Мирлан Бакиров Талантбек Тынысовдон кечирим сурады (видео)

Видео, Окуялар тизмеги, Өлкө 17 Янв 2019 12:10
0 билдирүү

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовдон кечирим сурады.

Анын 16-январдагы парламент жыйынындагы окуяга комментарийин жана кечирим сураган видеосун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы таратты.

Бакиров айрым маалымат булактары «кызматкерди жыйындан кууп чыкты» деп бурмалап кабар таратканын белгилеп, жыйын өткөрүүнүн эрежесин гана эскерткенин, Тынысов суроолорго так жооп бере албаганын, даярдыксыз келгенин кошумчалады.

— Мамлекеттик кызматта улуу-кичүү деген болбойт. Экинчиден, өкмөт менен парламенттин ортосунда конкреттүү маселеде талкуу болуп жатат. Биз «Сый көрүп кетиңиз» деп же башка маселе менен чакырбайбыз. Эгер ошол инсандын аброюна, үй-бүлөсүнө, коомчулукка катуу тийген болсо, үзүр сураймын,— деди Бакиров.

16-январда Жогорку Кеңештин жыйынына көйнөк эмес, футболка кийип келгени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылган. Бул окуя коомчулукта сынга кабылган.

 

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.