Кыргызстанда 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталат

Окуялар тизмеги 12 Ноя 2018 16:52
0 ой-пикир

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, Кыргызстанда 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталат. 13-ноябрда Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаап турат. Көпчүлүк аймактарда кар калың жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5,

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5,

Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5,

Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6 градус болот.

Бишкек шаарында 13-ноябрда түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -2…-4 градус суук болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.