«Акнеттин»- «былыктарын» ИИМ текшерет

Окуялар тизмеги 15 Апр 2019 12:47
0 билдирүү

«Акнет» компаниясына козголгон иштерди Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы иликтейт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тергөө бөлүмү кыскарткан беш кылмыш ишин кайра жандантып, аны иликтөөнү 28-мартта ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берди.

Каржы полиция «Акнетке» каршы Жазык кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмү («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу»), 232-беренеси 2-бөлүмү («Уюмдардын бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу»), 253-беренесинин 2-бөлүмү («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») жана 337-беренеси («Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу») менен иш козгогон.

Финполиция былтыр ноябрь айында Бишкектеги «Акнет» телекоммуникациялык компаниясынын башкы кеңсесин текшерүүгө алган.

Текшерүүчү орган аталган фирманын үстүнөн ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү боюнча арыз түшкөнүн кабарлаган. Азыркы учурда, жогорудагы кылмыш ишин калыс иликтөө максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Иликтөөнүн жүрүшү боюнча кошумча маалымдайбыз. ИИМдин Басма сөз кызматы 

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.