«Карыз 50 сом болобу же 100 сомбу электриктер кесип кетишет экен, ал эми кайра кошуу үчүн 300 сом алышат»,- дейт Аида Касымалиева

Окуялар тизмеги 07 Мар 2019 11:49
0 ой-пикир

«Таласта 2 адамдын өмүрүн алган окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Каза болгон кыз электрикке апам келсин деп жалдараганына карабай өчүрүп кеткен экен», — деп Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

«Таласта электр жарыгы өчүрүлүп, көмүрдөн чыккан ис эки адамдын өмүрүн алган окуя боюнча жеринен барып таанышып кайттык. Азыр аялы менен кызын жоготкон жаран 5 жаштагы кызы менен Бишкекте, анын кызы комада. Жыбырлануучулардын айтымында, аларга эч кандай дүмүрчөк келген эмес. Алардын 80 сом гана карызы болгон. Бирок эч кандай эскертүүсүз келип өчүрүп кеткен. Карыз 50 сом болобу же 100 сомбу электриктер кесип кетишет экен, ал эми кайра кошуу үчүн 300 сом алышат. Бул акча бирөөнүн чөнтөгүнө түшүүдө. Бул калыпка түшүп калган коррупциялык көрүнүш.

Пенсионерлер, жергиликтүү тургундар келип кайрылышты, алар пенсия, жөлөк пулдарын айдын 15де алса, электр жарыгы үчүн акча ар бир айдын онуна чейин төлөнүшү керек экен. Бул жагдайды да чечүү керек. Бул окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Иске ууланган жаш балдар көп болду. Муну чечүү керек», — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.