Жээнбеков Орусияда Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат

Аймак, Окуялар тизмеги 06 Дек 2018 09:05
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Президент Орусияга бүгүн, 6-декабрда учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка караганда, президент 6-декабрда Санкт-Петербургда жыйынга катышып, 7-декабрда Москвага иш сапар менен барат.

Москвада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги президенттин катышуусунда ачылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.