Отунбаеванын маегинин изи менен…

Аналитика, Саясат 07 Апр 2019 15:12
0 ой-пикир

Роза Отунбаеванын «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнө берген маеги акыркы күндө кызуу талкууланууда. ММКлар аны абзацтарга бөлүп, кыска жаңылык кылып да берүүгө жетишишти. Социалдык тармактар Отунбаеванын маегин топко чыгарды. Бул маектин өзгөчөлүгү эмнеде?

Отунбаева эмнелерди айтты?

Атамбаев тууралуу:

· 2009-жылы өлкөнүн президенти болуу үчүн Атамбаевде саясий лидердин сапаты бар болчу. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү аны президенттикке сунушташканда анын көз караштары такыр башкача болчу. Бирок ошол маалда эле өлкө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда четте карап турчу. Мисалы, Ош окуялары учурунда Атамбаев жоопкерчиликти башкаларга жүктөөгө аракет кылды.

· Атамбаевдин командасы Фарид Ниязов менен эле шоопур болчу. Алардын акылы менен жүрүп, мына эми саясий туңгуюкка кептелди. Аягында жанында эки-үч гана партиялашы калды, башка эч ким калган жок.

· Атамбаев партиянын ичиндеги иштерге катышпайт. Чоң жыйындарга келип эле кайкайып сөз сүйлөп коюп, өзүн гана даңазалап кетип калат.

· Азыр Атамбаев өз убагында саясий куугунтукка кабылгандарга болушуп, өзүн “периште” көрсөтүп жатат. Мисалы, Бабановдун Кыргызстанга келишин колдоп жатат. Бирок бул укуктарга каршы аракеттер эбак эле жасалган, демек Атамбаев бул үчүн жооп бериши керек.

· Атамбаев өзүн клан менен күрөшкөн киши катары көрсөтүп жатат. Бирок өзү бийликке саясий кланды алып келген, шоопурларын, катчыларын, жан сакчыларын, алар мамлекеттик кызмат системасында баш айланткан карьера жасашты. Туугандары (Атамбаевдин-ред.) дагы анын башкаруусу учурунда жакшы эле иштешти.

· Атамбаевди баары түшүнүп калышты. Президент кызматына Жээнбековду алып келүү менен кандай планды түзгөнүн баары эбак эле түшүнгөн.

КСДП тууралуу:

· Атамбаев бар жана Атамбаевсиз КСДПга өтө көп көңүл бурулуп жатат.

· КСДПнын бөлүнүп жатканы Атамбаевдин жеке сапаттарынын жыйынтыгы, анын 6 жылдык ишинин натыйжасы.

Жээнбековдор тууралуу:

· Жээнбековдор – жакшы үй-бүлөдөн чыккан жана мыкты тарбия алышкан. Мындан сырткары, партиялык тартип дегенди билишет.

· Сооронбай Жээнбеков Асылбектин сөзүн угуп иш кылат деген болбогон сөз.

· Азырынча үй-бүлөлүк кландык башкаруу тенденциясы байкала элек.

· Парламент Асылбек Жээнбековду угат деген жөн гана сөздөр. Асылбек Жээнбеков КСДПдан жакшы ой менен чыкты. Ар кандай сөздөрдөн алыс болоюн деген кадам.

· Жээнбековдор КСДП үчүн көп иштерди жасашты. 2008-жылы шайлоо болгондо КСДПнын түштүктө жада калса кеңсеси жок болчу. Асылбек келип, анын жардамы менен штаб ачылып, анын достору жана тарапташтары келишкен.

· Жээнбековдор КСДПнын жеңишине чоң салым кошушканы — бул факт.

Өлкөдөгү абал жана Жээнбековдун президенттиги жөнүндө

· Өлкөдө өзгөрүү, жыйынтык болгон жок, үмүт жок. Ошондуктан элдер Путинге кайрылып жатышат. Жакында Си Цзиньпинге кат жазып башташат. Бул саясий лидердин жоктугунан улам болуп жатат.

· Жээнбеков бир жарым жылдан бери бийликте, бирок азыркыга чейин анын программасын билбейбиз. Анын стратегиясы барбы билбейбиз.

· Өкмөт алсыз. Мисалы, Экономика министрлиги такыр иштебей эле. Айыл-чарба министрлиги дагы чабал.

· Кыргызстан Россия менен болгон өнөктөштүктөн баш тарта албайт, себеби ал жакта көптөгөн мигранттар иштешет.

· Президент Текебаевге байланышкан маселени чече алат жана чечиши керек. Эми эл Текебаев камакта жатканы үчүн Атамбаевди эмес, Жээнбековду күнөөлөп башташат.

· Коомчулук Райым Матраимовдун жоопкерчиликке тартылышын күтүп жатат. Ал коомдун жана Жээнбековдун оппоненттеринин кыжырын келтирип баштады. Матраимовго байланышкан маселеде Жээнбеков саясий эркин көрсөтүшү керек.

Эмнеге бул маанилүү?

Роза Отунбаева бир караган кишиге эч кандай жаңы, сенсация боло турган нерсени айткан жок. Мунун баары прессада эбактан бери эле жазылып келет. Эмнеге Отунбаеванын бул маеги резонанс жаратты? Себеби программанын форматы жана Отунбаеванын жооптору ММКда, Фейсбукта ж.б. жерлерде айтылып жүргөн маселелердин баарын бир материалга топтоду. Отунбаеванын ишин жана өзүн сындагандар болгону менен ал көпчүлүк үчүн моралдык авторитет бойдон калууда жана анын пикири маанилүү, аны эл угат. Ошондуктан Отунбаеванын Сооронбай Жээнбеков президент болгондон бери алгачкы жолу сындаганы маектеги маанилүү пикир болуп калды. Анын үстүнө бул маек бийликтин долбоору катары саналган Атамбаевсиз КСДПнын съезди өтүп жатканда маалында алынды. Саясий эксперттер Атамбаевсиз КСДП долбоор катары Атамбаевге атаандаштык жаратуу үчүн эмес, юридикалык талаш-тартыштардын себеби болуусу үчүн түзүлгөнүн айтып келишет.

Отунбаеванын маеги иш туура багытта кетпей жатканы тууралуу бийликке белги болушу керек. Коомчулук стагнацияда турат. Өзгөрүүлөрдү күтүү бара-бара нааразычылыкка айланып кетиши ыктымал. Бул тренд болуп бара жатат жана күтүлбөгөн жагдайларга алып келиши ыктымал. Жээнбековдун командасы алысты көрө билип, жакын арада резонанс жараткан суроолорго жооп бериши зарыл. Роза Отунбаева айткан коомчулуктун суроолоруна жооп бериши керек.

Атайын Elgezit.kg редакциясы үчүн

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.