ELGEZIT - RSS

Тарых сабактары. Партиялык идеологиянын маанилүүлүгү тууралуу
Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн

Кечээ жакында менден бир журналист Кыргызстандын саясий партияларына кандай суроо берет элеңиз деп сурап калды. Мен ойлонбой туруп эле дароо алардын идеологиялык багыты кандай экенин сурамакмын деп жибердим. Бул суроо көпчүлүк кыргыз партияларын жарга такамак. Эгерде партиялардын идеологиясы жок болсо, башкача айтканда, болуп жаткан нерселерге, өткөнгө жана келечекке өзүнүн көз карашы жок болсо, ал элге, мамлекетке эмнени сунуш кыла алат? Кандай саясатты, кандай жолду сунуш кылат? Алардын негизги көздөгөн максаты ушунда эмеспи. Ошондуктан азыркы дебаттардын баары тажатма, буга чейинки шайлоолордогудай эле “жердеги бейишти курабыз” деген убадалар, шайлоо алдындагы лозунгдар пайда болгонго чейин эле эскирип калган. Баары эскирген жана зериктирме, нафталин. Эч нерсе жасашпайт, жасай дагы алышпайт, баарын мурдагыдай эле ишке ашпай куру сөз бойдон кала берет. Мага демектен талапкерлердин курамын жүз жолу алмаштыргыла, жаштарды алдыга койгула, а аялдардын ордун жаш кыздарга толтургула. Анткени ары өткөн, бери өткөндөрдү ушактап отурган кемпирлердей партиялардын бардыгы бири-бирине окшош. Саясаттагы, сапардагы, жолдогу сунуштарында – партиялардын башка коомдук уюмдардан эң негизги айырмасы ушунда турат. Ошондуктан партияларга гана өзүнүн талапкерлерин бийликке көрсөтүүгө укук берилген. Өзүнүн көз караштарын, программаларын жана пландарын ишке ашыруу үчүн саясатты сунуш кылуу менен алар өз ара бийлик үчүн күрөшүшөт.

Эволюциянын жыйынтыгында дүйнө жүзүндө үч негизги саясий идеологиясы келип чыккан – консерватизм, либерализм жана социализм. Анын эң төмөнкү радикалдуу формасы болуп фашизм, анархизм жана коммунизм эсептелет. Базалык идеологиянын ичинен эң биринчи консерватизм келип чыккан. Жаңы мезгилде андан либерализм башталды. Либерализмден да жаңыраак болуп социал-демократия бөлүнүп чыкты. Бул идеологиялардын бардыгы адам укуктарын сыйлоого жана жеке менчикти коргоо позициясында турат. Алар бири-бирине карата карама-каршы келбейт. Бирок мамлекетке, каада-салтка, баалуулуктарга, согушка жана тынчтыкка, салык саясатына, теңчиликке жана башкаларга карата айырмаланып турат.

Европада ондогон жылдар бою шайлоочулар өз саясаттарын сунуш кылган, талашкан, кызматташкан жана тышкы, ички саясаттын фундаменталдык көйгөйлөрү боюнча бири-бири менен өз ара аракеттенип келген консервативдик, либералдык жана социалисттик багыттардагы партияларды кезектешип бийликке алып келишет.

Европада шайлоочулар өз саясатын сунуштаган, талашып-тартышкан, кызматташкан, тышкы жана ички саясаттын принципиалдык көйгөйлөрү боюнча бири-бири менен өз ара аракеттенишкен консервативдик, либералдык жана социалисттик партияларды ондогон жылдар бою кезеги менен бийликке алып келишет. Күчтүү партиялар кармалып калат, алсыздар жоголот же күчтүүлөрдүн арасына кирип кетишет. Бир кездерде Англияны консерваторлор менен либералдан узак убак бою башкарып турган. ХХ кылымдын башында кырдаал өзгөрүп, саясий аренага жумушчу класс чыкты да, либералдар өзүнүн ордун лейбористтерге (социалисттерге) бошотуп беришти.

Эгер кайсы бир партия эң көп добушка ээ болсо, анда алар өкмөттүн негизги көпчүлүк курамын түзүп жана бийликке ээ болушат. Эгер андай болбосо, коалициялык өкмөт түзүлөт да, бир нече партия жалпы кызыкчылыктарды көздөп жана кайсы бир маанилүү маселелерди чечүүдө биргеликте чечим чыгарышат. Ошондо гана парламентте атаандаштык, ар түрдүү пикирлер, чечимдер, альтернатива келип чыгат. Бардык партиялар, башкаруудагы болобу же оппозициядагыбы, мамлекетти өнүктүрүүгө аракет кылып башташат. Ишин кандай жүргүздү, жыйынтык болдубу, мамлекеттин өнүгүүсүнө кандай салым кошту, шайлоочулардын ишенимине кире алдыбы ошого жараша кийинки шайлоодо партиялар орун алмашат.

Эгер ишинде жыйынтык көрүнбөсө, анда шайлоодон жеңилип, оппозициянын катарынан орун алышат. Ал эми мурда оппозицияда жүргөн партиялар бийликке келишет. Мындай ыкма жүздөгөн жылдар бою колдонулуп келет жана ар дайым эффективдүүлүгүн көрсөтөт. Батыштын бир профессору белгилегендей: оппозиция, албетте, болушу керек. Бирок биз эсибизге түйүп, унутпай жүрчү нерсе: оппозиция – демек, өтө терең эмес чечимдерди кабыл алуу. Ошол эле профессорго таандык сөздөрдү мисал келтирейин. Европарламенттеги Жашылдардын популярдуулугунун өсүшүнүн себеби: Жашылдар башка партиялар көңүл бурбаган маселелерди чечүүгө аракет кылышат. Мындай акылдуу кадамдын натыйжасында Батыш Европа адамзатынын жашоосу үчүн Жер шарынын эң ыңгайлуу бөлүгүнө айланды.

Албетте, Кыргызстанда азыркы учурда партиялардын түзүлүшү да, иш алып баруусу да башка. Идеологиялык партиялар жок, башкача айтканда, алардын идеологиясы болсо да ал партиялар менен байланыштуу эмес. Партияларда ошол идеологиянын алып жүрүүчүлөрү жок – жетекчилер, теоретиктер жана практиктер. Идеология жокпу, демек, башка өнүккөн өлкөлөрдүкүндө көрүнгөндөй туруктуу электорат жок болот. Андыктан дайыма орун алмаштырып, “орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт” дегенге барабыз же тескерисинче. Же кофе менен төлгө ачыш керек. Баягы эле каталарды кетиребиз. Убакытты текке коротобуз. Турган ордубуздан жылбайбыз. Бул велосипедди кайра башынан ойлоп табуу дегендей эле нерсе.

Саясий элита өлкөдөгү ортостатистикалык жарандардын артынан ээрчибей, тескерисинче, аларга караганда он же андан да көп кадамга алдыда болушу зарыл. Анан да мурдагы тажрыйба көрсөткөн кемчиликтерди кайталабаганга, жамандыктардын алдын алганга жана албетте, мамлекеттин тез арада өнүгүүсүнө болгон аракетти жумшашы кажет. Анан келерки шайлоодо жаңы партиядан жылуу орун издеп убараланбай, айтылган сөзүн аткара албай бети кызарып турбагыдай болушу шарт. Парламент сыяктуу элдик өкүлчүлүктүн институтун кодулабаш керек. Анда жаманатты кылчу жери деле калбай калды.

Бардыгы бизге чейин эле ойлонуштурулуп табылган. “Американы ачуунун” кереги жок. Бизге болгону белгилүү илим-билимди, колдонулган ыкмаларды, ресурстарды, практикаларды туура жана акыл менен колдонуубуз керек. Мындай туура жолду өз кезегинде корейлер, сингапурлуктар, тайвандыктар, малазиялыктар жана башкалар колдонушкан. Партиялар өз программасынын алкагында жашап жана натыйжалуу иш алып баруусу керек. Азыр деле кеч эмес, эртең эле шайлоо өтөт, анан бир нерсе кылыш керек, шайлоого чейинки элге берген сөздөрдү ишке ашыруу керек болот. Ошондо гана парламент мамлекетке пайда алып келет. Эске салсак, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында бизде социалисттик, социал-демократиялык, либералдык, консервативдик партиялар пайда болгон. Кийин көптөгөн аморфтук көз караштагы центристтик жана патриоттук партиялар түзүлө баштады. Бирок бул партиялардын түзүмү президент Атамбаевдин убагында кулады, бийликке өзүнүн КСДП партиясын алып келди. Натыйжада ал реакциячыл персоналист-популисттик (биздин саясатчылар жана депутаттыкка кандидаттар бул эмне экенин түшүнөт деп үмүттөнөм?) “уюм” болуп чыга келди, анын астында ар кандай жасалма партиялар жана жасалма саясатчылар көбөйүп, уурулук жана коррупция кеңири жайылып, түрмөлөр саясий туткундарга толду жана башка. Партиялык түзүмдөрдөгү бул оор мезгилден өтүү менен Кыргызстанда өнүгүүгө карай алдыга жылат деген ишеним бар.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Тарых сабактары. Саясаттагы саткынчылык тууралуу
Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн

Талейран көрүнүктүү саясатчы гана эмес, бетпак (циник) да киши болгон. Ал философ катары башка саясатчылардан биринчилерден болуп саясатта достук жок экенин, саясат – бул жакшы кыздардын клубу эмес экенин түшүнгөн. Ал көптөгөн бийиктиктерге жетип, астрономиялык жактан байып, саясатта көпкө кармалган саясатчы, дүйнөлүк тарыхта жана чоң саясатта көрүнүктүү устат катары калды. Талейран кызмат кылган жана жанында жүргөн адамдардын бардыгына чыккынчылык кылган. Бирок бир дагы өкмөт башчы анын кызматысыз жана кеңешисиз иш жасай алган эмес. Ага карата ачуулануу менен жана айыптоо менен айтылган “чыккынчы” деген сөзгө ал жөн гана күлүп, «чыккынчылык – бул көрөгөчтүк искусствосу» деп жооп берген. Ал эми оппоненттеринин “эч качан чыккынчылык кылбайбыз” деген сөздөрүнө да күлүп: «Чыккынчылык – бул убакыттан же баадан көз каранды»,- дечү. Ал тууралуу кеп кылышканда бардык саясатчылар эле таң калып, аны сындап киришет, бирок дээрлик бардыгы Талейран сыяктуу эле кадам жасашат. Кантсе да Талейран саясаттагы ачуу чындыкты эч кандай жалтактоосуз айткан адам.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Борончу Кудайбергенов: «Мен кайра жаралсам, молдо болмокмун»
Еlgezit.kg маалымат порталы белгилүү куудул, актер Борончу Кудайбергеновду маекке чакырдык. Ал алдыдагы шайлоо, кимди шайлай турганын, саясат жана жакынкы пландары тууралуу кеп салды.

—Алдыда Кыргызстанда шайлоо болот. Парламентке депутаттарды шайлоодо кайсы партияны колдоп жатасыз?

-Шайлоого барам. Биринчиден, «баарына каршы» деген добушумду берейин деп чечтим. Менин эле жердештерим өз кызыкчылыктары үчүн чуркап жүрүшөт. Кээ бири бизнестерин улантканы келип жатышканы айдан-ачык болуп калды.

Айрымдары балдарын чет мамлекеттен окутуп, бул жерде такыр жашабай, кетип калчудай эле  элес калтырат. Кыскасы, Кыргызстанга кайдыгер мамиле жасашат.

Экинчиден, бийликке аттангандардын максаты бир. Креслого отургандан кийин өз адамдарын, тааныш-билиштерин коюп коюшат да, нааразычылыктар болсо, кайра аны жылдырып башка орунга коюп койгондугу өкүндүрөт. Аны сыналгыдан жамандап жакшы иштебейт деп сөгүп койсо, биз ага ынанып, жакшы иштеп атат деп сүйүнүп жатып калабыз. Айланып келип эле ошол эле адамдар бизди башкарып жатышат. «Үч баштуу ажыдаар болсо дагы көчүгү бир» дегендей болуп жатат бул жагы.

—Шайлоо ушундай кырдаалга туш келгени, бирок бийлик шайлоону сөзсүз түрдө  өткөрүп жатканы боюнча пикириңиз?

-Бул коронавирус атына жараша бийлик менен сүйлөшүп алган окшойт. «Мен 4-октябрда жоголуп кетейин, кайра 5-октябрда пайда болуп калайын деп» деп тамашалап коем. (күлүп). Эл көчөгө чыгайын десе эле чыгарбайт, бийликке бир нерсе керек болуп калса жоголуп кетет экен. Билбейм булар элге керек болуп жатканда жоголуп кетет, анан шайлоо учурунда пайда болуп калышат. Уурулар «ууруну карма» десе, бандити — «бандитти кармайм» дейт, ал эми коррупционер — «коррупцияны жоём» дейт. Бирок эл баарын билет, ким ким экенин.

—Талапкерлерден татыктуулар жокпу?

— Бул жолку шайлоодо мурдагылардан уяты барлар кетти. Уяты жоктор калды. Айрымдары жүрөт бул эми можаритардык система болуп калды. Алар ордуна башкаларга, жаштарга жол бергендин ордуна кайра эле талапкерлигин коюп жатканы кейитет.

Система өзгөрүлмөйүнчө эч нерсе өзгөрүлбөйт. Коомдун дал ошо жаштарга, жаңы жүздөргө болгон суроо-талабына жооп берген мезгил келди.

-Куудулдардын арасында кимдер бийликке аттанды?

-Куудулдардын арасынан Рахман Разыков агайыбыз «Бүтүн Кыргызстандан» өз талапкерлигин койду. Агайыбызды сыйлайм. Кыргыз маданиятын, саясатын көтөрө турган адам. Эл арасында маданият адамдары өз кесиби менен алектенсе деген пикирге мен каршымын. Мисалга алсак, Чыңгыз Айтматовдун деле кесиби жазуучу болгон эмес, бирок ал кандай залкар жазуучулардын катарын толуктайт. Ошол сыяктуу эле маданият адамдарынын арасынан деле элге кызмат кыла тургандар бар. Рахман Разыковдун жазгандарын окуп-билгендер аны баалашат. Китептерин окусак эле анын ой-пикирин түшүнөбүз.

—Жакында эле Кыргызстандын Эгемен алганына 29 жыл болду. Мына ошол салтанатта сахнага чыккан акын Аалы Туткучев эл алдында баарын бетке айтып саясатты сындады. Куудулдар дал ушундай эркин айтканга жол берилеби?

-Албетте, биз 30 жылдан бери эле бетке айтып келатабыз, бирок бизди мындай концерттерге чакыруу боло элек. Алгачкы болуп саясатты мен сындаган болчумун.

Ак үйдү аэропорттун жанына алып барбайлыбы. Качып бараткандарды таш менен урабыз деген тамаша болчу.

Бийликтегилерден бир гана Адахан Мадумаров ар дайым келип турат, калгандары бийликтен кеткенден кийин гана келишет. Негизи эле чиновниктердин көпчүлүгү эки жүздүү болот экен. Менин кааларым, бийликтеги чиновниктер биздин концерттерге келсе, ошондой президент болсо жада калса ошол Ак үйдөгүлөр да келсе орундуктардын баарына отургузуп, алардын ишине баа берип, тамашага салмакпыз. Жогору жактан ушундай бир схема түзүлсө жакшы болмок. Ошондо гана чындык айтылып, атка минерлерибиз кемчиликтерин билип алышмак деп ойлойм.

-Учурда партияларга иштеп, концерт коюп бериңиз деп сизге кайрылуулар, буюртмалар жасалып, сунуштар түшүп жатабы?

-Жок, азыр саясатчылардын баары артист болуп калыптыр. Желектерин көтөрүшүп, каяктагы бир асмандын башын айтып, убадаларды берип жатышат. Алар кеткенден кийин баягы эле шыпырылбаган көчө, казылбаган арык ошол бойдон калат. Куру убада менен элди тойгузуп жатышат. Эл болсо «бул менин жердешим эле, айылдашым колдоп коелу» деп ишеним артып жатканы жанды кейитет.

Пандемия маалында сизди каза болду деген тамашага кандай реакция бердиңиз?

-Мен ал жигитке капа болгон жокмун, тескерисинче, ыраазы болдум. Себеби, өлүмдү эскерте турчу нерсени айтты. Мен өзүмө өзүм мен эмне кылдым ушул жашоомдо деген суроону бердим. Муну мен «отчёт» бере турган нерседей кабыл алдым. Ошондон кийин кандай жакшы нерселерди жасаганымды анализ, ой жүгүртүү кыла баштадым. Дагы бир жагынан ким мага кандай мамиле жасарына көзүм жетти.

Көбү «бейишке кирсин» деген баталарды берип жатышты. Демек, мени эл арасында сыйлагандар арбын экенин билдим. Бул жашоодо жакшы да, жаман да нерсе бир Алладан.

-Сиз кайра бул дүйнөгө келген болсоңуз кесибиңизди алмаштырат белеңиз?

-Мен артист болбой эле молдо болмокмун. Көп убактымды Алланы тааныбай, кызмат кылбай өткөрүп жибериптирмин. Эми менин угармандарыма, көрүүчүлөргө, окурмандарга Алланы тааныгыла деп айтып кетмекчимин. Мечитке барбаган адам концертке келет. Менин сөзүмө маани берген адамдарга дин жолуна түшүүcүнө чакырам. Азыр көп убактымды ушул динге арнап, билгендеримдин баарын колуман келишинче айтып берип жатам. Мурункудай эле артист болуп кала берем, бирок убактымдын жарымын ушул динге арнадым.

Учурда эмне менен алексиз?

