Президент футбочуларга ыраазычылык билдирди

Окуялар тизмеги 17 Янв 2019 14:40
0 ой-пикир

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы 17-январда сыйлык тапшыруу аземинде кыргыз футболчуларына «Азия кубогундагы» жеңиши үчүн ыраазычылыгын билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков мекенге ак кызмат кылууга мисал келтирип жатып, футболчуларга токтолгон:

— Кечээ биз, кыргызстандыктар, биздин футболчуларыбыздын абдан сонун оюнуна жана жеңишине күбө болдук. Биздин курама команда Азия кубогунда алгачкы жолу ойноп жатып эле, ушундай сонун ийгиликке жетти. Алар Филиппиндин оюнчуларын 3:1 эсебинде жеңип, биздин элге чыныгы майрам тартуулашты. Бул тарыхый окуя, ийгилик! Биздин балдар кийинки оюндарда да жакшы оюн көрсөтө алышат деп ишенем, — деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков жалпы Кыргызстан элинин атынан футболчуларга жана алардын машыктыруучусуна ыраазычылык билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.