Беш жаныбарды атууга тыюу салуу боюнча сунуш түштү

Окуялар тизмеги 11 Фев 2019 17:07
0 ой-пикир

Кыргызстанда жапайы жаныбарларга жана кайберендерге аңчылык кылууга 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталууда. Буга байланыштуу мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, анда беш жаныбарды атууга тыюу салынганы жатат.

— Мурда биз Кызыл китепке кирген жапайы жаныбардын баарына мораторий киргизүүнү сунуш кылганбыз. Анын ичинде улары да, кекилиги да болчу. Көбү каршы болуп, мыйзам долбоору өтпөй калган. Бул жолу аркар, кулжа, тоо теке, эчки, элик жана доңуз деп бешөөнү бөлүп алдык, муну колдоп жатышат, — деди Эмил Токтошев.

Аталган мыйзам долбоору 11-февралда парламенттин тармактык комитетинде талкууланат.

Буга чейин аңчылыкка уруксат алуунун баасын да көтөрүү боюнча сунуштар түшкөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.