Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынын тизмесинен чыкты (видео)

Саясат 03 Апр 2019 10:34
0 ой-пикир

Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында расмий билдирди.

Асылбек Жээнбеков аталган партияда «бир адамдын диктатурасы орноп калды» деп, «Кыргызстандагы алдыңкы партиялардын бири, өзүм жан дилим менен аралашып, калыптандырган уюмдун учурдагы абалы жүрөгүмдү оорутуп, зээнимди кейитип турат. КСДПнын тегерегинде жүрүп жаткан окуялар мамлекеттин жаркын келечегине кедергисин тийгизбеши абзел» деген оюн кошумчалады.

КСДП партиясы азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Асылбек Жээнбеков 2007-жылдан бери КСДП өкүлү катары парламент депутаты. Эки жолу төрагасы болгон. Бирок, ал партиядан чыкканы менен депутаттык ишмердүүлүгүн уланта берерин айтты.

КСДПны Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жетектейт. Жээнбеков КСДП фракциясынын депутаты боюнча калаары дагы белгилүү болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.