Азыр менин НТС каналында автордук «Борончу шоу» программасы токтоп калган. Мен өзүм ютуб каналымды ачкам, ал жактан азыркы жаштардын тили менен айтканда «вайндарды» тартып, жаратып жаткан учурум. Өзүм чыгармачылык менен эле алекмин. Учурда шайлоого карата саясый тамашалуу роликтерди даярдап жатам. Андан тышкары Ислам жаатында дагы адамдардын жакында эле пандемияга байланыштуу боорукерлигин, кайрымдуулугун, адамгерчилик менен жардам берген адамдар же баалуулуктар тууралуу чакан роликтерди тартып баштадым. Эмдиги жылы 55 жашка толом буюрса. Концерт берейин деген оюм бар.

Пандемия учурунда кимди жоготтуңуз?

-Коронавируста жакшы, санаалаш досторумдун кандай экенин билдим, мурда жоготуп алган досторумду кайра таптым. Эгер мен каза болуп калсам, мага чалып койбогондорго таарынып чалдым.

Рахмат, дагы ийгиликтерди жаратып, элди күлкүгө бөлөңүз!

-Рахмат!

Маектешкен Жазгүл Урмамбетова

Еlgezit.kg

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөттөр Борончу Кудайбергеновдун архивинен алынды

“Бул тарыхый чечим”. Эксперттер Текебаевдин шайлоого катышуудан баш тартканы тууралуу
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого барбай турганын жарыялады. Ошентип, дээрлик 30 жылдык тарыхы бар оппозициялык партия өз эсебиндеги жетинчи шайлоо кампаниясына “атасыз” аттанмай болду.

Кыргыз саясатындагы белдүү саясатчынын мындай кадамы кечээ күндөн бери медиа айдыңда, соцтармактарда кызуу талкууланып жатат. Партия тизмесин баштап бараткан Жанар Акаев Өмүрбек Текебаев өз чечими менен бийик саясий маданиятын көрсөткөнүн белгилеп өттү.
“Ушундай учурда Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана башка атамекенчилердин шайлоого катышуудан баш тартканы –жоопкерчиликтүү кадам жана саясий эрдик. Өмүрбек Текебаевдин бүгүнкү кадамы бийик саясий маданияттын үлгүсү болду. Өмүрбек Чиркешовичтин мындай чечимине бир жагынан ичим ачышса, экинчи жагынан бул кишинин эрки көпчүлүгүбүздү суктандырды. Бул — чоң максаттар үчүн жеке амбицияларды курмандыкка чалуунун үлгүсү”, — деди Акаев.
Биз айрым саясат таануучу, коомдук ишмерлердин Текебаевдин күтүүсүз кадамы тууралуу пикирлерин чогулттук.
Жогорку Кеңештин экс-спикери Зайнидин Курманов Текебаев жаштарга жол бошотуп, даашымандыгын көрсөткөнүн белгилейт.
“Ата Мекен” менен Текебаевди бөлүп кароо таптакыр мүмкүн эмес. Текебаевдин чечими капалантат, анткени ал күчтүү, харизмасы бийик саясатчы. Анын үстүнө ал оппозициялык партиянын өкүлү. Кыргызстан үчүн мындай саясатчыны жоготуунун өзү оңой эмес. Бирок экинчи жагынан алсак, жаш, келечектүү, креативдүү муунга орун бошотууну мезгил өзү талап кылууда. Бул тарабынан ал даанышмандыгын көрсөттү, жаштарга жол бошотту. Мындай кадам адамдардын көңүлүн бурат. Партияга ансыз да добуш беришет, андыктан Өмүрбек Текебаев добуш жоготпойт. Анын кадамы – баары үчүн илим. Айрыкча, кайрадан парламентке келүүнү самаган саясатчылар үчүн. “Ата Мекен” командасынын келечеги бар”, — дейт Зайнидин Курманов.
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев да Текебаев туура кадам жасаганын белгилейт.
“Ата Мекен” күчтүү партия жана Текебаевдин чечими партиянын позициясын начарлатпайт. Талапкерлери күчтүү. Рыскелди Момбеков – эл сүймөнчүгү, Жанар Акаев – күчтүү оратор. Сариевдин кеткени жакшы болду, анткени алардын идеологиялык көз караштары карама-каршы болчу”, — дейт Бакетаев.

“Өмүрбек Текебаев “Ата Мекендин” туусу бойдон кала берет”, — деп ой бөлүштү мурдагы башкы прокурор Аида Салянова.

“Өмүрбек Чиркешовичтин съездеги билдирүүсүнө ичим ачышты. Партияны парламенттик шайлоого өзү баштап барса жакшы болмок. Бирок кыраакы, көрөгөч саясатчы катары бардык жагдайды эске алып, бир тыянакка келгени анык. Жалпы жонунан алып караганда, Текебаевдин тизмеде болушу же болбошу өзү үчүн да, партия үчүн да маанилүү эмес. Өмүрбек Чиркешович “Ата Мекендин” туусу, атамекенчилердин атасы болуп кала берерин эч ким тана албайт. Ал киши партияны сырттан колдоо тууралуу оюн билдирди. Балким, чынында эле азыркы шартта так ошол сырттан колдоо маанилүү жана майнаптуу болоор”, — деди ал.
Коомдук ишмер Түгөлбай Казаков Өмүрбек Текебаевдин чечимин тарыхый кадам деп сыпаттап, саясий чөйрөдө мурда-кийин мындай көрүнүш болбогонун белгилейт.
“Өмүрбек Чиркешович абдан бышып жетилген саясатчы, ал аябай туура кадамга барды деп ойлойм.Текебаевдин бул чечими тарыхый кадам болду дегенге кошулам. Ар бир партиянын өз тарыхы болот жана бүткүл саясий партиялардын жалпы тарыхы бар, Текебаевдин бул кадамы ошол тарых барактарында сөзсүз катталып калат. Биздин аткаминерлерде кубалап чыкмайынча, былк этпей отура берген жаман адат бар, партия лидерлери өздөрү аман-эсен туруп, ордун жаштарга өткөрүп берет деген буга чейин бизде болбогон. Өмүрбек Чиркешович абдан акылдуулук кылды.“Ата Мекендин” айланасында жыйналган жаштардын шансы аябай жакшы, а бирок шайлоо кандай өтөт, таза өтөбү же жокбу деген арсар суроо бар”, — дейт Казаков.
Атамекенчи Садык Шер-Нияз болсо Өмүрбек Текебаев партияга дайыма керек деген пикири менен бөлүштү.
“Ачыгын айтканда, эки тараптуу көз карашта турам. Өмүрбек Чиркешович тажрыйбалуу саясатчы, кесипкөй адис жана дасыккан юрист катары партия менен парламентте чогуу жүрсө максатка ылайык иш болмок. А бирок жаштарга жол ачып, жаңы муунга мүмкүнчүлүк берип жатканын мыкты демилге катары кабыл алдым. Бул Текебаев саясаттан биротоло кетти дегендик эмес, ал партияга керек жана сырттан колдоо көрсөтүп атамекенчилер менен ар дайым чогуу болот”, — деди Садык Шер-Нияз.
Эске салсак, “Ата Мекен” партиясынын XIII кезектеги курултайында, Текебаев баштаган партиянын түптөөчүлөрү шайлоого катышпасын билдиришти. Атамекенчилердин катары Эльдар Абакиров, Тилек Токтогазиев, Эльвира Сурабалдиева, Евраз Осмонов, Сейтек Качкынбай сыяктуу жаштар менен толукталып, тизмеси бекитилди.

Еlgezit.kg редакциясы

Партиялар кандай мамлекетти убадалап жатышат?
Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Кыргызстанда шайлоо өтөрдүн алдында элдин көңүлүн партиялар кандай моделдеги мамлекет түзгөнү жатканына көңүлүңөрдү бургум келди. Биздин мамлекет эбак эле кандайдыр бир концепцияны түзүп, аны ишке ашыра башташы керек эле. Буга чейинки президенттер “күчтүү” жана “эркин” өлкө тууралуу айтып келишкен. Бирок бул сөздөргө маани бербей эле, алардын түпкү маңызына көңүл бурушкан эмес. Балким күчтүү өлкө дегендин тарыхы тереңде экенине байланыштуудур. Ал эми өлкөнүн алсыздыгы жана кыйрашы көптөгөн олуттуу көйгөйлөрдүн (жакырчылык, баңги заттары, терроризм ж.б.) булагы болуп келет.

Күчтүү өлкө баардык адамзаттын кыялы — экстремалдуу реакциячылардан баштап либерал-демократтарга чейин күчтүү өлкө дегенди өз деңгээлдерине жараша ар кандай түшүнүп, кыялданып келишет.

Эл болсо күчтүү өлкө деп катаал авторитардык өлкөнү түшүнөт.  Мисалы, сталиндик режим же Кытай. Бирок дагы башка катаал авторитардык режимдер бар, мисалы, Сингапурда, Тайванда. Жада калса Японияда. Акыркысында кызыктуу “жарым-жартылай” партиялык система бар. Аскердик убактан кийин бийликке бир партия – Япониянын либералдык-демократиялык партиясы (ЛДПЯ) келген. Жакында эле бийликке Демократиялык партия келди, бирок ал бийликте көпкө тура алган жок, азыр бийликте кайрадан ЛДПЯ. Бирок бизден айырмаланып ал өлкө өнүгүүдө жана саясий плюрализм кубатталат, адам укуктары бузулбайт, эл эркин жана корголгон, ошондой эле демократиялык өлкөлөргө таандык бардык сыпаттар бар.

Алсыз деген термин мамлекеттин алсыздыгын билдирет, анын масштабын эмес.

Ошондуктан азыр заманбап өлкө кандай болушу керектиги тууралуу көз караштар өзгөрдү. Ал күчтүү дагы, алсыз дагы болбошу керек. Ал жарандардын эркиндигин чектебей, эл менен мамлекеттин арасындагы орто жерди издеш керекпи?

Чыгыш Европа коммунизмден баш тартып, сактап калуу жолуна түштү. Бизде тилекке каршы, мындай партиялар жок. Бардык партиялар лидер болгусу келет, демократиялык партиялар жок, болсо да жарым-жартылай. Ошондуктан бийликке КСДП келгенде бизде эч кандай социал-демократтар жок экени анык болду. Консерванттар дагы, либералдар дагы жок. Бул абдан жаман көрүнүш. Мындай партияларсыз бизде өнүгүү болбойт. Руанданын президенти Поль Кагаме саясий жана экономикалык реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда, себеби ал европалык саясий системаны (муну мурда Япония, Сингапур, Тайвань, Түштүк Корея ж.б. мамлекеттер колдонгон) колдонууда. Ал жакта социал-демократтар да либералдар да бар. Бирок башка Африка жана Араб, Азия өлкөлөрүндөгүдөй эле улутчулдар да бар. Мындай саясий система Руандадан башка бир дагы Африка өлкөлөрүндө жок. Ошондуктан 30 жыл мурда геноцидге кабылып, кыйроо алдында турган Руандада чоң өзгөрүүлөр болуп жатат.

Буга биздин саясатчылар жана саясий серепчилер көңүл бурушкан жок. Сингапурдун, Япониянын, Малайзиянын, Түркиянын тажрыйбасы заманбап партияларсыз жана идеологияларсыз (консерватизм, либерализм, социал-демократия) өнүгүү мүмкүн эмес экенин көрсөттү. Ошондуктан шайлоо менен катар эле заманбап көз караштагы, заманбап идеологиясы бар, өзгөрүүгө курал боло ала турган партияларды да түзүү керек. Болбосо болгон аракеттердин баары текке кетет дагы, биз болсо дүйнөдөгү айыл боюнча кала беребиз.

Бизде күчтүү өлкө деген түшүнүк бар болгону менен, бир дагы партия анын келечегин көрсөтүп же түшүндүрүп бере алган жок. Ошондуктан элдин жакшы жашоого болгон үмүтү өлкөдө гана. Өлкөгө ишенишет, бирок партияларга эмес. Биздин партияларга жада калса, анын негиздөөчүлөрү, жетекчилери, мүчөлөрү ишенбейт.

Күчтүү өлкө эл тарабынан түзүлүп, элдин көзөмөлүндө болушу керек.  Башкысы элдин мамлекеттен бөлүү эмес, тескерисинче, маанилүү маселелерди чечүүдө элдин, коомдун, саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин колдоосу болушу зарыл.

Эч ким алсыз өлкөдө жашагысы келбейт, болбосо алар көйгөйлөргө көмүлүп, кайыр суроого аргасыз болушат. Алсыз мамлекеттерде адам укуктары бузулуп, жакырчылык орун алат, натыйжада миграция агымы көбөйүп, коркутуулар, кол салуулар көп болот. Алсыз өлкөлөрдө коррупция гүлдөп, мыйзамсыздык жана бийлик үстөмдүк кылат.

Жарандардын жашоосун жакшыртпай туруп эле аларга мамлекеттин чыгымдарын жаптырууга жол берилбеши керек.

Алсыз өлкөлөр күчтүү болуш үчүн демократиялык реформаларга барып, өзгөрүү ыкмаларын, улуттук тажрыйбаны эске алуу менен кадам таштоосу керек.

Эмнеге баары Батышта жашагысы келет? Жада калса, олигархтар, коррупционерлер? Себеби ал жакта адам укугу корголот, коопсуздукка кепилдик бар, өнүгүү үчүн шарттар түзүлгөн, бюрократизм жана коррупция жок ж.б. Баары жөнөкөй жана түшүнүктүү.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Тарых сабактары. Шайлоо жана саясий унутчаактыктын коркунучтуулугу тууралуу
Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн

Парламенттик шайлоо алдында саясатчылар саясий күрөштө буга чейинки топтогон тажрыйбаларын жоготуп койгондой. Артта 30 жылдык трансформация болбогондой абалда. Конституцияны 10 жолу өзгөртүшсө, шайлоо кодекси дагы ошончо жолу өзгөртүлдү. 30 жолу Өкмөт алмашты, 3 төңкөрүш болду, анын ичинде 1990-жылдагы төңкөрүш дагы бар. Бул сабак алчу жана алдыга кадам таштоочу эң бай тажрыйба. Башкалар бир бийиктиктин артынан экинчисин багындырып жатышат. Бирок биз сабак ала алган жокпуз. Ошондуктан бир орундан жылбай турабыз.

Буга байланыштуу окумуштуу, саясатчы катары артка кетпей алдыга жылууга түрткү боло турган айрым ойлорум менен бөлүшөйүн.

2010-жылдагы акыркы төңкөрүш өлкөгө өтө чоң зыян алып келди, биз андан дагы көп убакыт чыгабыз. Революциялык режим бат эле коррупцияга батып, реформатордук күчтөргө мамлекетти башкарууга катышууга эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок. Ошондуктан эл парламенттин жана бийликтин башка бутактарынын сапатына нааразы. Пандемия учурунда өлкөнү бийликке кокусунан келип калгандарга калтыруу коркунучтуу экенин түшүндүк. Ишенер, таянар эч ким жок калды. Ошондуктан эл криминалдык авторитеттерге жана чет өлкөлөргө кайрыла башташты. Эч нерсе өзүнөн өзү болбойт.

Ар бир нерсенин себеби бар, ошондуктан президент баш болгон жетекчиликке олутуу кароо керек. Эмнеге президентти да кошуп жатасыңар дейт чыгарсыңар. Себеби ансыз эч нерсе болбойт. Силер аны жакшы көрсөңөр да жаман көрсөңөр да болот, бирок ал мурдагы президенттей болуп сизди камап,миллиондогон доо арыздарды жаза элек. Бирок интеллекти жок адамдар унутчаак келет. Алар өткөндү унутуп коет. Анын үстүнө саясий айдыңга тажрыйбасы жок жаштар чыгууда.

Парламенттеги бийликти олигархтар басып алышты жана саясий күрөш эрежелерин аныкташууда. Мандат чоң акча турат. Мээнин кереги жок. Саясий тажрыйба зарыл эмес. Жеке жетишкендиктер да кереги жок. Керектүү сумманы чыгар, мандат аласың.

Саясий коррупция деген аталышка ээ болгон бул көрүнүш менен кантип күрөшүү керек. Мындай негизде түзүлгөн парламенттик партиялардан эмнени күтсө болот? Демократиялык баалуулуктар кыйрап, деградация болот, калк жакырланат. Бир сөз менен айтканда олигархия демократияга карама-каршы келген башкаруу формасы.

Өзгөрүүнү күткөн жаш партиялар эмне кылуусу керек? Бирдей ой жүгүрткөндөр менен биригип, блокторду түзүүсү зарыл. Себеби олигархтарда акча көп, алар “демократиялык аң-сезими жок” сатылма элди сатып алышат. Реформаторлор бириккенде гана баардык нерсени ишке ашыра алышат. Тарапташтарыңардан шайлоого деп акча чогулткула. Уялбагыла. Демократиялуу өлкөлөрдүн баарында эле шайлоо ушундай өтөт. Жаш партиялар үчүн элдин колдоосуна ээ болуу маанилүү.

Парламентке “арткы эшик” менен келген азыркы депутаттар баардыгы азыркыдай эле бойдон калат деп – шайлоо босогосу 7%-9% деген сунуштарды берип, шайлоо фондун 5 млн деп келишет. Азыр саясий коньюктура өзгөрдү, коррупциялык схемалардын негиздөөчүлөрү түрмөдө, ошондуктан баары эмне кыларын билбей кайпактап калышты.

Саясатка келүүнү каалаган айрым куу адамдар шайлоонун мажоритардык системасын сунуштап башташты. Жада калса жаңы преференциалдык системаны сунушташууда. Эмоционалдуу жарандык коом бул идеяны колдоп кетти. Бирок ал эмнени өзгөртөт? Мандатты реформаторлор алабы? Буга ишенбей турам. Өз убагында өлкө мажоритардык шайлоодон баш тарткан, ага республиканын “талаа комндирлер өлкөсүнө” айланганы жана ар бир депутат өзүнүн шайлоо округун менчиги катары көрө баштаган.

Партия тизмелерин ачыкка чыгаруу менен мыкты депутаттарды алып келүү мүмкүнчүлүгү болгон, бирок эч ким колдогон жок. Көпчүлүк суунун астыңдагы агымды көрө алышкан жок. Азыр олигархтар тизмесине акылдуу, татыктуу кишилерди издөө менен алек болот эле.

Шайлоого каршылык билдирүү учурда эффективдүү эмес. Олигархтар кубанып коштоп кетишет. Мындай кадам Германияда жакшы ийгилик алып келсе керек, бирок бизде эмес. Анын үстүнө шайлоого каршылык билдирүү көп боло бербеген көрүнүш. Ага жетишүү үчүн жарандардын алдында Махатма Ганди сыяктуу абройго ээ болуу керек. Эл аны укчу. Аброю жогору болгон бийлик эң күчтүү бийлик болот. Анын чакырыгын баары угат. Өз учурунда Ленин да шайлоого каршылык билдирип, бирок кийин өз катасын мойнун алган. Майлуу-сүттүү жер эч качан бош калбайт.

Азыр элдин нааразычылыгынан пайдаланып реформаторлор парламентке келүүгө жакшы убак. Алар эч нерсеге жарабаган олигархтардын саясий картасын бузушса болот.

Ошондуктан реформаторлор эмнени сүйлөп жана сунуштап жатканыңарды жакшылап ойлонгула. Кыргызстанды 5 жылда Сингапур кылууга болбойт. Улуу реформатор Ли Куна Ю өлкөсүн 30 жылда гана ийгиликтүү кыла алган. Силер эмне андан да кыйынсыңарбы? Элди бир, эки, үч жолу алдаса болот… Бирок аны чексиз эле алдап жүрө албайсыңар. Калпычылар доору бүткөн.

Азыр шайлоого катышуу каалоосун 44 партия билдирди. Кампания башталарда 8-10 партия калат. Калгандары өздөрүн пиарлап алып туруп четтеп кетишет.

Бизде шайлоочулардын башын айланткан партиялар көп. Кыргызстанда 300гө жакын партяи бар, шайлоого катышууну каалаган 44 партиянын арасынан туура тандоо жасап көргүлөчү. Ошондуктан тез арада цивилизациялуу партиялык түзүлүштү башташыбыз керек. Болбосо “өгүз өлбө, араба сынба” деген абалда дагы далай жашайбыз. Саясий унутчаактык, айрыкча башкаруучу элиталардын сабатсыздыгы өтө коркунучтуу.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

«Ажыдаарга айланган БШК». Атыр Абдрахматова менен манилүү маек
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясына байланыштуу 23-марттагы Жарлыгы менен 5 шаарда – Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлуу-Сууда жана 25 айыл аймагындагы шайлоону жылдырды. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 12-апрелде өтүшү керек эле.

Борбордук шайлоо компаниясы (БШК) саясий өнөктүктүн токтотулган этабынан баштап уланарын билдирген. Бирок добуш берүү кайсы күнү өтөт? Так датасы белгилене элек. Айрымдар жергиликтүү кеңешке болгон шайлоону парламенттик шайлоо менен бирге өткөрүүнү сунуштоодо. Ал шайлоо 4-октябрга белгиленген. Кимдир бирөө буга каршы болууда, алар бул биринчиден, техникалык жактан кыйынчылык туудурат десе, экинчиден шайлоочуну адаштырат дешүүдө.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова эки шайлоону бирге өткөрүү керек дейт. Elgezit.kg редакциясына берген маегинде ал муну Covid-19 жаңы коронавирус кеңири жайылып жатканда шайлоочуларды эки жолу добуш берүүгө чакыруу, алардын ден-соолугуна коркунуч туудурат деген пикирде. Ошондой эле ал шайлоо мыйзамына айрым өзгөртүүлөрдүн киргизилиши БШКны ажыдаарга айлантканын белгиледи.

— Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо качан өтөрү азыркыга чейин аныктала элек. 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чогу өткөрүү сунуштары болууда. Бул канчалык максаттуу деп ойлойсуз? Бюллетендердин көбү жараксыз болуп калып, натыйжада айрым участоктордо шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып калат деген коркунуч барбы?

— Дароо белгилеп кетейин, бул маселе боюнча менде бир пикир жок, бирок мен көбүнчө чогу өткөрүү керек деген пикирге кошулам. Эмнеге экенин түшүндүрүп кетейин. Менин оюмча, жарандар коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору болуп турган маалда  жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин эске алганда кыргызстандыктарды эки жолу шайлоого катыштыруу кооптуу. Өкмөт азыр өлкөнүн бюджетин колдоого, социалдык жактан аялуу катмарга кирген элге жардам берүүгө каражат таппай жатат, медицина кызматкерлерине жана милиционерлерге кошумча каражат төлөөнү айтпай эле коелу. Элди толук колдоо же жок дегенде чакан жана орто бизнеске мамлекеттин эсебинен жардам берүү тууралуу кыялданбай эле коеюн. Ошондуктан бюджетте эки шайлоону өткөрүүгө каралган каражатты эффективдүү колдонуубуз керек. Салык төлөөчүлөрдүн жана донорлордун каражаттарын шайлоо участокторундагы комиссиясынын мүчөлөрүнө коргонуучу каражатты эки жолу алып берип, ашыкча чыгымдын кимге кереги бар? Антисептиктерге, беткаптарга 2 жолу чыгым болуунун канчалык максаттуу? БШКда командировкаларга, шайлоо участокторунун даярдыгын көрүп, мониторинг жүргүзүүгө бир топ каражат коротулат, көп сандаган кошумча адистер командасы тартылат. Ошондуктан бир жолу чыгым болуп, айрым чыгымдардан баш тартуу максатка ылайык болот. Үнөмдөлгөн каражат медиктерге жумшалсын, себеби алар илдет менен күрөшүүдө алдыда жүрүшпөдүбү.

Учурда биз 2 миң 394кө жакын шайлоо участокторун түзүп жатабыз, шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү эске алсак, чет өлкөлөрдө 50гө жакын шайлоо участокторун ачышыбыз мүмкүн. БШКда автоматтык эсептөөчү урналардын саны 6 миң даана, алардын бир бөлүгү 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүү менен 444 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону бир өткөргөндө сатылып алынган.

Өзүңүздөр билгендей, биз жалпы элдик добуш берүү менен депутаттарды шайлоону бир күндө өткөрө алдык, демек, парламенттик жана 30 жергиликтүү кеңешке болгон шайлоону бирге өткөрсөк техникалык жактан кыйынчылыктар жаралбайт. Ооба ошол жылы көп сандаган бюллетендер жараксыз болуп калган. Бирок көбүнчө референдум боюнча болчу, бул элдин ага болгон кызыкчылыгынын жогун көрсөттү. Шайлоочулар жер-жерлердеги өз өкүлдөрүн тандоого жоопкерчиликтүү карашарын айгинеледи.

— 2020-жылда жергиликтүү кеңешке болгон шайлоого даярдыктар башталганда Ош, Каракол, Балыкчы жана Токмок шаарларында “эл массалык түрдө көчкөнүн” көрдүк. Кеп шаардын каттоосун алган айылдыктар тууралуу болууда. Алар эми добуш бере алышабы? Себеби укук коргоо органдары иликтөөнү аягына чыгарышкан жок го.

— Себеби Башкы прокуратура жана ИИМ тарабынан шайлоо боло турган шаарларда массалык түрдө каттоого тургандар боюнча иликтөө иштери аягына чыккан жок. Алар 4 айдан бери бир нерсени эле кайталап келишүүдө. Бир жарым ай ичинде түштүктөгү борбордо 40 миң, Токмокто 7 миң, Караколдо 4 миң адамдын массалык түрдө каттоого турган фактысы боюнча шектүүлөр барбы же жокпу кандай чечим чыгарылды азыркыга чейин белгисиз.

Мамкаттоонун маалыматына ылайык, Ошто массалык түрдө каттоого тургандардын бир бөлүгү паспортун алмаштырып, ID-карталарынын чиптерине жаңы маалыматтарды киргиздирүүгө жетишкен, демек алар мыйзам боюнча шайлоочулардын тизмесине кошулат. Башка шаарларда деле ушундай абал. Ошондуктан менимче, шайлоо алдындагы кампанияны токтогон жеринен баштап улантууга мүмкүнчүлүк бербеш керек. Себеби олуттуу бузуулар болду. Укук коргоо органдары так чечим чыгарышы керек: канчасы мыйзамсыз каттоого турган, ким каттоого тургузган, бул иштерге кайсы партиялар аралашкан. БШК бул ишке катыштыгы бар партиядагы талапкерлердин баарынын каттоосун жокко чыгаруусу керек. Ошондо гана биз шайлоо таза өттү дей алабыз.

— Каттоого байланышпаган дагы бир суроо. Депутаттар тобу жалган маалымат берген жарандарга айып пул салууну сунуштоодо. Мисалы, шайлоо участокторунда “көчүп” жүргөндөрдү. Сиздин оюңузча, бул норма логикага дал келеби? Укуктук жактан көйгөй жаралбайбы?

— Сиз айтып жаткан Мыйзам долбоору экс-депутат Аида Исмаилова тарабынан демилгеленип, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Президенттин алдындагы шайлоо мыйзамдарын реформалоо жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан. Анда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө терс таасирин тийгизген көп катачылыктар орун алган. Тактап айтканда, 2019-жылы жайында парламентте «колдоо тапкан» шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү киргизүүдө комплекстүү анализдин, коомдук талкуунун жоктугу,  жумушчу топтун жабык иштөөсү, өзгөчө шайлоо процесстеринде 20 жылдык тажрыйбасы бар адистердин сунуштары эске алынбаганы, кызганыч мамиле ж.б. көптөгөн толук иштелип чыкпаган катачылыктар бар.

Президенттин алдындагы жумушчу топ парламенттин ишин аткарып койду, ал эми парламент “ооба” деген гана кнопканы басуу менен чектелди. Бул өкүнүчтүү гана эмес, парламентти дискредитацияга дуушар кылды. Эми болсо жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө бийлик учуп кеткен ракетанын кемчиликтерин оңдогонго аракет кылууда.

БШКнын жана Президенттин алдындагы жумушчу топтун иши эмнеге алып келди билесиңерби? Айылдык кеңештерге айымдардын шайлануусу күчөтүү деген чакырыктын алдында БШКны жазалоочу органга айландырышты. Эми ал талапкерлерди, партияларды, шайлоочуларды, ММКларды айып пулга жыга алат. Каалаган маалында, чектөө жок. Башкача айтканда, кайсы бир кагазды алып келбей койду деген шылтоо менен шайлоодон айрым “бийликке ыңгайлуу болбогон” талапкерлерди же партияларды четтетип, БШКнын пикиринде жалган деп табылган ММКлардагы материалдар үчүн айып пулдарды салып, аларды аккредитациядан ажыратып коюусуна жол ачылды. Шайлоо процессин реформалоонун башында Боршайком тургандыктан ушундай жаңы өзгөртүүлөр киргизилип, БШКны баарын жасай алган ажыдаарга айлантып коюшту.

Мен БШКга жогоруда аталган ыйгарым укуктардын берилүүсүнө каршымын. Шайлоочуларга айып пул салуу боюнча айтсам бул өтө кызыктуу. Форма №2 толтуруш үчүн БШК чыгарган кагазга гана арыз жазып, ал бланкты участоктордон гана алып, шайлоо дарегиңди жазышың керек. 2016-жылдагы референдумда жана 2017-жылдагы президенттик шайлоодо дал ушул корголгон бланктар боюнча чуу чыккан. Бланктарды участоктордон бардык шайлоочулар ала албай калышып, бланктарды админресурсту күчтөңдүрүү үчүн колдонуп кетти деген пикирлер болгон. Шайлоочулардан арыз жазышпаса деле башка участокторго байланып калганы тууралуу көп арыздар келип түшкөн.

Карапайым элдин жашоосун татаалдаштырып эмне кереги бар? Мени таң калтырганы тиешелүү шарттарды түзбөй туруп эле отургузуп, айып салып, укуктарды чектей беришкени. Дүйнөдө добуш берүү кандай өнүгүп жатат: эч кандай арыздын кереги жок, өлкө жаранынын паспорту гана керек жана дүйнөнүн кайсы жеринде болсоң да добуш бере аласың, интернет аркылуу добуш берүү шайлоочу үчүн абдан ыңгайлуу. Биз болсо баарын татаалдаштырып эле жүрөбүз.

— Туура бизде шайлоочу менен “ойногонду” жакшы көрүшөт. Ал эми партиялар тууралуу эмне дейсиз? Өзгөчө абал учурунда жергиликтүү шайлоого катышам деген партиялар БШКнын эскертүүсүнө карабай эле үгүт иштерин улантып жатышты го. Депутаттыкка талапкерлиги койгондор подъезддерди жууп, азык-түлүк жеткирип жатышты. Бул бузууга киреби? Бул саясий бирикмелер жоопкерчиликке тартылышабы?

— Форс-мажор абалынан пайдаланып жардамга муктаждарга жардам беримиш болуп кайрымдуулук менен алектенип, үгүт иштерин жүргүзүп, азык-түлүк таратып, шайлоочуларга: “Сизге унду, майды ким алып бергенин унутпагыла” деп үгүттөгөн партиялардын, талапкерлердин баары шайлоодон четтетилиши керек. БШК 9-апрелдеги чечими менен бул аракеттердин баарын сатып алуу жана үгүт иштерин кыянаттык менен жүргүзүү деп тапты. Прокуратура, милиция партиялардын жана талапкерлердин бул кайрымдуулук фактылары боюнча иш алып барып жатат деп ишенем.

Гуманитардык жардамдарды таратууда административдик ресурстарды колдонуп, добуш сатып алууга аракет кылган партияларды жана талапкерлерди четтетүү менен БШКнын аракеттеринин мыйзамдуулугун далилдеп, шайлоочулардын ишенимин арттыра алабыз деп ойлойм.

— Жогоруда саналган бузууларды эске алуу менен шайлоо алдындагы кампаниясын токтотулган жерден баштоо туура деп эсептейсизби? Аны кайра башынан жарыялоо максатка ылайык эмеспи?

— Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо алдындагы үгүт иштерин токтогон жеринен баштоо же кайра башынан жарыялоо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн президенттик аппараттан көз карандысыздыгына, алардын позициясынын калыстыгына жараша болот . Себеби 30 кеңештеги жергиликтүү шайлоону улантуудан мурун БШК биринчиден, массалык каттоого катыштыгы бар саясий партияларды, талапкерлерди каттоону жокко чыгарыш керек, экинчиден, карантин маалында мыйзамсыз үгүт кылгандарды каттоону жокко чыгарыш керек. Ошондон кийин гана шайлоо кампаниясын улантуу мүмкүнчүлүгү боюнча чечим кабыл алышы керек.

Декларациялар эмнеге коррупцияга каршы иштебейт?
Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин 2018-жылдагы декларацияларын жарыялай баштады. Азырынча эч кандай “сюрприздер” чыга элек. Кыргызстандын саясий элитасы дагы деле жөнөкөй, башкача айтканда, аскеттердей. Аткаминерлер, депутаттар, соттор ж.б., жада калса алардын жакын туугандары материалдык жактан кедей экен. Декларациялардагы маалыматтарга караганда, алар материалдык байлыкка эмес, жан дүйнө байлыгына көбүрөөк көңүл бурушабы деген бүдөмүк ой келди.

Көпчүлүк эл өкүлдөрүнүн унаасы гана эмес, жада калса баш калкалоочу жайлары да жок экен. Анан дагы баардыгы маянага эле жашашат имиш.

Итке минген кедейлер же тишинин кирин соргон кембагалдар

Бул эки түшүнүк тең бийлик өкүлдөрүнүн декларациясынын мазмунун камтып турат.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Гүлбара Калиеванын үйү, батири, унаасы жада калса, чычкак улагы да жок экен. Бир гана маянага жашайт имиш.  2018-жылы Калиева 1 миллион 141 миң 493 сом киреше тааптыр. Анын туугандарынын дагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү жок. Алар 2018-жылы Калиевадан бир топ эле аз каражат табышкан. Болгону 498 миң 801 сом. 2018-жылдын 22-сентябрына чейин Жогорку Соттун төрайымы болуп дайындалгыча Гүлбара Калиеванын жана туугандарынын үйү жок болсо, алар кайда жашаган деген суроо туулат. Кийин кызматка келгенде мамлекеттик резиденцияга көчүп келишкен, бирок ага чейин кайда баш калкалап жүргөнү белгисиз.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын дагы унаасы, батири, жер тилкеси, кыскасы эч кандай байлыгы жок экен. Жападан жалгыз киреше булагы – маянасы. Касымалиеванын туугандарынын дагы эч кандай мүлктөрү жок.

Асель Кодуранованын дагы абалы дал ушундай. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы азыркыга чейин турак-жайсыз, унаасыз жүрүптүр.

Айрым декларацияларды карап туруп күлкүң келет. Мисалы, кээ бир аткаминерлер эмеректери бар экенин жазышкан дагы, бирок туугандарынын, өздөрүнүн кыймылсыз мүлктөрү жок экенин жарыялашкан. Анда эмеректи каякка орнотуп жүрүшөт деген суроо туулат.

Айрымдар болсо маяна гана киреше булагыбыз дегени менен балдары чет өлкөдөн акы төлөп билим алышат. Бир гана маянаң балаңды чет өлкөдө окутууга жетпей турганы баарыбызга маалым.

