Тоо-кен казуучулар президентке кайрылышты

Окуялар тизмеги 19 Фев 2019 12:37
0 ой-пикир

Эл аралык ишкерлер кеңеши, тоо-кен казуучу ишканалар жана Тоо-кен казуу өнөр жай ассоциациясы тынчсыздануу билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Алар Коопсуздук кеңешинин 30-январда кабыл алынган чечиминде инвесторлорго жагымдуу болгон факторлор бар экенин, бирок бардык салыктарды көтөрүү, лицензияларды кайра тыкыр текшерип чыгуу сунушу тынчсыздануу жаратарын айтышты.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков маалымат жыйында сүйлөп жатып 26 беттен турган кеңири анализин жазып чыкканын айтты:

— Биз Коопсуздук кеңешинин чечимдерин тыкыр изилдеп чыгып, өзүбүздүн анализибизди жаздык. Азыр президентке кайрылып жатабыз жана аны менен жолугуп, талкуулоого ниетибизди билдиребиз. Салыкчылардын тоо-кен тармагында текшерүүлөрү жүрүп жатат. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы фирмалардын чарбалык ишине кийлигишүүнү шарттаган чечимдер да бар экен41 эмес 39 лицензияны алган инвестор Александр Беккер деген киши. Ал бир нече компанияны бириктирген канадалык компаниянын өкүлү. Ал кендерди чалгындап, чет өлкөдөн инвестиция тартып келүүгө аракет кылган жана мындай адамдарга шарт түзүшүбүз керек.

Кайрылууда тармактын башкы көйгөйлөрү катары мыйзамдарды бирдиктүү аткаруу, жетиштүү өнүкпөгөн инфраструктура, кен пайдалануучу компаниялардын ишин негизсиз текшерүүлөр, кошумча чегерүүлөр түрүндө укук коргоо, фискалдык жана мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын кийлигишип жатканы баяндалган.

Бишкекте 30-январда Коопсуздук кеңешинин тоо-кен өнөр жайына, андагы абалга арналган жыйыны болуп өткөн. Башкы прокуратура былтыр Өнөр-жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетин текшерип, 40ка жакын мыйзам бузууну аныктаган. Анын негизинде 17 прокурордук чара актысы келтирилип, 24 адам тартиптик жообуна тартылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.