок. Маданиятта дагы ,адабият дагы чоң кризиске дуушар болууда. Мына ошол кризистен чыгышыбыз абзел.

— Бир топ жылдардан бери «Айтыш» коомдук фондун жетектеп келесиз. Ошону менен катар мыкты тасма тартканга да жетиштиңиз. Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

— Ар бир долбоор чоң каражат талап кылат. Пландар көп. Анын баарын ишке ашыруу үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Алсак, «Манас» тасмасын тартууга далалат кылып турам. Мына ошого болгон күч-аракетимди жумшайм. «Манас» тасмасы боюнча дайындоо процесстерине ишааратыбыз жүрүп жатат. Буюрса, жардам берилип, демөөрчүлөр табылса, мыкты тасма тартабыз деген үмүт бар.

— Маегиңизге ыраазычылык билдирем. Сизден жаңы тасмаларды күтөбүз.

-Рахмат.

Маектешкен Жазгүл Урмамбетова,

Еlgezit.kg редакциясы

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Cүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу