Кыргыздардын коррупция менен кандай күрөшүп жатканы тууралуу (жаңыланды)

Саясат 26 Фев 2019 11:10
0 ой-пикир

2003-жылы президент Акаев коррупция “мамлекеттин коопсуздугу үчүн бирден-бир коркунуч” болуп калганын айткан. Кийинчерээк экинчи президент Бакиев “биздеги экономикалык кыйынчылыктар” коррупциядан улам болуп жатканын жана “туугандык байланыштар жана коррупция бизди буту-колубуздан байлап” алганын айткан.

2013-жылы Атамбаев “коррупция менен күрөшүү өлкөнүн приоритеттеринин бири” экенин билдирген. Ал эми анын мураскери Жээнбеков болсо шайлоого чейин эле 35 коррупционердин тизмесине ээ экенин билдирип, кийин ЖКга кайрылуу жасап жатканда “коррупция менен күрөшүү мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты” боюнча каларын белгилеген.

 Кийинчерээк Коопсуздук кеңешинин жыйынында: “Биз элдин үнүн угуп, ачуу чындыкты моюнга алуубуз керек. Коррупция менен күрөшкө жумурай журт катышуусу керек. Коррупция менен күрөш укук коргоо органдары менен гана чектелип калбаш керек. Биз баардык тармактардагы коррупцияны жоюшубуз зарыл – бийликтин жогорку бутактарынан баштап, айыл аймактарына чейин. Биздин коомду коррупция деген оорудан арылтуубуз абзел” – деген.

Биздин башкаруучулар өз сөзүндө коррупцияны өлкөдөгү эң башкы көйгөй катары көргөнү жакшы деңизчи. Бирок, чын чынына келгенде коррупция менен күрөш жүрүп жатканы билинбейт. “Күйөө бала”, “уул”, “жан сакчы” ж.б. деген түшүнүктөр гана өзгөрүүдө, ал эми коррупция ошол бойдон эле калууда. Эмнеге ар бир өлкө башчы коррупция менен күрөшөбүз деп гана сүйлөйт, качан Кыргызстан бул маселени ийгиликтүү чечти деген башчы болот? Артка кылчайып жана коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап туруп коррупция менен күрөш жакынкы он жылда аяктабайт деген ойго келдик. Анын себеби, коррупция менен күрөшүү оордугунда эмес, эң башкы себеп аны менен күрөштүн өзү эле коррупциянын эң башкы эксклюзивдүү түрү экенинде.

Коррупция менен күрөшүү үчүн маянаны жогорулатуу керек деген түшүнүк болгон. Бул маселе 1990-жылдары көтөрүлгөн, бирок учурда бул сунуш күлкүлүү угулат. Мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин эмгек акысын чындыгында эле 3 эсеге жогорулатуу керек деңизчи, бирок коррупциянын башаты алар эмес. Коррупция менен күрөш бажычылардан жана соттордон башталуусу зарыл. Балким алардын деле маянасы аздыр, бирок бул маселени чечүүгө болот. Ушул жерден суроо жаралат – “коррупциялык кызматтар” рыногунда канча сумма айланып жатат жана канча сумма казынага түшүп, мамлекеттин чыгымын жапмак?

Маданий түшүнүк дагы көйгөйдүн эң башкы себеби. Дегеним, жазылбаган “ыраазычылык”, “тууганчылык”, “боло берет”, “анча-мынча” же “алыш-бериш” деген эреже бар. Жогорудагы түшүнүктөр менен албетте коррупция менен күрөш өтө кыйын болот.

Бирок бул абал коррупция менен күрөшүүдө башкы тоскоолдуктардын катарына кирбейт. Себеби жаман адаттан арылуу толук мүмкүн. Дегеним, эгерде айдоочуларды кур тагынтуу үчүн 300 сом айып пул жетиштүү болсо, демек, адамдарды тез эле бир нукка салса болот. Болгону жазадан качып кутулуу мүмкүн болбошу керек. Бирок мындай жазалар болгон учурда Кыргызстанда маселелер дайыма соодалашууга келип токточу эле.

Донорлор менен болгон жолугушууда коррупция менен күрөшүү үчүн жаңы ыкмалар жетишсиз экени айтылып келет. Атайын тренингдер өткөрүлүп, таанышуу иштери жүргүзүлүп, алар сөзсүз түрдө кофе-брейк менен коштолот. «Вокабуляр» мезгил менен кош жарышып өзгөрүүдө, «транспаренттүүлүк» «дигитализация» аркылуу ишке ашууда. Видеокмеранын байкоосунда компьютердик тест тапшыруу айдоочулук күбөлүктөрдү алууну оорлотту. Бирок айрым учурларда курсор өзү керектүү маалыматты басып, айдоочулук күбөлүккө тест тапшыргандар “эң жакшы” деген баа алганы талашсыз. Андай курсорлордун да өз баасы бар. Өлкө масштабында алсак абал ошондой эле. Мамлекеттик органдар тигил же бул мамлекеттик мекемелерде жылдар бою “коррупциялык коркунучтар” бар экени тууралуу доклад жазып келишет, бирок андан жыйынтык чыккан жери жок.

Коррупция менен күрөштөн майнап чыкпай жатканы аны менен коррупционерлер өздөрү күрөшүп жатканынан улам болууда. Башкача айтканда, бир коррупционердин ордун экинчиси келип басууда. Башкалардын кызматын өз пайдасына чечип алуу өлкөдөгү ийгиликтүү, амбициясы күчтүү ар бир саясатчынын принциби. Башкача айтканда, коррупция менен күрөшүү аткаминерлер үчүн жагымдуу гана эмес, пайдалуу да болууда.

Баардыгы коррупция менен кандай күрөшүү керектигин мыкты билишет. Ал эми реалдуу өзгөрүү болуш үчүн эки учур маанилүү.

Биринчиси, системага башы малынбаган чыныгы лидердин келиши, ал күнү-түнү уктабастан коррупцияны жоюу үчүн системалык түрдө кадам таштайт. Ал көйгөйдү чечиши мүмкүн, ошол эле учурда чечпей дагы коет, себеби анын аягы жакшылык менен бүтпөй каларынан кабардар. Кыргызстанда президент болгон адам мурда премьер, министр, губернатор же бизнесмен болгон. Ал империясын мамлекеттик байланыштар аркылуу түзгөн.

Экинчиси, реалдуулукка жакын. Коррупцияны жоюу үчүн он, жыйырма, балким жүз жылдар өтүшү керек. Убакыт дарылайт дегендей, бирок ал учурда муун алмашат жана коррупция менен күрөшүүнүн башка жолдору табылышы мүмкүн. Ал эми азыр болсо жарандар чыдамкайлык менен жашоосун улантуусу керек.

Ал эми бул абалга кабатыр болгондор, улут ишеничтери үчүн бир эле жол бар – күн сайын, саат сайын сөз эркиндиги үчүн күрөшүү жана таза шайлоону талап кылуу. Ошондой эле күчтүү, акылдуу, ак ниет балдарды тарбиялоо.

 Кенжебек Таиров –атайын Elgezit.kg үчүн

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.