Сабыр Муканбетов, саясий серепчи: «Бабанов менен Ташиев абактагы Текебаев, Жапаров жаны ачып турган Мадумаров кошулуп жатат»

Аналитика, Саясат 01 Апр 2019 14:08
0 ой-пикир

– Сабыр байке салам алейкум. Бабановдун өлкөгө келиши катуу дүң болууда. Камчыбек Ташиев аны менен жолугуп, сүрөткө түшкөнү, жакында көрүшөбүз дегени саясатты кызытты. Бабановдун өлкөгө келиши кимдин чырагына май тамызат?

– Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келээри тууралуу бир топтон бери кеп болуп, миңдеген адамдар аэропортто, борбордук аянтта тосуп алышаары уюштурулуп жатканы айтылып, бирок келээр-келбеси арсар өңдөнүп жаткан. Анан эле Камчыбек Ташиев экөө Москвада кучакташып сүрөткө түшүп, элдешип, биригип, элди таңдандырып, анан -“все только начинается” деп табышмак ыргытышты.

Маалымат айдыңында Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитин утурлай,“Бабанов келет экен” деген тема эфирден кайрадан жаңырып, “эки дос” пиарга карк болушту.

Деген менен, менин оюмча булардын биригүүгө бел байлап жатышынын эң негизги себеби бул 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого байланыштуу десек жаңылбайбыз. Алдыдагы шайлоо саясый партияларды биригүүгө мажбурлайт. Анткени жалгыз-жарым 9% шайлоо порогунан өтүш кыйын. Андыктан, менин угушума караганда бул альянс кеңейтилип, жаны ачып турган Адахан Мадумаров, камактагы Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров ж.б. кошулуп жатышат.

Өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдогон Камчыбек Ташиев деле, канчалык,-“мен шайлоодо президентти бирдеңке үмүт этип колдогон эмесмин”-дегени менен, шайлоодон кийинки ага карата болгон бийликтин сунуштарына көнбөй, мамилесине нааразы болгонсуп жүрдү, анан убакыттын өтүшү менен шайлоо жакындаганын эске алып, ушундай, “өз киндигимди өзүм кесейин” дегендей кадамдарга бара баштады десек болот.

Ал эми, кылмыш иши козголуп, өлкөгө келе албай жүргөн Өмүрбек Бабановго шайлоодон да мурун кыргызстандыктардын колдоосу аба менен суудай керек болуп турган. Бабановдун качан келээрин өзү да, бул жактагы маалымат жыйынын өткөргөн колдоочулары да ачык айта алган жок. Баштагыдай эле, баш-аягы жок “келем” деген сөз бойдон калды.

Кеп чынында Өмүрбек Бабанов эртең келеби, бүрсүгүнү келеби (?), ал анча маанилүү эмес, бул жерде саясый күчтөрдүн биригип жатканы, анан алардын Бабановду колдоп жатканы, мындай окуялар Атамбаевге майдай жагаары, азыркы бийликке каршы күчтүү оппонент жаралып жатканы, мына ушу жагдайлар маанилүү.

Бул экөөнүн биригиши Алмазбек Атамбаевге кооптуу эмес, тетирисинче анын чырагына май таамп, булар менен биригип, эриш-аркак иш кыла албаса да тымызын колдоого алып, учурда аны менен кызматташып жаткандарды бул экөөнө кошулууга багыттап, каржылоого даяр экендигин билдирери шексиз. Анткени азыркы бийликке тап берип, ага каршы чыга турган күчтөрдү уюштура албай убара болуп жатканын көрүп жатабыз. Ал үчүн биринчи кезекте, кимди колдонуп болсо да Сооронбай Жээнбековдон өч алуу алдыңкы планда турат.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.