Президент эки мөөнөткө шайланганы жакшы

Саясат 14 Янв 2019 11:21
0 ой-пикир

Мени ташбараңга алышыңар мүмкүн, бирок мен президент бир гана мөөнөткө шайлануусуна каршымын.

Президент 6 жылдык кызматын өтөгөн соң, ал кайрадан экинчи мөөнөткө шайлана албастыгы боюнча чечим 2010-жылы революциядан кийинки “хайп” болгон десем жаңылышпайм. Конституцияга мындай өзгөртүү киргизгендер кыргыз элине “ажыдаарлар” эми болбой турганын жана бийлик үчүн жан далбастабай эл үчүн кызмат кыларын көрсөткүлөрү келген. Бирок, бул максатты ишке ашырууда терең анализ жүргүзүлбөй, анын жыйынтыгы кандай болоруна тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай калган.

Ыйгарым укуктары бир гана мөөнөт болгон Президент иш жүзүндө тез эле “чолок өрдөк” болуп калат. Ал шайлоо учурунда берген убадаларын аткарууга шышылбайт жана чечкиндүү реформалык кадамдарга барбайт.

Биздеги чийки демократиялык коомдо бир мөөнөткө шайланган Президент кландык кызыкчылыктар жана салттар, советтик аппараттык система басымдуу кылып турган маалда саясий кадамдарда конформист болууга аргасыз. Бир мөөнөт анын лидерлик сапаттарын жокко чыгарат. Ал коомдун каалоолоруна өз убагында реакция кылбайт, себеби ал кийинки мөөнөткө барбайт да. Эң башкы максаты өз мөөнөтүнүн бүтүүсүн күтүү болуп калат. Ал кызматынан кеткенде артынан жаман сөздөр сүйлөнбөөсүн гана каалайт. Бирок кандай болгон күндө да сындар айтыла берет. Себеби анын жолун улантуучулар жок. Бир мөөнөт ичинде көчүн улантуучуларды тарбиялоо мүмкүн эмес.

Атамбаев президенттик мөөнөтүнүн аяктоосуна канча убакыт калганын айлап, күндөп санаганы эсиңиздедир? Бул ой анын башында дайыма жашачу жана ага дем бербестен, тескерисинче, эл үчүн иштөө каалоосун өчүрө баштаган. Себеби, дагы бир аз мөөнөт калыптыр, менден кийин эмне болсо ошо болсун дегендей мамиле калыптана баштаган. Эл алдында каалаган кебин айтып, керек болсо башка өлкөлөрдүн башчыларынын дарегине сындарды жаадырып, атаандаштарын каралап баштаган. Себеби келерки шайлоо тууралуу ойлонуунун кажети жок эле. Толеранттуу жана дипломат болууга кызыкчылык жок болчу.

Бактыга жараша Сооронбай Жээнбеков буга чейинки Президентке салыштырмалуу ой жүгүртүүсү башкача адам болду.

Атамбаев президенттик мөөнөтүндө өлкө ичиндегилер менен гана эмес, коңшулар менен да урушууга жетишти. Жээнбеков болсо тескерисинче, тынчтыкты орнотууга аракет кылууда. Ал экс-президент бузуп кеткен эл аралык айдыңдагы мамилелерди жакшыртууга аракет кылууда. Журналисттер жана жарандык коом үчүн ачык болууда. Сынга чычалабайт деле.

Бирок бул жерде башка бир коркунуч бар. Абайлап, ойлонуп иш кылуу бир аз убакыт өткөн соң чечкинсиздик жана саясий эрктин жоктугуна алып келиши ыктымал. Бул өз кезегинде өлкөнү кандай жол менен башкаруу керектиги боюнча көз карашты жоготот.

Журт башына келген Жээнбековго башында ийгилик жылмайды. Себеби эл жана элита Атамбаевден ушунча чарчаган экен, ал кызматынан кеткенине абдан кубанышты. Ошондуктан анын ордуна ким келбесин колдоп алышмак болчу. Жөн гана ал адам Атамбаев болбогону үчүн. Мындан сырткары, башында көпчүлүк күмөн санаганы менен, Жээнбеков Президенттин деңгээлине татыктуу экенин көрсөттү. Ал КМШ өлкөлөрү боюнча кесиптештери менен тил табышты, бир катар эл аралык жолугушууларды жогорку деңгээлде өткөрдү. Ошондой эле өзүнө болгон сый мамилеге ээ болду. Бирок бул жерде бир кемчилик бар. Элдин сүйүүсү туруктуу эмес. Элди конкреттүү кадамдар менен ыраазы кылып турбаса, бул сүйүү тез эле жек көрүүгө айланат. Жээнбеков бул чызыкка жетип калгандай. Бирок анын “мүмкүнчүлүк терезеси” толугу менен жабыла элек, демек, аракет кылуу шарт.

Жээнбековдун президенттиги алдында бизде глобалдуу реформалар болобу?! Риторикалык суроо. Бирок бул жерде кеп анын жеке сапаттарында эмес, кептин баары мөөнөттө.

Бизге окшогон президенттин мөөнөтү бир жыл болгон мамлекеттерди демократиялык жана өнүккөн деп айтуу кыйын. Алар: Гватемала, Гондурас, Чили, Парагвай, Сальвадор, Мексика Вануату. Биз алардын катарындабыз. Сиз жогоруда аталган өлкөлөрдөгү мактоого арзый турган реформалар тууралуу уктуңуз беле?

Биз реформага муктаж өлкөбүз. Жана азырынча парламенттик эмес. Кыргызстанда акыркы он жылда болуп жаткан процесстерди, биздин маданий-тарыхый өзгөчөлүктү, менталитетти эске алуу менен президенттин мөөнөтүн 4 жылга кыскартып, 2 жолу шайланып келүүгө мүмкүнчүлүк берүү логикага ылайык келмек. Ошондой эле Конституцияга өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн чектөө зарыл. Ошондо гана Президент толук кандуу иштейт.

Сере Чалканова – атайын Elgezit.kg үчүн

Редакциядан: «Elgezit.kg» материал үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.