Декларациялар формалдуулук гана

Кызматтагы адамдардын мүлкү  жана киреше чыгашалары тууралуу тапшырган декларациясы – коррупцияга каршы негизги чаралардын бири болушу керек эле. Башка өлкөлөрдө декларация ушул максатта колдонулат. Бирок Кыргызстанда декларация тапшыруу коррупцияга каршы курал болуп бере алган жок.

Себеби башынан эле коррупцияга каршы эффективдүү система түзүлгөн эмес, декларация тапшыруу формалдуулук гана.

Аны эффективдүү кылуунун эки жолу бар. Биринчи – бул декларацияда тиги же бул киши тарабынан маалымат так жана туура берилбесе, чыгаша кирешеден көп болсо, анда коррупциялык элементтер бардыгы же жоктугу аныкталып, жоопкерчилик тартуусу зарыл.

Экинчи – декларациясы күмөн жараткан аткаминерлерге, кызмат адамдарына карата жарандык-укукттук, дисциплинардык санкцияларды колдонуу.

Кыргызстанда коррупция гүлдөп жаткандыктан баарын катары менен кылмыш жоопкерчилигине тарта берүү мүмкүн эмес. Ал эми айрымдарды камакка алуу натыйжа бербей эле, тескерисинче, бийлик айрымдарды куугунтукка алып жатканы айтылат.

Дисциплинардык жана жарандык-укуктук санкциялар аткаминерлерди мамлекеттик кызматтан кетирип, кийин ал жакка кайтып келүүсүнө бөгөт коет.

Кыргызстанда бул эки жолдун бири дагы иштебейт. Декларациясында коррупциялык элементтер бар деп камакка алынган аткаминер тууралуу уктуңуз беле? Же кызмат адамы декларацияны туура эмес тапшырганы үчүн кызматынан кеткенин эшиткен жайыңар барбы?

Биздин эл өкүлдөрүбүз үчүн декларация формалдуулук гана. Алар кирешелери чыгашалары менен тең келбей жатканы тууралуу ойлонбостон эле декларация толтура беришет. Коомчулук кайсы бир аткаминердин үйү жок экен деген маалыматка таң калбай эле, күлкү катары кабылдап калды. Себеби биз чакан өлкөдө жашайбыз. Эл ким кандай хансарайда же элиталык батирде жашарын, кандай унааларды айдарын жакшы билет. Аткаминерлер өздөрү деле муну жашырып-жабышпайт. Алар декларацияда эмне деп жазылып турганына көңүл да бурушпайт.

Бийлик декларация тапшырууну коррупция менен күрөшүү үчүн курал катары колдонуп, толугу менен реформа жүргүзмөйүнчө абал өзгөрбөйт.

Ал эми биз болсо азырынча итке минген кедей аткаминерлердин декларациясына көз чаптырып отура туралы. Жок дегенде күлүп, күлүп, көңүлүбүз ачыла түшсүн.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Жаныбек Бакчиев Кой-Таш боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими тууралуу эмнелерди айтты?
Elgezit.kg редакциясына Жогорку Кеңештин депутаты, мамлекеттик комиссиянын мүчөсү  Жаныбек Бакчиев  7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуя боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу маек берди.

— 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуя боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады. Чечим Жогорку Кеңешке келип түштү жана ушул жума депутаттар аны карары күтүлүүдө. Жаныбек Абдукапарович, чечим ачык болобу? Каалоочулардын баары комиссиянын жыйынтыктары менен тааныша алабы?

— Эсиңиздерде болсо, мамлекеттик комиссия Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 8-августундагы токтомун аткаруу үчүн премьер-министр тарабынан түзүлгөн. Ал токтомдун биринчи пунктунда парламент Кой-Таштагы окуядан кийин Өкмөт “калкты объективдүү маалымат менен камсыз кылууда” толук кандуу иш алып бара албаганы белгиленген. Биздин комиссиянын алдындагы тапшырмалардын бири дагы Кой-Ташта түзүлгөн кырдаал боюнча калкты так маалымат менен камсыз кылуу болгон. Менин кесиптештерим тарабынан комиссиянын чечими каралып жатканда айрым учурлар жабык талкууланышы мүмкүн экенин четке какпайм. Бирок негизги жыйынтык, бул күндөрү болгон окуялардын келип чыгуу себептери, эмне болгону, ким күнөөлүү болгону жана эмне кылуу керектиги жалпы элге ачык болот.

— Комиссия ишин баштай электе эле, анын курамы жарыяланганда бир топ сындар айтылган. Тактап айтканда, комиссиянын курамына укук коргоочулар кирбегени, анын курамында Алмазбек Атамбаев менен эсеп-чоту барлар бар экени, демек, комиссия адилеттүү боло албастыгы айтылган.

— Биздин өлкөдөгү саясатчылар жана коомдук ишмерлер арасында Атамбаев менен эсеп-чоту жокторду табуу кыйын. Бирок комиссиянын максаты мурдагы президенттен жеке таарынычтарды чыгарып, өч алуу эмес. Биз жасаган ишибиз менен тарых алдында жооп берерибизди, биздин ишибизди коомчулук лупа менен карап чыгарын сезип турдук. Ошондуктан адилеттүүлүк комиссиянын бирден бир принциби болду. Ошол күндөрдү эстеп көрүңүздөр. Чыңалуу күч болчу. Кой-Таштагы окуя боюнча идеалдуу мамлекеттик комиссия түзүү үчүн социалдык тармактар аркылуу сынак жарыялоого убакыт да жок болчу. Мындан сырткары, курам кандай болбосун сындар болмок. Бүгүнкү биздин коом ушундай. Албетте жарандык коомдун өкүлдөрүн көбүрөөк кошушса деле болмок, бирок биздин курам дагы тең салмактуу деп айтсам жаңылбайм.

Сүрөттө: Кой-Таштагы окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны.

— Демек комиссия адилеттүү чечим чыгарды десек болот экен да? Анда эмнеге Алмазбек Атамбаевдин же Фарид Ниязовдун маалыматын уккан жоксуңар? Ниязов комиссиянын мүчөлөрүнүн баардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирбеди беле. Жок дегенде Асель Кодуранованы же Ирина Карамушкинаны уккан жоксуңар?

— Биринчиден, Асель  Кодуранова жана Ирина Карамушкина комиссия менен иштешүүдөн баш тартышкан. Комиссия тергөө органы эмес жана биз кимдир бирөөнү суроолорубузга жооп бергиле деп зордой албайт болчубуз. Менин кесиптештерим Карамушкина менен Кодуранова комиссиянын жыйынына келүүнү эмнеге каалашкан жок билбейм. Кайрадан кайталап коеюн, кимдир бирөөнү зордоо – бул биздин компетенцияга кирбейт.

Комиссиянын ишинин алкагында күн тартибибизде Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов менен жолугушуу бар болчу. Мен ал экөөнү тең угуу үчүн добуш бергем. Бирок комиссия коллегиалдуу орган жана көпчүлүк Атиамбаев менен Ниязовду угуунун кажети жок деп чечишти. Себеби экөө тең өз позицияларын ачык билдирип келишкен, биз маалыматын укканда деле жаңы эч нерсе айтмак эмес деп ойлойм. Комиссиянын ишинин жүрүшүндө Атамбаев тараптан өкүлдөрү, окуянын катышуучулары, мурдагы президенттин саясатчы тарапташтарынын катышуусу камсыз кылынган. Алардын арасында Кой-Таштын жашоочулары дагы болду.

Жаныбек Бакчиев

— Комиссиянын чечиминде 7-8-августтагы Кой-Таштагы кырдаал боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин кароо маселеси бар же жок экени баарын кызыктырып турат.  Биринчи күнү, 7-августта пландоо жана ишти алып барууда күч органдарынын тажрыйбасыз экени көрүнүп калды. Эч ким отставкага кетпесе абдан таң калычтуу болот. Албетте, абалдын курчушуна Атамбаев күнөөлүү экени талашсыз. Бирок кандай чуу болбосун дайыма эки тарапта тең күнөө болот эмеспи.

— Атамбаев өзүн мыйзамга каршы койду. Бул анын эң бакшы катасы болду. Абал өзгөчө болду жана күч түзүмдөрү тарабынан өзгөчө чечимди талап кылды. Бирок болору болду. Тилекке каршы, тарыхты макулдашып жазуу мүмкүн эмес. Күч түзүмдөрү тууралуу айта турган болсок, комиссия күч органдары эмнеге дал ушундай чечим кабыл алганын, эмнени жетекчиликке алганын, Кой-Таштагыдай сыяктуу форс-мажордук кырдаалда чечим чыгаруу алгоритмин түшүнүүсү керек эле. Ар башка мекемелер арасында координация процесси кантип ишке ашарын билиши керек болчу. Себеби координация бузулганы көрүнүп турду.

Биздин комиссиянын алдына коюлган негизги тапшырмалардын бири өлкөнүн улуттук коопсуздук стистемасындагы системалык көйгөйлөрдү аныктоо болчу.

Ал эми жеке жоопкерчилик тууралуу айта турган болсок, бүгүнкү кырдаалда Кой-Таштагы окуялар боюнча күч органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин кароо – бул компромисске келүү боюнча айтылбаган коомдук макулдашуунун милдеттүү бөлүгү.

Сүрөттө: солдон оңго — УКМКнын төрагасы О.Опумбаев, Башкы прокурор Ө.Жамшитов, ички иштер министри К.Жунушалиев 2019-жылдын 13-августунда маалымат жыйыны учурунда.

— Сиз отставка болобу же жокпу деген суроодон четтеп кеттиңиз го?

— Келгиле, паровоздун алдына чуркабай, Жогорку Кеңеште чечимдин угулушун күтөлү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков ММК өкүлдөрү менен жолугушканда дагы айткан.

— 7-августтагы окуя “Альфа” атайын кызматынын аброюна катуу сокку болду. “Альфа” 7-апрелдеги окуялар боюнча узакка созулган соттук процесстерден кийин эми-эми өзүнө келе баштаган эле.  Кайрадан “Альфанын” жабыркоосуна жол бербөө үчүн мамлекеттик комиссияда кандайдыр бир рецепт барбы?

— «Альфа» мен үчүн – өзгөчө талуу аймак. Бул бөлүмгө байланышкан окуяларды жүрөгүмө жакын кабыл алам. Аскерлерди – чыныгы патриотторду, жогорку класстагы тажрыйбалуу аскерлерди саясий максаттарга жетүү үчүн колдонуу туура эмес. “Альфа” кандай тапшырмаларды аткаруу үчүн түзүлгөнүн жана кандай абалда аларды иштетүү керектигин бийлик түшүнүүсү керек.

— Чоң рахмат, Жаныбек Абдукапарович. Мындан ары дагы Elgezit.kg редакциясына маек берип турасыз деген ишеничтебиз.

Сабыр МУКАНБЕТОВ: “Партбосстор моралдык, психикалык жактан катуу жабыркашат. Качан болсо кысынып, жашынып, көптөрдөн качып жашоого мажбур…”
Кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү коомдук ишмер, публицист Сабыр Муканбетов «Майдан. kg» гезитине маек куруп,  келе жаткан парламенттик шайлоо жана талкууга түшкөн босого чеги жөнүндө ой бөлүшкөн.

— Азыр  2020- жылдагы парламенттик шайлоого карата саясатчылар баш көтөрүп, коом ичинде кызуу талкуулар башталды. Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштагандар кескин көбөйдү. Негизинен эле, ушу 9%дык босогону төмөндөтүүнү талап кылып жатышкандай. Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кандай карайсыз?

— Бул жөнүндө көп эле айтылган. Былтыр, мурдагы жылы айтканбыз, жазганбыз. Биз эле эмес, көптөгөн саясатчылар, серепчилер айтышкан. Президент Сооронбай Жээнбеков да – “… шайлоо өз мөөнөтүндө, 2020-жылы өтөт. Ага чейин убакыт бар, Шайлоо кодексин жакшылап талдап, шайлоого бир жыл калганга чейин өзгөртүүлөрдү киргизип алышыбыз керек”- деген мааниде сөзүн айтканы эсибизде. Анткени мыйзамга ылайык шайлоого бир жыл убакыт калгандан баштап Шайлоо кодексин өзгөрткөнгө болбойт. Бул да туура. Депутаттар колдон келет кылып, өзүлөрүнө ылайыктап мыйзам чыгарбасын дешкени. Эми карачы, кандай болуп атат? Мыйзамды бузуп, шашылыш өзгөртүү киргизгенге баратабыз. Эмнеге былтыр чыгынган жокпуз? Депутаттар эмнени ойлоп жүрүштү? Жеке маселелеринен бошошкон жок, айдама да болуп калышкан.

— Кеп чынында, “9% босогодон байлар, олигархтар гана өтпөсө башкаларга, айрыкча жаштарга, таза, чынчыл жаңы күчтөргө жол жок”- деген пикир туура эле болуп атпайбы. Босогону 7%га, 5%га, 3%га түшүрүүнү сунуштап жатышат. Босогону такыр эле алып салууну сунуштагандар да бар. Буга кандай дейсиз?

— Ооба бул Шайлоо кодексинде мүчүлүштүктөр көп. Бирок парламентке өтүү үчүн партияларга шайлоодо коюлган босогону төмөндөтүү менен эле маселе чечилбейт. Азыркы 9% каалайбызбы, каалабайбызбы шайлоого катышуучу партиялардын (уюшмалардын, тизмелердин) санын кескин кыскартат. Мурда 30га чамалуу уюшма катышып жүрсө, азыр ончакты, балким андан аз уюшма катышышы мүмкүн. Анткени тобокелдик керек, аябагандай чоң каражат керек болот.

Ошон үчүн саясатчылар, саясый күчтөр бириккенге, быгышканга мажбур. Бирок баары батышпайт, батышкан күндө да бири-бирине суу куйушуп, беткарашкыс болгондор бириге алышпайт. Тизмедеги орундардын тартыштыгы мандаттын баасын асмандатаары турган иш.

Андыктан Шайлоо кодексин өзгөртүү керек. Бул талашсыз. Бирок өзгөртүүлөр мыйзам чегинде болуусу кажет. Анүстүнө босого пайызды төмөндөтүү менен маселе чечилбейт да. Аны таптакыр алып салсын дегендерди деле колдосо болот. Мисалы мен колдойм. Ал үчүн шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы байланышты күчөткөн система керек. Тизмеге кирүүнү аукционго айландырган системаны түп-тамырынан жоюу керек. Андай жол бар.

— Бирок эми азыр кандай кылабыз? Шайлоого бир жылдан аз убакыт калганда мыйзамсыз жол менен өзгөртүү киргизсек, жаңы шайланган Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү кандай болот? “Силер мыйзам бузуу жолу менен шайлангансыңар”- деген балээге кабылбайбызбы?

— Туура айтып атасың, кабылабыз. Эрте ойлонушубуз керек эле. Жакында эле ошо 9%ды кабыл алышкан, ошондо, кабыл алып жатканда эмнени ойлошкон десең? Жеке кызыкчылыктардан бошобогон депутаттарыбыздын күнөөсү да.  Эми мына, карасаңар, “көчүккө тукум жакындап келгенде” какылыктаган тооктой болуп безилдеп атышат.

Ошондо да Шайлоо кодексин ар тараптан, толук, элге, мамлекетке пайдалуурак кылалы дешкен жери жок. Өзүлөрүн гана ойлоп, порогду гана төмөндөтүү жөнүндө кеп кылышууда. Ошондой өзүмчүл болгондору үчүн, жалпы ишке баштарын иштеткилери келбей “ступорго” батып отурушкандыктан, алар жанагы “баран” деген сөздү угуп атышат.

— Анан эми, азыр, шайлоо системасын толук кандуу такуулап, элдин мүдөөсүнө кызмат кылчу Жогорку Кеңеш шайлай тургандай кылып өзгөртпөстөн, шашылыш эле порогду 5%, 3%га түшүргөндө кандай пайда табабыз?

— Менимче эч кандай деле элге, журтка пайдасы болбойт.  Болгону, “аа, порог төмөндөдү”- деп, тизме тизмектеп, банковать эткендердин саны гана көбөйө түшөт. Анткени тизмеге кирүү баягыдай эле акча аркылуу чечилмей бойдон калып атпайбы. Анан кандай толк болмок эле? Акчалууларга, олигархтарга гана мүмкүнчүлүктөр, квоталар кеңейет. Жаштарга, жаңы күчтөргө жол ачылбайт. Элге, прогрессивдүү күчтөргө эч деле пайдасы жок. Акчалуулардын гана кармашы бойдон эле калат.

Жыйынтыгында бул жол менен шайланып келгендер деле жакшы аттуу болушпай, элдин жек көрүүсү күч болот. Акыры, эртеби-кечпи, Шайлоо кодексине адилеттүүлүктү камтый турган, кардиналдуу өзгөрүүлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз. Ал күн кеч болсо да, баары бир келет. Тарыхта беш жыл, он жыл деген көз ирмемге эле тете. Биз, адамдардын өмүрү кыска болгону үчүн, шашкалактап, чычкалактай беребиз.

Анткени, өмүрдү жакшы жагына өзгөртүп, натыйжасын өз көзүбүз менен көргүбүз келет. Бир келген өмүрдө бакубаттуулукка туйтунгубуз келет. Бул негизи жаман каалоо эмес. Бирок шашкалактап абалды оорлотуп алганча, “жети өлчөп бир кескен туура эмеспи” деп ойлойм.

— Анан ошондо кандай кылалы деген ойду айтмакчысыз?

— Моисей деле элин 40 жыл кыйнап, чөлдө ээрчитип жүргөн экен. Биз алардан эмнебиз кем? Дагы бир аз кыйналсак да келечегибиз түз болсун дешибиз керек. Кыска мүнөздүү өзгөртүүлөрдөн пайда жок. Өзгөртсөк ашыкпай талдап, кардиналдуу өзгөртүүлөргө барышыбыз керек. Жалпы Кыргызстан бир округ болуп бир тизме түзгөндөн кетишибиз керек.

