Кыргыз-Орус алакасы: Макулдашуулардын суммасы 6 млрд. доллардан ашат

Окуялар тизмеги 28 Мар 2019 14:10
0 билдирүү

Орус президенти Владимир Путиндин Бишкектеги сапарынын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын компанияларынын ортосундагы кол коюла турган инвестициялык жана экспорттук макулдашуулардын суммасы 6 млрд. доллардан ашат. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов Орусиянын экономика министри Максим Орешкин менен ишкердик тамактануудан кийин журналисттерге кабарлады.

Анын айтымында, бул бизнес чөйрөдөгү гана макулдашуулардын суммасы. Өкмөт аралык макулдашууларда суммалар белгиленбейт.

Маалым болгондой, 27-мартта Бишкекте «Страгиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери» аттуу кыргыз-орус аймак аралык сегизинчи ишкерлик конференциясында тараптардын ортосунда 1 млрд. 558 млн. 300 миң долларлык 11 макулдашууга кол коюлду. 28-мартта уланчу жыйында дагы макулдашуулар түзүлөрү айтылууда.

Бул жыйын 28-мартта Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында өтүп жатат.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.