Мисалы Кыргызстан боюнча тогуз округ (жети облус, Бишкек, Ош) кылып, анан тогуз тизме кылса, же андан да көп округ кылып, ар бир округ боюнча өзүнчө тизме кылса неге болбосун. Бир жагынан ар бир округдан ким чыгып атканы шайлоочуларга айкын болуп, шайлоочу менен талапкердин ортосу жакындайт.

Экинчи жагынан ар бир партияда тогуз тизме болсо, тогуз ондук токсон орун болуп, орун сатмак тургай, толтуруу кыйындаганы жатпайбы.

Элди ойлосок ушундай кардиналдуу өзгорүштөргө барып, эртерээк оң жолго түшүп, шайлоочуларга тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайлы да. А тигинтип шайлоо босогосун төмөндөтүү эчтеке чечпейт. Мандат саткан чайкоочуларга эле жакшы.

Азыр эми, баары эле “депутат болсом, бийликке жетсем, байып кетсем”- деп жулунуп, жеке кара башы үчүн далбастап атканын көрүп атабыз. Шайлоого салган акчалары деле атасынан калган эмес. Көбү уурулук жол менен байышкан. Ошон үчүн “суунуку сууга” дешкенсип, миллион долларга болсо да мандат сатып алууга даяр. Ак эмгеги менен тапса антишпес эле. Ойлонушат болчу.

Анан буларды, булардын акчасын аяп эмне кылабыз? 9% менен жалаң тандалган байлары чыгып, челекке түшүп бири-бирин кырып, жеген крысалардай болуп кырчылдашышсын. Көрөлү да. “Байдын малын байкуш аяптыр” деп эмне кылабыз? Кайда шашабыз?

Булар арам акчаларын чачышсын, максаттарына жетишсин. Азыркыдан да жек көрүндү болгон парламентке ээ бололу. Ошондо балким көзүбүз ачылат. Ошондо анан окончательно кутулалы дейбиз, булардан. Ошондо анан олигархтар шайланбасын деген мыйзам кабыл алып, 2022-жылы кезексиз шайлоо өткөзүп, окончательно кутулабыз булардан! Анткени чыдай албай калган чекке ошондо жетебиз.

— Эми, мобу, “депутат болом” деп, дегдеген саясатчылар тууралуу, анан “депутат кылам” деп, тизме тизмектеп, банковать этип аткан партия лидерлери, крутой саясатчылар тууралуу азыноолак аңгемелешели деп атам. Мурда депутаттык мандаттын баркы жогору эле. Камакка алыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынчу. Азыр болсо каалаган депутатыңды четинен жетелеп камаган заман. Ошого карабай эле депутаттыка умтулгандардын катары калың. Муну кандай түшүнөбүз?

— Депутат деген эми, канткенде да бийик статус. Эл өкүлү, мамлекеттик адам дегенди туюнтат. Жылуу-жумшак жерде, жетиштүү киреше менен, кааласаң иштеп, кааласаң иштебей 5 жыл өмүр сүрөсүң. Өкмөт көзүңдү карап турат, тил табышсаң пайдага туйтунуп, короткон акчаңды эселеп кайтарып аласың.

Кайда барсаң сый-ургаал, төргө өткөрүшөт. Акча коротпой жер кыдырасың. Чет жерлерде да сага өзгөчө мамиле кылышып, кайда болбосун жашыл жарык. Камакка алуу маселеси деле коррупция, анан өзгөчө оор кылмыш эле болбосо камай алышпайт.

Камалчу статья болгон күндө да депутат болбогонго караганда депутат болгондуку артыкчылыктуу. Сүйлөшүп алуу шансы жогорураак. Санай берсе дагы артыкчылыктары чыга берет. Ошондуктан депутат болом дегендер жетиштүү.

Бирок ошого карабастан, айрыкча жашы өтүп калган саясатчылар арасында “депутат болбой эле койдум” дегендерди да жолуктурдум. Мен бир топ депутат болгон агалар менен сүйлөшүп, “300 миң долларды коротуп депутат болуп, анан ал акчамды кайрыйм деп абийримди соодалаганча, ошол акчага тынч эле жашаганым оң эмеспи. Мага эмне керек (?), эчкинин жашындай жашым калды”- деген маанидеги сөздөрдү эшиттим. Баары бир карылык адамкерчиликке үндөйт экен деп калдым.

Андыктан убакыттын өтүшү менен коомубуз бышып, менталитетибиз жакшы жагына өзгөрүп, азыркыдай уят-сыйытты жыйыштырып салмайыбыз артта калып, өнүккөн элдердин нугуна түшөбүз деп ишенем.

— Эми “депутат кылам”- дегендер тууралуу да айта кетсеңиз. Жөнөкөй депутаттардыкы эле мынча экен, партбосстордун кирешеси кандай болду экен?

— Партбосстордуку он эсе, жүз эсе, өкмөт башчылыкка жетсе миң эсе жогору десек болот. Пайдасы асмандын башы болгону менен жоопкерчилиги да оңой эмес. Моралдык, психикалык жактан катуу жабыркашат. Такай стресс абалында. Акчасы көп болгон менен уйку жок байкуштарда. Качан болсо кысынып, жашынып, көптөрдөн качып жашоого мажбур.

Ондогон, жүздөгөн адамдарга убадаларды беришет, “депутат кылам” деп эбегейсиз каражаттарды чогултушат, касам ичишет, бүтүмдөрүн нотариус аркылуу бекитишет, видео жазышат. Анан ал акчалар, биртикеси гана босстун калтасында калбаса, калганы шайлоодо чачылат.

Анан убадалар аткарылбай жакалашмайлар, телефон менен башка чапмайлар, прессага чыгып боктомойлор, айыптоолор, Өмүрбек Абдырахмановго окшоп тергөөгө көрсөтмө берүүлөр башталат. Анан ошол стресс беш жылга, андан кийин өмүр бою да созулат. Ден соолуктан айырат, абийириңди кетирет, түрмөгө да түшүрөт.

Мен мындай, “шайлоодо банковать” эткенден тажануу, зааркануу бар экенин кийинки кезде, досум Өмүрбек Текебаев менен болгон баарлашуулардан байкап калдым. 2010, 2015 жылдары эки ирет “банковать” эткендердин көбү ушундай маанайда, эмне кылаарын билишпей, “мойнунан байлаган иттей” болуп турушат.

2010, 2015-жылдары эки ирет “банковать” эткен Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов заарканып атса, бир ирет гана мындай ыпыластыкка малынган Канат Исаев, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев ж.б. дагы деле алаканын укалап, шайлоого аттанууга даяр.

Бирок булар деле бул шайлоодон кийин, берки, алдыңкы катардагы экөөнүн кейпин кийип, депрессивдүү жагдайга кабылышаарында шек жок. Же үч жолку шайлоодо катары менен жеңилип, спонсорлорун банкрот кылып, көптөгөн адамдардын ишенимин жоготуп алган Адахан Мадумаровдун кейпин кийишет. Айтор бул жакшы эмес, чындыгында эле өтө ыпылас системага кептелиппиз.

Анан эми коррупция менен күрөш алкагында, алдыдагы шайлоодо “черный касса” менен добуш сатып алуулар укук коргоо органдары менен тыкыр көзөмөлгө алынса кандай болот? Анда ичкениң ирим, жегениң желим болду дей бер. Элестет, баштагыдан эселеген азаптар, стресстер башка келсе… Бир чети бооруң ооруйт, буларгачы…

Өмүрбек Бабановдун деле шайлоодон четтешинин үч себебинин бири: “бирөөлөрдү депутат кылам деп көрүнгөндөн акча жыйып, убада берип, убараланып башыма балээ үйүп эмне азап? Же эмне мага акча жетпей жатабы? Мүйүздүү болом деп кулагыман ажыраганча тынч эле болойун”- деген аргумент болгондой.

Бир чети туура да. “Ач кулактан тынч кулак!”

Маектешкен  Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити

Дастан Бекешов: «Мамкызматкерлердин жазылбаган эрежеси бар – баардык жетишкендиктер жетекчиликке тиешелүү болуш керек»
Дастан Бекешев Курсан Асановдун кызматтан бошотулушу боюнча: Мамкызматкерлердин жазылбаган эрежеси бар – баардык жетишкендиктер жетекчиликке тиешелүү болуш керек

13-августта Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановду “7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялардан соң  кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатканы үчүн жана ишенимди жоготкону үчүн” деген негиз менен кызматтан бошотушту.

Эске сала кетсек, 7-августта УКМКнын атайын кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин хан сарайына бастырып киришкен. Атамбаевдин тарапташтары аларды үйдүн ичине киргизбей, бекинип алышкан. Атайын операция болуп жаткан жерде Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана анын орун басары Курсан Асанов да бар болчу. 8-августта Курсан Асанов Атамбаевдин хан сарайында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мурдагы президентти бункерден чыгууга көндүргөн. Асанов бул сүйлөшүүнү ийгиликтүү жүргүзгөн.

Ички иштер министринин орун басарынын кызматтан алынышы кыргызстандыктардын арасында кызуу талкуу жаратты. Көпчүлүк генералдын кызматтан алынышына таң калып, нааразычылыктарын жашырган жок. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Elgezit.kg сайтына бул абал боюнча пикирин билдирди.

— Мамкызматкерлердин жазылбаган эрежеси бар: баардык жетишкендиктер жетекчиликке жазылышы керек. Себеби жетекчи иштеп жатат, ал эми анын кол алдындагылар тапшырманы гана аткарат деген пикир бар. Операциядан соң Курсан Асанов атайын операция Кашкар Жунушалиевдин жетекчилиги алдында ийгиликтүү өткөрүлдү деп айтса, анда ал ээлеген кызматында кала бермек. Кептин баары мына ушунда эле. Ал эми операциянын өзү тууралуу айтсак, Ички иштер министрлиги ийгиликтүү өткөрдү, анткени ал курмандыктарсыз өттү жана жапа чеккендер да болгон жок.

Ал эми УКМКнын “Альфа” атайын кызматынын операциясы тууралуу айтсак, алар бул ишти жөндөй алышкан жок жана өз убагында аткара алышпады. Башында эле муну менен (экс-президент Атамбаевди кармоону) ИИМ алектениши керек болчу. Бул боюнча дагы иликтөөлөр жүрөт го. Ал эми баардык мамлекеттик кызматкерлер төмөнкүдөй көрүнүштү кабыл алуулары керек: жетекчисинен кыйын, мыкты болуп кетпеш керек, өзүн пиар кылбашы керек, жада кала бул иш системага ийгилик алып келсе дагы.

-Сиз Курсан Асанов өзүн пиар кылды деп эсептейсизби?

-Коомчулукка пайдалуу ошондой иш (өзүн-өзү пиар кылуу) болгон күндө дагы, бул бизде кандай кабыл алынарын көрүп жатасыңар: сен бир иш жасадың, сени эл жакшы көрүп жатат, ал эми мени эч ким эстеген жок дегендей мамиле.

Курсан Асановду кызматтан алып жатып Өкмөт баардык ишти юридикалык жактан тууралады деп ойлойм. Бирок ал каалаган учурда кызматтык иликтөөнүн натыйжасы боюнча сотко кайрыла алат.

-Курсан Асанов Атамбаевдин штабына маалыматтарды “жиберип” турган, баштыкка салынган акчаларды жана баалуу буюмдарды берген деген маалымат боюнча эмне айта аласыз?

-Баштыкка байланышкан окуя – бул болбогон иш. Эмнеге? Себеби Атамбаев акча жана баалуу буюмдар салынган баштыкты бергидей ал Атамбаев менен анча жакшы мамиледе болгон эмес. Мен кызматтык иликтөөнүн куралдарды алуу кол капсыз жүргүзүлгөн деген жери менен гана макулмун, бул маанилүү элемент болуп саналат. Куралды алардан мурда эксперт-криминалист далил буюм катары куралды карап чыгышы керек болчу.

Курсан Асанов Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйындарына келгенде суроолорго дайыма жакшы жооп берчү. Өз тармагы боюнча баардык маалыматка ээ болгон жана аны түшүнүктүү кылып жеткире алган министрдин орун басарларын табуу оңой эмес.

-Куран Асановго байланыштуу чечимди сиз кабыл алсаңыз, ал кандай болмок?

-Тергөө тартиптик жаза колдонсо болмок, мисалы эскертүү берип. Коомчулукка ал өз кадамдарын жетекчилик менен макулдашпай жасап, өз участогунан кетип, кармоого барды деген маалыматтарды таратпай эле коюу керек болчу. Эмне кереги бар? Ал сөгүш алганын баары билиши шарт эмес. Анын каталарын коомчулуктун алдында чукуп эмне кереги бар эле? Баарын жайыштын да кереги жок болчу. Билбей, азыр Кыргызстанда баарын баарына айткан заман болуп калды. Курсан Асанов тууралуу айтсам, ал сөгүш алмак, бул коомчулукка өтө маанилүү деле жаңылык эмес.

Аны кызматтан кетирүү менен, ал эл ойлогондой өтө жакшы деле эмес дегенди айткылары келди.

Сүрөт интернеттен алынды

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, авторлордун пикирлери редакциянын көз карашын билдирбейт.

Кой-Таштагы окуядан кийинки жашоо
Серепчи Эмиль ДЖУРАЕВ – атайын Elgezit.kg үчүн

Жыйынтык

Биринчи түнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо (же күбө катары күч менен алып келүү) операциясы ийгиликтүү болбой, натыйжада абал чыңалып, андан чыгуучу жол туңгуюк болуп турду. Мындай операцияны жүргүзүү боюнча чечимди ким кабыл алганы түшүнүксүз, бирок аны пландагандар өтө чоң ката кетиргени көрүнүп турду. УКМКнын жетекчисинин Кой-Ташка күч жөнөтүп жатып, Атамбаев курал колдонорун күтпөгөнүн айтканы анын жана кесиптештеринин шалаакылыгынан кабар берет.

Ийгиликсиз өткөн операциядан соң мурдагы президент бийликке салыштырмалуу баатыр болуп чыга келди. Бирок триумфтан сырткары Атамбаев жана анын командасы белгисиздиктен улам чочулап да турушту. Бул эки абалды — триумфту жана чочулоону кошкондо Атамбаев тараптан күтүүсүз, өтө курч кадамдарды күтүүгө мүмкүн болчу. Форумда митинг болот дегени дагы дал ушул абалдан улам келип чыккан.

Ал эми бийлик болсо бул абалдан улам тепкиде калды. Президент депутаттардын алдында сүйлөп жатып жеңилгенин билдирбей, жайкап кетүүгө аракет кылып, кан төгүлүүсүнө жол бербөө үчүн бийликтин аброю курмандыкка чалынганын билдирди. Кандай болбосун операциядан кийинки белгисиздик бийликти дагы коркунучтарга тушуктуруп, катуу чараларды дагы көрүүгө даяр абалга кептеди.

Ишти жок дегенде дагы бир күн созо турганда баары Атамбаев жана анын тарапташтарынын канча адам чогултуп, көчөгө алып чыгарынан көз каранды болмок. Эгерде убадаланган митинг болуп, миңдеген тарапташтар чогулганда, бийлик үчүн абал бир топ оор болмок дагы, көзөмөлдөн чыгып кетиши толук мүмкүн болчу.

Муну түшүнгөн бийлик митинг башталгыча Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө бастырып кирип, митингди болтурбоо аракетин көрдү. Миңдеген күч кызматкерлеринин жана атайын техниканын күчү менен үйгө кирип, андан соң Атамбаевди багынып берүүгө “көндүрүүгө” мүмкүн болду.

Бул окуялар Кыргызстандын жаңы тарыхына мүнөздүү десек туура болот. Бийликтин алсыздыгы, талаштуу укуктук институттар, мыйзамдардын туруксуздугу, элдин күчү – бул факторлор Кыргызстандын саясий жашоосундагы дайым болуп турчу көрүнүшкө айланды. Бул жакта адилеттүүлүк, укук үстөмдүгү деген түшүнүктөргө орун аз, ал эми расмий институттар тууралуу кеп кылбай эле коелу.

Таң эрте эске келген алгачкы суроо — ким күнөөлүү? Эки тарап тең. Бул жерде ак, айыпсыз болуп, баатыр ролунда болчу тарап жок. Албетте, мындай абалдын жаралышына көбүнесе бийлик күнөөлүү жана Атамбаевди кармоо операциясында бийлик бир нече ката кетиргени сокурга дагы көрүнүп турат. Бирок абалдын курчуп кетишине мурдагы президент себепкер болду. Анын тарапташтары “мыйзамсыздык!” деп канча кыйкырышканы менен, дал ушул мыйзамсыздыктын пайдубалын мурдагы президент түптөгөн жана өзү үйүнө жашынып, ага келген расмий чакырууларды көңүл сыртында калтырды. Бул президент жасай турчу кадам эмес эле. Ал кечээкидей ыкма менен коргонгону мыйзамсыздыктын жана тарапташтарынын, элдин, өлкөнүн, мыйзамдын алдындагы жоопкерчиликсиздиктин туу чокусу болду.

Уландысы

Жашоо уланууда. Эми абал кандай өңүттө уланары өтө маанилүү. Эми баардык иш үчүн жоопкерчилик алган бийликтин алдында бир нерче принципиалдуу иштер турат, туруктуулукту сактоо үчүн жаратман болуп, өлкөнү мыйзамдуулук үстөмдүгүнө алып келүү, адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана легитимдүү бийлик болуусун камсыз кылуу, кыскасы акыркы жылдары жетишпей туган кемчиликтерди жоюу.

Ал эми жакынкы күндөрдү айта турган болсок, бийлик тынчтыкты камсыз кылып, Атамбаевди кармоодон улам келип чыккан чыңалууну жоюп, туруксуздук болушуна жол бербеши керек. Кармоодон кийинки биринчи түн эч кандай жоготууларсыз өттү, бирок шаар тынч болду деп айтуу кыйын, демек бийлик мындан аркы жашоо өз нугунда кетүүсүн камсыздаш керек. Аны менен катар эле бул иштердин баары жарандардын негизги укуктарына терс таасирин тийгизбей, башкача айтканда, эркин жүрүү, маалыматтардын жеткиликтүү болуусу сыяктуу ж.б. укуктар чектелбеши керек.

Ал эми жакынкы айлары бийлик Атамбаев менен болгон мамиледе кандайдыр бир чекти сакташ керек, бул бир аз оор болушу ыктымал. Биринчи түндөгү катуу кармашуудан кийин бийликтин аброюна доо кетти, демек адамдык кек алуу орун алышы ыктымал.

Атамбаевге ойго келген жана келбеген күнөөлөрдү илип, аны Аль Капоне, Милошевич жана Чикатило кылышы мүмкүн. Бирок мындай кадам бийликтин аброюн дагы түшүрүп, келечекте куугунтуктоолор болушу ыктымал. Атамбаевге байланышкан тергөө жана сот иштерин театрга айлантпай, мыйзам чегинде жүргүзүү абзел.

Ал эми келечекке көз чаптырсак, Жээнбеков президенттик мөөнөтү аяктагыча төмөнкү иштерди аткарышы керек: өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу, саясий куугунтуктарды токтотуу, укуктук саясатты жүргүзүү. Президент Сооронбай Жээнбеков буга биринчи кезекте кызыкдар болушу шарт. Төрт жылдан соң ал кызматтан жүзү жарык болуп кетиши керек. Буга чейинки президенттердин катасын кайталабашы абзел.

Бул үчүн Жээнбеков жана анын айланасындагылар келерки жылдагы парламенттик шайлоону таза өткөрүп, атаандаштыкка жол ачышы керек. Кадр саясатына кылдат көңүл буруп, тажрыйбага басым жасоо зарыл. Сот системасы, жалпы эле укуктук талаа жаңыланып, тазаланышы абзел. Саясий туткундарды бошотуп, өлкө саясатында плюрализмге жол ачылуусу шарт. Жаңы саясий партиялардын өсүүсүнө мүмкүнчүлүк берилип, жаңы лидерлердин келүүсүнө пайдубал түптөлүшү керек. Мунун баары өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эффективдүү, реалдуу долбоорлор менен коштолуп, социалдык абал жакшыруусу үчүн тиешелүү иштер жасалуусу шарт.

Ушул үч ишти түшүнүп жана туура аткаруу менен гана Президент Жээнбеков 2023-жылы Ак үйдөн башын бийик көтөрүп чыгып, өзү каалагандай неберелери менен шаарда эркин сейилдей алат. Муну ал эле эмес, карапайым калк деле каалап турарында шек жок.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Cүрөт интернеттен алынды

Кой-Таштагы окуя боюнча белгилүү саясатчылардын пикири
Elgezit.kg Кой-Таштагы окуя боюнча белгилүү саясатчылардын пикирлерин жарыялайт.

Феликс Кулов, (КР УКМКсынын экс-төрагасы):

«Бул күч органдарынын шалаакы аракети. Мындай ишти таңга маал кылыш керек болчу»

«Бул күч органдарынын шалаакы аракети болуп калды. Мындай ишти таңга маал кылыш керек болчу. Курмандыктар болбош үчүн объектиде эмне болуп жаткандыгы тууралуу толук маалымат керек эле. Ушундай оор кырдаалга туш болгон балдарга боорум ооруп жатат.

Атамбаев күбө катары каралып жатса, аны алып кетүүгө милиция келиши керек эле. Болгондо дагы куралсыз операция болсо туура болмок. Негизи эркине каршы кармап кетүү иштери мыйзам боюнча кечки убакта жүргүзүлбөшү керек. Эгер экс-президентти айыпталуучу катары кармагысы келсе, дароо эле басып кирбей, алгач айыбы угузулушу керек болчу.

Жээнбеков эмгек өргүүдө жүргөн кезде мындай атайын операция уюштурган күч органдары президенттин бетине көө жапты.

«Мындай учурда УКМК расмий түрдө түшүндүрмө бериши зарыл. Бүгүн президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Булардан тышкары, Жогорку Кеңеш каникулун токтотуп, кезексиз жыйынга чогулушу керек. Бишкек мэриясы дагы шаардык кеңештин депутаттарын чогултушу абзел. Мунун баары жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн иштөөсү керек», — деди Кулов. (Sputnik  агенттигине берген маегинен)

Омурбек Бабанов (КРнын экс-премьер-министри): Кан төгүүгө жол жок!

Урматтуу Кыргызстандыктарым,

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Алмазбек Шаршенович,

Алакандай Кыргызстаныбызда кайрадан жүрөк үшүн алчу окуя болуп кетпесин! Элибиз менен укук коргоо кызматкерлерибизди козутпай, бөөдө кырсыкты курчутпай, тезинен бул тирешүүнү токтотууга азыркы президент Сооронбай Шарипович менен экс-президент Алмазбек Шаршеновичти чакырам!

Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир өлкө президентине тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Азыр бул жарандык тирешүүгө алып келип бараткан жеке конфликттин улантылышына эч жол бербей, токтотуш керек!

2002 жылы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергендиги үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010 жылы Таластагы жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн элибиз Бакиевди эч качан кечирбейт. Каргашалуу тарыхыбызды экинчи эч кайталабайлы, элибиз эле кыйналат!

Кой-ташта жүргөн адамдар да, ал жакка жөнөтүлгөн атайын бөлүктүн кызматкерлери да биздин жарандарыбыз, өзүбүздүн эле уулдарыбыз, кыздарыбыз, эжелерибиз, байкелерибиз! Аларды алдыга түртүп, өмүрлөрү менен тагдырларына балта чабуу чоң кылмыш!

Бул тирешүү мындан да чоң кесепеттерге алып келиши ыктымал!

Элимди курмандыкка чалбай, жеке кызыкчылыктарды тыйууга чакырам!

Эч бир иш канга тете эмес!

Апрел айында да провокациялар болооруна, алардын азабын тарапташтарым тартаарына көзүм жеткендиктин айынан гана эстегенде эки көзүм төрт болгон өз элиме, өз жериме келбедим.

Азыр болсо учурдагы жаңылыктарды тиктеп, жан-дүйнөм эңшерилип турат. Буга кантип жол берилди?

Экөөңүздөрдү тең бул тирешүүнү токтотууну жана токтошуңуздарды суранам!!! Алааматка жол ачпай, элибиздин тынчтыгы үчүн, уул-кыздарыбыздын амандыгы үчүн!

Бул абалды кызытып жибербей, кармап калыш керек.

Атайын операцияны токтотуу абзел!

Бийлик акылга таянып иш кылат деп күтөм.

Каза болгон жапжаш инибиздин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жаратканым элиме тынчтык берсин, эл уулдарына сабырдуулук тартууласын.

(Саясатчынын instagram баракчасына жарыяланган билдирүү)

Темир Сариев (КРнын экс-премьер-министри): Чыңалган абалды жөнгө салуу үчүн жарандык коом курамына кирген комиссия түзүү керек

“Кой-Таштагы кечээки окуялар өлкөнүн саясий абалынын курчушуна алып келди. Ал көзөмөлдөн чыгып мындан ары жаман жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн.

Буга байланыштуу Кыргызстанда абалды турукташтыруу үчүн саясий чечимдер кабыл алынуусу керек.

Президент жана парламент тарабынан спецназ каза болгон кагылышуу үчүн укук коргоо органдарынын жана өкмөттүн ишине баа бериши керек.

Кой-Таштагы чуунун жана эки тараптын аракеттерине байланышкан баардык ишти иликтөө үчүн жарандык коомдун катышуусунда мамлекеттик комиссия түзүү керек.

Мамлекеттик комиссия иштеп жаткан учурда мамлекеттик бийликти дагы, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын дагы радикалдуу кадамдарга барбоону суранат элем.

Баардык саясий күчтөр абалды турукташтырууга жана аны мыйзам жолуна түшүрүүгө болгон күчүн жумшашы  керек.

(ММКларга чыккан расмий билдиүү)

Алмамбет Шыкмаматов (КР ЖК депутаты): Парламент абалды жөнгө салуу боюнча комиссия түзүүсү керек

Бүгүн чогулабыз деп турабыз. Депутаттар үн катпай тура беришет деп ойлобойм, себеби өлкө коркунучта турганда үн катпай койсок эл кечирбейт. Кесиптештерим элдин алдында жоопкерчилигин сезишет деп ойлойм. Азыр көңүл бурбай койсок, анда эл толкуп кетиши мүмкүн. Бийликтин шалаакылыгынан улам локалдык конфликттер чоң чууга айланып бара жатат. Бийлик абал көзөмөлдө деп ойлоп жатат. 2005-2010-жылдары бийлик жана күч түзүмдөрү баары жайында деп келишкен, аягы эмне болду? Биз бир эле орго кайра-кайра түшө бербешибиз керек. Күч органдары менен элдин кагылышына жол бербөө үчүн тынчтык жолун издешибиз керек. Парламент абалды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комиссия түзүүсү керек. Туруктуулукту сактоо үчүн бир муштум болуп биригишибиз керек.

(Kaktus.media агенттигине берген маегинен)

Мелис Мырзакматов («Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери): Айрым адамдардын кызыкчылыктары адамдардын өмүрүнөн жана мамлекеттеги туруктуулуктан жогору турбашы керек!

Урматтуу мекендештер!

Кой-Таш айылындагы окуялардын натыйжасында каза болгон жигиттин жана жарадар болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Буга байланыштуу элибизди сабырдуулукка жана акылмандыкка, араздашкан тараптарды абалдан чыгуу жолун акылмандуулукка салып таразалоого чакырам.

Канчалык адилеттүү жана туура болбосун, кандай максат болбосун адамдардын курмандыгын актай албайт. 2013-жылы 2-декабрда саясий куугунтукка тушугуп, калк арасында массалык колдоого алынып турган маалда дагы, коомчулукта туруктуулук жана тынчтык болсун деп, тарапташтарымдын ден-соолгу жана өмүрү, алардын эркиндиги үчүн жоопкерчиликтүү экенимди эске алып мен конфликттин курчушунан кооптонуп, бийликке каршы турууга барган эмесмин.

Урматтуу мекендештер, айрым адамдардын кызыкчылыктары адамдардын өмүрүнөн жана мамлекеттеги туруктуулуктан жогору турбашы керек!

(ММКларга чыккан расмий билдиүү)

Исхак Масалиев (ЖК депутаты): Баардыгына Атамбаев жоопкер!

Абал кооптуу. Тыкыр иликтөө жүргүзүү керек, күнөөлүүлөрдүн баары жоопкерчиликке тартылышы керек. Атамбаевди коргоп жаткандардын колуна курал кайдан тийди? Ал кантип ушуга жол берди? Баарына жооп бериши керек.

Күч органдарынын жетекчилерин отставкага кетирүү керек деп санабайм, бирок атайын операция жүргүзүүдө ким катачылык кетиргенин аныкташ керек.

(24.kg агенттигине берген маегинен)

Равшан Жээнбеков (ЖКнын экс-депутаты) : Атамбаевди кармоо боюнча президент Сооронбай Жээнбековду айланасындагылар сатып кетишти

Бизде учурда 3 талап бар

1) Милиция кызматкерлерин мурдагы президенттин үйүнө киргизбөө;

2) Байланыш менен камсыз кылуу, башкача айтканда, интернет жана мобилдик байланышты калыбына келтирүү;

3) Электр энергиясы менен камсыз кылуу.

Азырынча талаптар ушулар. Биз мындан аркы кадамдарды дагы талкуулайбыз, бирок башкысы адамдардын жана Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу.

Сооронбай Жээнбеков операциянын баардык деталдарын жана коркунучтарды билген, бирок аны сатып кетишти. Анын айланасында ар түрдүү адамдар бар. Алар сатып кетишти деп эсептейм. Мындай операцияны оңой эле жасайбыз деп ойлошкон. Бирок бул президенттен жоопкерчиликти албайт. Болгон президенттин айланасындагылар убакыт келди, операцияны тез эле бүтүрөбүз деп, бирок жаңылып калышты.

Атайын кызматтар коомчулукту адаштырып, резина октор гана колдонулду деп жатышат. Кагылыштан кийин хан сарайдын аймагында согуштук куралдын октору колдонулган куралдар калып калыптыр. Бул куралдарды күч органдарына кайтарып беребиз.

Илим Карыпбеков (КТРКнын экс-директору): Атамбаев өлкөнүн келечегин ойлогон акыркы адам!

АША бүгүн өлкөнүн келечегин ойлогон акыркы адам! Чындыгында ага баары бир, кек гана сактоодо! Анын бийлигин тартып алышты, демек баарына жаман болушу керек. СШЖнын кадрлары болсо б.к! Далба….змдин генийлери! Башка эч нерсе айткым келген жок!

(Твитердеги баракчасынан)

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, авторлордун пикирлери редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөт: WWW

Кыргызстандын президентин Москва «кармап калды»
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев өткөн жумада Кой-Таштагы резиденциясында бий кечесин өткөргөнүнө караганда анын үстүнөн айланып жаткан кара булут жок болгондой, жок дегенде күзгө чейин. Москвада абал жогорудагыдай деп санашпайт жана республикадагы ички саясий абалга тынчсыздануу болуп жатат. Муну Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун пландалбаган жолугушуусу тастыктап турат.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өткөн аптада Швейцарияга иш сапары менен барган, бул өлкөнү 50-жылдардан бери “дүйнөлүк өкмөттүн штаб-квартирасы”, ошондой эле “Ак үйгө кирүүчү жашыруун босого” деп да атап келишет. Расмий маалыматтарга ылайык, сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү Эл аралык валюта фондуна арналган. Эки тарап тең бул институт анын мүчөлөрү жана дүйнөлүк экономика үчүн маанилүү экенин баса белгилешти. Ошондой эле тараптар Кыргызстандын ички саясатындагы көйгөйлөрдү дагы талкуулашты. Өз кезегинде Жээнбеков Швейцарияга кыргыз экоөнүмдөрүн: бал, жаңгак, как жана төө буурчакты сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстандын жетекчиси Бернге “Аэрофлот” компаниясынын кадимки каттамдагы учагы менен учканы кабарланды. Ал Москва аркылуу учкан. Каттамдар ортосундагы күтүү керек болгон 6 саатты текке кетирбей, Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Жакында эле Кремль сунуш жасап, андан Жээнбеков баш тарта алган эмес. Эки өлкө башчылары эмне тууралуу сүйлөшкөнү жарыяланган жок. Албетте, кыска жолугушууда эки тараптуу кызматташуудагы көйгөйлөр жана Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында интеграция маселеси талкууланбаганы түшүнүктүү.

Алмазбек Атамбаев өткөн жуманын аягында бий кечесин өткөргөнүнө караганда, Москвадагы жолугушууда экс-президенттин тагдыры талкууланганы түшүнүктүү болду. Атамбаевдин пайдасына. Атамбаев Жээнбеков сыяктуу эле Москвага белги берип турду. Экс-президент менен карама-каршы турууда Кремлдин позициясы маанилүү. Бирок Кремль эки тарапка тең тартпастан ортодогу тең салмакты карманды.

Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков: “Көз карандысыз мамлекеттин ички иштерине кийлигишпейбиз” — деген.

Бирок Швейцарияга болгон сапардан кийин абал өзгөрдү. Жээнбеков АКШ менен сүйлөшүүгө барууга жана кызматташууга даяр экенин билдирди.

Кыргыз саясатчысы Марс Сариев “Независимая газетага” Кыргызстандын ички саясаты Москваны тынчсызданып жатканын билдирди. Кыргызстанда саясий туруктуулук маселеси курч болуп турат. Кремль Кыргызстан экинчи Афганистан болуусун каалабайт.

“Эгерде буга чейин Москва эки жолборстун кармашуусун сырттан карап турган маймыл позициясында болсо, бүгүн мындай сырттан карап туруу позициясы жеңиш алып келбей турганын түшүндү. Атамбаев менен Жээнбековдун кармашынан башка чоң оюнчулар колдонуп, Борбордук Азияда туруксуздукту пайда кылышы мүмкүн”,- деди эксперт.

Анын айтымында, экс-президент бийликти теңине албаган талаа командирине айланып бара жатат. Эгерде аны күч менен кармай турган болсо анда курмандыктар болуп кетиши мүмкүн. Натыйжада анын тарапташтары көбөйүп, коңшу айылдар кошулуп түндүк менен түштүк ортосунда аймактык бөлүнүү башталат. Атамбаевде чоң ресурс пайда болот, Кыргызстан талаа командирлери өлкөсүнө айланат. Жээнбековдун рейтинги төмөндөйт. Ошондуктан Россиянын президенти Жээнбековду Бернден Бишкекке болгон сапар учурунда жолдон кармап алып, анын позициясын укту. Швейцарияда кыргыз лидери “дүйнөлүк өкмөттүн” колдоосун алганга аракет кылды жана кандайдыр бир чечкиндүү чараларды көрүүсү мүмкүн деп санайт эксперт.

Ошондой эле эки өлкө башчысы аткезчилик жана наркотрафик менен күрөшүү маселелерин талкуулады. “Акыркы убакта Москва бул багытта Кыргызстанда олуттуу көйгөйлөр бар экенин белгилеген”,-деп жазган Stanradar Россиянын президенттик администрациясындагы булактарына таянып.

“Независимая газета” бул тууралуу 2018-жылдын 25-декабрында чыккан номеринде жазган. Тактап айтканда, 20 жыл ичинде кыргыз бажысы Кытайдан келген товарлардын жалпы суммасы 11,64 млрд доллар экенин билдирген. Ал эми кытай тарап болсо, Кыргызстанга чек ара аркылуу 61,667 млрд долларлык товар өткөнүн билдирген. Айырма 50 млрд доллар болуп жатат. 2017-жылы кыргыз бажысы Кытайдан 1,5 млрд доллардан бир аз көбүрөөк суммага товар келди десе, Кытай бажысы 5,337 млрд доллар деген маалымат берген. Айырмачылык 3,9 млрд доллар. Ошол эле 20 жыл ичинде Кыргызстан Түркиядан Кыргызстанга 1,129 млрд долларга товар келген десе, түрк бажысынын маалыматы боюнча 2,968 млрд долларлык товар жөнөтүлгөн. Айырмачылык 1,839 доллар. Кыргыз элитасы аткезчиликтин эсебинен жашап жатат. Москванын бул пикирин Бишкекте республиканын түштүк кланына болгон кысымы жана өкмөттө жана бажыда кадрдык алмашууну күтүп жатышат деп баалаган.

Москванын пикиринде, аткезчиликтен сырткары Афганистандан баңги заты көп келет, бирок кармалгандардан тартып алынган маңзатынын көлөмү Тажикстан менен Өзбекстанга караганда алда канча аз.

«Кыргыз милициясы героинди такыр байкабай жаткандай түр калтырат. Улуттук коопсуздук кызматы кандайдыр бир кармоолорду жүргүзүп жатат, бирок ал республика аркылуу өткөн биздин маалыматтарга дал келбейт”,-деп билдирген Stanradar булагы.

Жээнбековдун ИИМдин ишин жакшыртууга каражат сураганын Кремль колдогон эмес. Россия тарап жардам берүүгө даяр, бирок кыргыз өнөктөштөрүнөн абалды жакшыртуу боюнча конкреттүү жана реалдуу пландарды күтөт.

Москванын Стратегиялык баа жана сереп борборунун директорунун орун басары Игорь Панкратенконун пикиринде, Москванын көзүнө Бишкек туруктуу аймак катары көрүнөт, өзгөчө көйгөйлөр деле жок, кошумча күчтү талап кылбайт.

Мындан сырткары, Кыргызстандын ЕАЭБге жана ЖККУга мүчө экенин эске алсак, Москвада Кыргызстанды өзүнчө республика катары эмес, Россиянын өзгөчө макамы бар региондорунун бири катары санашат. Демек, Россиянын бир регионунан, мисалы Урал же Сибирь федералдык округу катары эле өзгөчө көңүл буруунун деле кереги жок. Ооба, ал жакта кандайдыр бир көйгөйлөр бар, биз аларга 6 млрд долларлык долбоор боюнча сөз бергенбиз, эми шашпай эле иш жүзүндө чечип коёбуз дегендей мамиле. Анын айтымында, кыргыз-орус кейси: Бишкек лоялдуулук үчүн Москвадан кезектеги траншты күтүп жатканынан, Москва төлөп берүүгө даяр, бирок дароо эмес деген абалда турат.

Мамиле мына ушунда, ал эми алга сүрөөчү экономикалык долбоорлор тууралуу эч кандай сөз жок.

Булак: Независимая газета. Сүрөттөр www.president.kg сайтынан алынды

Мурдагы президенттин маселеси, туруму жана аракеттери жөнүндө
Эмиль Жураев — атайын Еlgezit.kg басылмасы үчүн

Кыргызстандын саясый жашоосунда маанилүү кубулуштар орун алып, ага жараша калың эл, активдүү топтор, саясатчылар ар кандай кыймыл-аракеттердин үстүндө болууда. Булардын баарынын эң маанилүүсү – мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге болгон мамиле, аны колдоо же ага каршы болуу. Өзгөчө кызыгууну туудурган маселе – Атамбаевдин өзүн-өзү коргоо боюнча туруму жана аны жактап турган кишилердин аргументтери. Сергектик менен, кылдаттык менен бул маселени талдап албасак, адилеттүүлүккө эч кимдин кызыгуусу жок эле, коомубуз жеке бир кишинин кызыкчылыгынын туткуну болуп калуудабыз. Бул кооптуунун алдында бир нече принципиалдуу нерселерге көңүл буруп коюуу туура болот.

Биринчиси: Азыркы президент менен мурдагы президентти бирге карап, бирөөсү мыйзам бузса, экинчиси да өзүнүн мыйзам бузуусу үчүн жооп бербеш керек деген адашуу. Ар бир кишинин мыйзам алдында жоопкерчилиги жекече. Эгер азыркы бийлик мыйзам бузуп жаткан болсо, аны токтотууну жана мыйзамды сактоону талап кылыш керек. Андай талап кылууда, «силер оңолгончо мурдагы президент да жооп бербей турсун» деген таптакыр логикага да, мыйзам принцибине да туура келбеген нерсе. Өлкөбүздө мыйзам бузуу өтө эле көп, тилекке каршы. Бирөөнүн жоопкерчилигин экинчинин жоопкерчилигине байлап койуу анархияга алып келет: анда төгөрөктөгү элдин баарысы жооп бермейин мен да жооп бербейм деп жүрө берели. Андыктан, азыркы бийликти канчалык сындабайлы, ал сын мурдагы президенттин жоопкерчилигин жеңилдетпеши керек.

Экинчиден: Мурдагы президент ага каршы ачылып жаткан процесске ишенбөө көрсөтүп, мыйзамдуу териштирүү болбойт деп, ошонун негизинде өзүнүн хан-сарайын аскердин базага айлантып, «курал менен коргоном» деп турат. Бирок, мыйзамдык-соттук процесстердин мыйзамдуу эместигин келтирген кезде да, абройлуу саясатчы жана эл башчы ал процесске катышып, өзүнүн актыгын ошол териштирүү кезинде айтуусу керек, соттун мыйзамсыз экенин да ошол жерде айтуусу керек. Курал менен, туугандары менен, жада калса таш менен коргоном деп турганы — бандиттердин, ОПГнын деңгээли. Атамбаевди туурап, элдин баары эле соттон өзүн-өзү курал менен, күч менен коргой баштаса эмне болоорун ал өзү, өзгөчө анын жанына келе калган кишилер ойлонду бекен? Мисалы, жолдон ГАИ кызматкери токтотсо баарыбыз тапанча көтөрүп, «силер коррупционерсиңер, мен силердин бийликти кабыл албайм» деп коргонсок, эмне болот? Албетте, баарыбызда тапанча жок, курал жок. Куралы бар экенине мактанган, «өзүмдү-өзүм коргоп көнгөм» деп төш урунган Атамбаев өзүнүн эң жакын санаалаштарынан уялса болот – ошол куралы менен анда Сапарды да, Албекти да, Дамирди да сактап калбайт беле? Ал байкуштарда курал жок тура. Чынына келгенде, ошол эле Сапардын өз ыктыяры менен, баарын билип туруп суракка катышып, камалып калганы – анын эрдигин, Атамбаевден жарандык аң-сезим деңгээли алда канча бийик тураарын көрсөтөт.

Үчүнчүдөн: Кээ бир мурдагы президенттин жанында жүргөндөр ал киши камалса бийликке оппозиция калбай калат, анда бийлик такыр чектен чыгып кетет дешет. Бул жерде да логика да жок, чындык да көрүнбөйт. Бийлик чектен чыгып жатса, Атамбаевдин бар же жогуна карабайт го. Атамбаев оппозицияны бириктирет, бийликке оппозиция болот деген кандай гана өзүн-өзү алдастоо! Бийликтен кеткенден бери Атамбаев кымындай да оппозиция боло элек, ал жалаң өзүнүн кызыкчылыгын, саясый салмагын, анча-мынча үзөңгүлөштөрүнүн таламын талашуу менен эле алек. Кечээ эле ал киши бийликте туруп, кандай иш алып барганын өз моюндары менен тарткан кишилер бүгүн аны оппозициянын тиреги катары көргөндөргө таң каласың. Чыныгы оппозиция боло алчу, бийликти өз терисин коргоо үчүн эмес, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн сындачу күчтүү кишилер да бар, топтор да бар. Так ошондой жөндөмү да, тажрыйбасы да, мүмкүнчүлүктөрү да бар кээ бир кишилер бүгүн Атамбаевге таянып калганы өзгөчө кейитет.

Төртүнчүдөн: Азыркы кезде Атамбаевди соттоого, аны камакка алууга иш жете элек. Ага коюлган айыптар мыйзам ченинде айып да эмес, тергөө эми эле башталган убакыт. Атамбаев аппак, эч бир кылмыш кылган эмес дегендер анын үй-бүлөсү жана бирге устукан жегендер эле болсо керек, же өткөн 6-7 жыл бою өлкөнүн саясатынан кабары жоктор болсо керек. Азыр аны жактап жаткандардын көбү чындыкты билишет го. Ошол билгендер коюлуп жаткан айыптардын ачык жана адилет иликтенишин талап кылышы керек. Толук, адилет иликтөө үчүн, албетте, Атамбаев өзү да көрсөтмө бериши керек болот. Анын катышуусу болмоюн, иликтөө албетте толук да болбойт, адилеттүү да болбойт. Ошону билип турган кишилер анын өз короосуна камалып, курал менен коргонуусун туура көрүп, колдоо көрсөтүүсү кайра эле логикага жатпайт.

Бешинчиден: Атамбаев өзүнүн ордосунда бекинип эле отуруп калбастан, ал жерде байма-бай сүйлөп, маалыматтык айдыңда президент кезинде болуп көрбөгөндөй активдүү болууда. Ар сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн президентине, бийлигине акаарат келтирип, каралоо, шылдыңдоо аракетин көрүүдө. Президент ага ушу күнгө чейин таамай жооп бербегени албетте эң туура. Атамбаев менен сөз айтышса, ошонун деңгээлине түшүш керек эмеспи. Атамбаевди колдоп келген, көкүрөгү соккулап турган кээ бир жарандар сүйлөй коюп, элге, өлкөгө кооптуу ойлорду айта башташты. Өзү айтпаса да, колдоочулары айтуусуна өбөлгө түзүп берди: кыргызды түндүк-түштүккө бөлгөн сөздөр, же ошол мааниде айтылган сөздөр пайда болууда, бийликти зордук менен оодарып салууга чакырыктар айтылууда. Президентке карата айтылган ыпластыктар, кемсинтүүлөр, маданиятсыздыктарды айтпай эле коёлу. Ушундай кубулуштардын баарысын көрүп туруп, ошого түз же кыйыр колдоо көрсөткөн кээ бир ага-эжелерге кейийсиң.

Алтынчыдан: Атамбаевдин бир канча жолу айтып жаткан бир сөзү – досун бийликке алып келип ката кетиргени жана ал катасын оңдоого умтулуусу. Ал сөзүн уккан, көргөн, байкаган жарандар – ушуну угуп туруп кантип ачууңар келбейт? Бул ап-ачык эле биздин элди, Кыргызстанды урматтабаганын айтып жатканы го. Көрсө, президентти эл тандабай эле, Атамбаев тандаган тура? Президент жакпай калса, эл эмес, Атамбаев өзү эле оңдоп койом дегени го? Анчалык айтты, эми акырына чейин айтсын: «элим, силер эч кандай шайлаган эмессиңер, үстүңөргө өз досумду өзүм эле отургузуп койгом, ошол досум мага каршы чыкты эле эми аны бийликтен кетиргени жатам», деп. Ой-жүгүртүүсү, түшүнүгүнүн деңгээли ушундай болгон кишини «демократмын» деген бир топ кишилер жандап жүргөнүнө кейийсиң. Атамбаев шайлоо кезинде кылган былыктары эмне болсо да, бүгүн эл биз шайладык деп, мандат берип, бийлик берип турган өлкө башчысына менчигиндей мамиле кылуусу – элге келтирген акаараты, бүткүл элдин абройуна шек келтирүүсү. Элдин тандоосуна кийлигишкен болсо, Атамбаев ал кылмышы үчүн да жооп бериш керек. Президент элге жакпай калса, аны бийликтен эл өзү кетирет, мурдагы президенттен сурабайт.

Жетинчиден (акыркысы ушул болсун): Сөзгө келчү, аргументти уга алчу, азыр Атамбаевдин айланасында жүргөн мекендештерге – Жээнбековдун бийлигин, андан кийин да келчү башчылардын бийлигин тизгиндеп, контролдоп, чектеп калуунун маанилүү шарты: Атамбаевди азыр баатыр кылбоо, анын өзү жасаган иштери үчүн, катачылыктары үчүн, жооп берүүсүнө шарт түзүү. Анткени, эгер ар кандай ашынган автократ, бийликти узурпациялап, мыйзамды көзгө илбей баарын башкарган кишилер тактан кетээри менен «мен акмын, мен жаңы бийликтин курмандыгымын» деп, колдоо таба берсе, анда биздин бийлик эч качан оңолбойт. Бүгүн ууру, эртең баатыр болуу мынчалык оңой болсо, чынчыл болуунун, жакшы болуунун пайдасы эмне?

Жогоруда айтылгандар, албетте, Атамбаевдин дарегине жана өзгөчө аны азыр колдоп турган, кечээ эле анын адилетсиздиктерин жакындан көрүп жүргөн кишилерге карата айтылды. Бул жерде азыркы бийликтин аракеттери туптуура, же азыркы президент ката кетирбей жатат деген аргумент жок. Көптөгөн кемчиликтер, каталар орун алып жатат. Бирок, ошондой кемчиликтер кетип жатат, туура эмес иштер болуп жатат деген жүйөө менен эле Атамбаевди коргоп, аны баатыр кылып, анын уялаарлык азыркы иш-аракеттерин туура көрүү – баарынан ашкан катачылык экенин айткым келди. Ар кимдин жоопкерчилиги өз мойнунда болуусу абзел, бирөөнүн катасы экинчинин катасын жокко чыгарчудай, адилеттүүлүк деген математика же физика эмес.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Роза Отунбаева: Атамбаев өлкөнү “өз” жана “өзгө” деп бөлүп, аймактар аралык жаңжал чыгаргысы келип жатат
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин акыркы аракеттери боюнча билдирүү таратты. Elgezit.kg редакциясы билдирүүнү орус тилинен кыргызчага которуп берүүнү туура көрдү.

2016-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңештин оппозициялык фракцияларынын бири тарабынан президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгеси бул күндөрү логикалык өнүгүүсүнө келип жетти. 2019-жылдын 12-июнунда 40 депутаттын көтөрүп чыккан демилгеси менен коюлган айыптоолордун көбү негиз катары 2016-жылдын февраль айында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент А.Атамбаевге импичмент жарыялоого даярданып жатканы боюнча билдирүүсүнөн алынган.

Ошол маалда 2016-жылдын ноябрь айында башкаруучу фракциялардын бири “Кыргызстандын” лидери Канатбек Исаев президент Атамбаевдин ишин сындап, аны Конституцияны бузуп, бийликти узурпациялоодо деп айыптап чыккан. Бул эки депутат дал ушул кадамдары үчүн Атамбаев тарабынан саясий куугунтукка алынышкан”! “Ата Мекен” оппозициялык фракциясынын дагы эки депутаты дагы Атамбаевдин Конституцияга каршы, мыйзамсыз аракеттерин сындап, соттук репрессияга кабылышкан. Ошондуктан, Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевге айып коюп, аны кол тийбестик укуктарынан ажыратуусу анын президент болуп тургандагы иш-аракеттерине берилген баа болду.

Учурда парламентти жана А.Атамбаевди кол тийбестик укуктарынан ажыратуу чечимин колдогондорду макулдашып алышты деп сындашып, таарынгандар, өч алгандар аташууда.

Парламенттин табиятында депутаттык саз деген түшүнүк бар, бул демек өзүнүн позициясы жок жана конформизмден улам эле добуш берип коет. Бирок ал жерде бийликтин басымына карабастан тарыхый окуялардын жүрүшүнө, мамлекеттик башкаруунун мыйзамдуулугуна, бийлик бутактарынын конституциялык балансынын сакталуусуна таасир бере турчу чыныгы трибуналар бар. Ошондуктан парламент канчалык көп түрдүүлүк жана карама-каршылыктар болбосун анын институт катары легитимдүүлүгүн сактап калуу маанилүү.

Жогорку Кеңештин ар бир чакырылышы дайыма элдин сынына кабылып келген ошондой эле авторитардык башкаруучулар өздөрүнүн бийлигин бекемдөө керек болгондо дагы буйрутма берип тоскоолдук жаратып келген. Учурда Алмазбек Атамбаев коомчулук алдында парламентти атайын каралап, мамлекеттик ишмердин оозунан чыкпай турган сөздү айтты. Ал кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси өлкөнүн күн тартибинде бар экенин билген жана өзүнө карата анын чечимин дискредитация кылууга аракет кылды. Ал муну атайын парламенттик шайлоо алдында жасап, алардын мыйзамдуу мөөнөтүн жокко чыгаргысы келди дагы Жогорку Кеңештин таратуу менен тезинен жана башаламан шайлоо өтүүсүн каалаган.

Бүгүн Атамбаевдин кол тийбестик укугунан ажыроосуна нааразы болгондор депутаттык кол тийбестик жеңил эле жокко чыгарылганын, эл өкүлдөрүн камакка алууга алардын макулдугун албаш үчүн депутаттарды оор кылмыштарга күнөөлөө ойдон чыгарылганын унутуп калышты. Парламентти таратуу талаптарынын баары бийликтин мыйзам чыгаруу бутагын сындырып, аны президенттин башкаруусуна салып берүү үчүн жасалып келген. Мунун баары кыргыз парламентинин жүзүнө таасир берди.

Бирок Жогорку Кеңешти сындап жатып ал мамлекеттик башкаруудагы ачык аянт катары калганын жана эл тарабынан шайланган жалгыз институт экенин, бийлик бутактарынын балансын сактоону камсыз кыларын унутпаш керек. Тарых кыргыз парламентинин уятка калган учурларын жана татыктуу кадамдарын, трагедиялык күндөрүн эстен чыгарбайт. Депутаттар келет, кетет, бирок жогорку ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттин аброюн сактап калуу маанилүү. Жогорку Кеңештин аброюн улам улам төмөндөтүү менен парламенттик башкарууну ишке ашырууга мүмкүн эмес.

Атамбаевдин мыйзамсыз кадамдарын сындагандар парламенттин дубалдарынан сырткары дагы бар – саясатчылар, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер. Алар өздөрүнүн принципиалдуу позициясынан улам куугунтукка, репрессияларга учурашты. Буйрукка баш ийген соттор тарабынан негизсиз жарандык арыздар жана ойлонуп табылган кылмыш иштери боюнча соттолушту. Ошол маалдагы президент Атамбаевдин буйругу менен ондогон саясатчылар отуруп чыгышты жана дагы деле отурушат. Жалган жана мыйзамсыз иштер аркылуу намыска шек келди, тагдырлар талкаланды, эркиндик тартып алынды – аларды жөн гана таарынгандар деп атоого болобу?!

Жакында эле Алмазбек Атамбаев “кылмыш иштери ушактын жана фантазиянын негизинде ачылат” деп ойлобогонун билдирди. Ал президент болуп турганда анын оппоненттерине жана сындагандарга карата кылмыш иштери ушундай жол менен ачылган жок беле. Ал “эч нерсени көргөн эмесмин, билген эмесмин, уккан эме”мин» дегени менен, ал окуялар ММКларда кенен чагылдырылып жатпайбы – күнөөсүзмүн, билген эмесмин деп кимди ишендиргиси келип жатат?

Мен Атамбаев президент болуп турган маалда оппоненттери өткөн соттук-укуктук башаламандыктан өтсүн дегендерди колдобойм. Ага коюлган айыптар боюнча адилеттүү жана калыс иликтөө болуусу маанилүү. Бирок учурда тергөө органдарында жана соттордо ошол эле принциптери жок адамдар иштешет. Соттук-укуктук реформа эми гана башталып жатат. Ошондуктан тезинен саясий куугунтуктарга жана коррупцияга аралашкан тергөөчүлөрдөн, прокурорлордон жана соттордон арылуу иштерин баштоо керек. Азыр коомчулук тажрыйбалуу, билимдүү жана Ак үйдүн кайсы кабинетинен буйруктар келип жатканын түшүнүшөт.

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаев президент болуп турган маалда айрымдарды репрессия кылып, куугунтукка алган деген айыптоого далил “азырынча таба элеги” өкүндүрөт. Бийликтин сот бутагы адилетсиз чечим чыгарылып турганда көз карандысыз боло албайт! Соттор коомчулук тарабынан колдоого алынганда жана негиздүү чечим чыгарганда гана көз карандысыз болушат. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот иштерин кайра кароо институту иштегенде гана мыйзамдуу жолдор менен адилеттүү чечим чыкканда гана элдин сотторго болгон ишеними артат.

Дал ушундай жол менен гана Алмазбек Атамбаевге жана башка коррупциялык кылмыштарга айыпталып жаткан аткаминерлерге карата мыйзамдуу, адилеттүү чечимдер чыгат. Дал ушундай жол менен гана Кыргызстандын жарандарына карата тергөө иштери, прокурорлордун айыптоолору, сот чечимдери мыйзамды сактоо менен жүргүзүлөт. Албетте бул убакытты, саясий эркти жана жарандык көзөмөлдү талап кылган татаал процесс. Бирок көптөн бери коомчулук күткөн талаптарды аткаруу үчүн ал бүгүн башталышы керек.

Реалдуу соттук-укуктук реформа көптөгөн көйгөйлөрдү чечмек. Бийлик бутактарынын балансын калыбына келтирип, анын биримдүүлүгүн бекемдеп, жоопкерчилигин күчөтмөк.

Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Ушул күндөрү Атамбаев укуктук аракеттерге каршы иштерге даярдык катары баалоого боло турган бир нече нерселерди айтып жиберди. Азыркы бийликти «бакиевдики» деп атоо менен ал бир гана нерсени — аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү «өз» жана «өзгө» деп бөлүүнү көздөп жатат. Аялдардан, аксакалдардан жана жаштардан өзүнө тирүү коргон жасап, өзүнө карата ыкчам тергөө аракеттерине курал менен каршылык көрсөтөрүн билдирүүдө. Ал муну оппозициялык ишмердүүлүк жана жеке эрдик катары сүрөттөп жатат, бирок ал өзүнүн саясий чабалдыгын жана адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө

Ушул эле тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор менен өзү куугунтукка алган атаандаштарына, митинг өткөрбөй, өзүнүн актыгын сотто далилдөөгө ал өзү чакырып келген эмес беле? Саясий буйрук менен камакка алына турганын билип туруп, өзүнүн атынын актыгы үчүн күрөшүү үчүн Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга келбеди беле? Аз күн мурдараак Армениянын президенти Роберт Кочарян үчүнчү жолу камакка алынып, бирок күнөөсүн мойнуна албаганына карабай, соттун чечими чыккандан кийин тергөөгө өз ыктыяры менен келди. Ал муну атаандаштары менен тарапташтарын кагыштырууну жана араң жеткен туруктуулукту бузуп алууну каалабай турганы менен түшүндүрдү. Мына, саясий лидерлердин жоопкерчилиги жана инсандын духунун бекемдиги.

Алмазбек Атамбаев ушул саясатчыларды үлгү тутуп, өзүндөгү коомго болгон сый мамилени ойготсо болмок. Ошондо коом да ага карата кылмыш ишин жарандык көзөмөлгө алмак

Биздин жаш өлкөнүн калыптануусу оңой болгон жок, биз тандап алган парламентаризм оңой келген жок. Биз сырттан карап турган достор, бизнестеги өнөктөштөр, коңшулар, саясий аналитиктер жана чет жактагы мекендештер таң калып жатышат: КРда үчүнчү революция болобу деп жатышат?! Байыркы эл, бирок эки революцияны башынан өткөргөн жаш улут кандай кадамдарга барат деп турушат. Алардын эс тутуму ушунча кыскабы? Өткөндөн сабак алышпайбы дешүүдө.

Коомчулукта атайын жасалып жаткан чочулоого карабастан Атамбаевдин элди бөлүп жаруу, туруксуздук жаратуу аракеттери ишке ашпайт деп ишенем. Мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы жеке амбициялардан жана эмоциялардан жогору турушу керек. Эл бүгүн туруктуулукту талап кылууда жана эч кандай авантюраларды колдобойт.

Экс-президенттиктин мааниси. Роза Отунбаева менен маек
Кыргызстанда акыркы жолу ѳлкѳ башчысы алмашкандан бери, ары тактыдан кеткен президенттин аракеттеринен улам, ары жаңы президенттин ишинен улам, ары жалпы саясый топтордун талаштары, талкуулары жем берип, экс-президенттер жана экс-президенттик макам тууралуу кѳптѳн кѳп сѳз болууда. Жакында эле, Жогорку Кеңеш кабыл алып, Президент Жээнбеков кол коюп, “КР Президентинин ишмердүүлүгүн камсыздоо” жѳнүндѳгү мыйзамга экс-президенттерге тиешелүү жаңылыктар ишке кирди. Экс-президенттиктин мааниси, талабы, тажрыйбалары тууралуу азырынча бирден-бир айтып бере алчу кишиге, экс-президент Роза Отунбаевага кайрылып, чакан маек курдук.

— Урматтуу президент айым, Роза Исаковна, саламатсызбы! Кѳптѳн каалап жүрүп, бүгүн сизге жолугуп турганыма ыраазымын. Бизге убакыт тапканыңыз үчүн чоң рахмат. Анда мени кызыктырган, жана кѳпчүлүккѳ да сѳзсүз кызыктуу болчу суроого кайрылалы – экс-президенттик маселесине. Экс-президент болуу кандай экен ѳзү? Бул макамдын жүгү, жоопкерчилиги көбүрөөкпү, же кандайдыр бир артыкчылыктары кѳбүрѳѳк бекен? Жеке сиз ѳзүңүз бул макамыңызга кандай карайсыз?

-Менин оюмча ѳлкөнүн лидери болгон адамдар үчүн жумуштан кетти, жумушу бүттү деген заман, түшүнүк болбош керек. Биздин өлкө жаш, тамтаңдап бутуна тура албай келе жатат. Баарыбыз Кыргызстан өнүксүн деп аракет кылып келебиз. Мына 30 жылда 30 жолу Өкмөт өзгөрдү. Премьер-министрлердин көбү жумуштан кеткенине кейип, “ойдогу пландарым жасалбай калды, элди жыргата турган проекттерим бар эле” деп ѳкүнүшѳт.

Беш президент болгону тууралуу айтпай эле коёюн. Менин түшүнүгүм боюнча, жумушта болосуңбу же кетесиңби, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аракет кыла бериш керек, ага тоскоол жок. Сөзсүз эле кызматка барып, алдыңда машина болуунун, кабинетке отуруунун кереги жок. Бул ишти каалаган жерден жасай берсе болот.  Учурда президенттер велосипед менен жумушуна барганын, элди аралап жүргөнүн көп эле көрүп жатабыз, демек, президенттик деген элге кызмат кылуу. Ошондуктан экс-президенттик деген бул моюндагы түшпѳс жүк, ѳтпѳс жоопкерчилик, ѳлкѳнүн келечегин, түйшүгүн ойлоп уктай албайт экенсиң.

Мен президенттиктен кеткенден кийин экс-президенттер эмне менен алек болору боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрдүм. Ошондон эң эле керектүү, Кыргызстанга ыңгайлууларын иргеп алып, ишке ашырып жүрөм. Экс-президент катары мен “Мадрид клубунун” мүчөсүмүн. Бул 100дөн ашуун мурдагы премьер-министрлер жана президенттер чогулган дүйнѳлүк клуб. Борбору Мадридде. Дүйнө жүзү боюнча бир жылда бир чогулабыз. Ал клубга баарын эле мүчө кылып ала беришпейт экен. Советтер Союзунун курамында болгон өлкөлөрдүн ичинен мен жана Горбачев (СССРдин экс-президенти-ред) бар. Бул клубдун мүчөлөрү демократия жолу менен шайланып, иштеген мурдагы президенттер жана премьер-министрлер. Айрым өлкөлөрдүн үчтѳн-төрттөн президенттери жүрөт. Клубдун мүчөлөрүнүн бир тобу ар кандай эл аралык уюм, форумдарды баштап жүрүшөт. Бизнес тармагында да ийгиликтүү иштеп жүргѳндѳр дагы бар. “Мадрид клубунан” тышкары дагы бир эң абройлуу эл аралык институт  — бул дүйнѳлүк карыялар форуму, анын мурунку башчысы Кофи Аннан болчу, азыр Мэри Робинсон башкарат. Ал жакта жогорку посттордо кынтыксыз иштеген, дүйнѳлүк авторитети кыйшайгыс адамдар киргенине көзүм жетти.

— Сиздин мындай абройлуу, ири клубдун мүчөсү болгонуңуз өлкө үчүн чоң сыймык. Эми, президент болуп турганда ар кандай формалдуу тартип, эрежелер кѳп болсо керек деп ойлойм. Ал эми экс-президент болгондо кандайдыр бир эркиндикти сездиңизби? Балким, эл аралык деңгээлде иштөөгө артыкчылыктар, кѳбүрѳѳк эркиндик бардыр?

— Негизи, биз экс-президенттик институтун пайдаланышыбыз керек экен. Аны өнүктүрүп, бапестешибиз керек. Кеп ѳлкѳнүн ѳнүгүүсүнѳ, ички да, сырткы да катнаштарына пайда алып келе турган абройлуу институт тууралуу болуп жатат. Президент түбөлүктүү болбойт. Негизги законду сыйлап, кызматтан бир күнү, убактысы келгенде кетет. Өлкѳнүн жүзүн, абийирин жогору кѳтѳрүп, ѳкмѳттүн атынан бир топ ѳкүлчүлүк кызматтарга тартылса эмнеси жаман? Мисалы, кѳп учурда ар кайсы жерде кайсы бир президент кайтыш болсо, АКШ же башка ѳлкѳнүн иштеп жаткан президенти бара албай калса, анда ѳз ѳкүлү катары экс-президентти жиберет.

Кыргызстандын мурдагы президенти катары мен эл аралык бир топ иштерге катышам.  БУУнун Генералдык катчысы Гуттериштин (Антониу Гуттериш-ред) алдында Медиация Тобу түзүлгѳн, мен анда дүйнѳ боюнча тандалган 18 кишинин бирѳѳсүмүн. Бул Медиация Тобунун максаты татаал — көптөн бери чечилбеген дүйнѳдѳгү жаңжалдарды чечүүгѳ эксперттик салым кошуу. Индиянын борбор шаарында жайгашкан Махатма Ганди атындагы ЮНЕСКОнун институтун башкарган топтун мүчѳсү катары Азия континентинде билим берүү жаатында бир топ актуалдуу программаларды ишке ашырганга умтулабыз. 2030-жылга карата БУУнун Туруктуу ѳнүгүү программасын ишке ашыруу үчүн түзүлгѳн профессор Джефри Сакстын кол алдындагы Жогорку деңгээлдеги Лидерлик кеңештин мүчѳсү катары биз дүйнѳ боюнча ар тараптуу ѳнүгүү программаларды кантип тездетебиз, алдыңкы тажрыйбалар менен  ѳлкѳлѳр арасында алмашууда бир да ѳлкѳ четте калбасын деп чоң аракеттерди кѳрүүдѳбүз. Быйылкы мына сентябрда бул маселелерди Нью-Йоркто терең талкуулайбыз.

Биз белгисиз республика болуп эле отура берсек да болот, албетте. Бирок мен көптөгөн конференцияларга барып сүйлөп, катышып жүрѳм — бул дүйнөлүк картада Кыргызстандын жана Орто Азия регионунун ордун, аброюн, оюн, көз карашын көрсөтүү үчүн өтө маанилүү нерсе деп ишенем.

-Экс-президент институту деген Кыргызстан үчүн жаңы нерсе болуп жатпайбы. Бизде буга чейин иштеп кеткен тѳрт президент болду, алардын үчѳѳсүнүн акыбалы азыркы учурда опурталдуу болуп турат. Экс-президент катары толук кандуу сиз гана иштеп келе жатасыз. Андыктан, сиз ушул суроого жооп бере аларсыз — экс-президент институтунун коом үчүн ѳзгѳчѳ милдеттери, вазыйпасы барбы? Дегеним, коомду тарбиялоодо, баалуулуктарды сунуштоодо, жайылтууда мурда өлкөнү жетектеген кишилердин ролу өтө маанилүү болсо керек?

— Башка өлкөлөрдө ар кандай тажрыйбалар бар. Мисалы, Австрияда Президенттин алдында 3 кишилик кеңешчи топ бар экен. Ошол жакка экс-президент кирет экен. Коңшу Казакстанда Нурсултан Назарбаев азыр президенттикти бошоткон менен, улуттун лидери макамына ээ болуп, ѳлкѳнүн коопсуздук кеңешинин башчысы катары мамлекеттин иштеринен алыстабады. Менин оюмча бул киши Ли Куан Юнун жолун жолдоп жатат. Ал кызматынан кетип, бирок Сингапурдун министрлер кабинетинде Улуу министр болуп он жылдай иштеп жүрдү. Бул адам мамлекетти колу менен түптөп, бутуна тургузган адам да.

Биздин жаш мамлекетибиздин тарыхы жылуу-жумшак эмес, татаал болуп чыкты. Баарыбыздын парзыбыз – мамлекеттүүлүктү түптѳѳ, жаш башкаруу институттарын бекемдѳѳ. Бир эле жол бар – элдин, жаштардын ѳлкѳдѳн үмүтүн үзбѳй, коомдун биримдигин бекемдеп, келечекти карай тынбай-чарчабай  иштеш керек. Мен кызматтан кетерим менен эле “Роза Отунбаеванын Демилгеси” фондун түздүм. Билим берүү багыты, анын ичинде  жаш балдарга ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу —  эң башкы приоритетибиз. Жакырчылык жоюлсун деп ар бир жай бою жайлоолордо жүз бала-бакчаларды иштетебиз. Маданиятка, аялдардын, жаштардын ролуна көп көңүл бөлүп жатабыз. Маанилүү китептерди да чыгарабыз, биринчи кезекте балдар үчүн. Миграция маселесин колго алып, четтеги кыргыз диаспоралары менен тыгыз иштедик. Кыргызстан боюнча бул фонд оозго алынып калды. Мен ѳлкѳдѳгү да, четтеги да онго жакын университеттердин ардактуу профессорумун. Сөзсүз бир жылда бир ал университеттерге барып лекция окуганга аракет кылам. Жаштар менен баарлашып турам. Мен, мисалы, азыр Астана Экономикалык Форумуна барып, сүйлѳп, жаңы эле келдим, абдан маанилүү идеяларды алып келдим. Телевизордон чыгып алып деле бул идеяларды айтсам болот, бирок жандуу аудиторияда, студенттер менен баарлашуу – бул башка нерсе.

Бир жылда онго жакын өлкөлөргө барып келем. Айрымдар башында ичи күйүп, Отунбаева кайсы акчасы менен четке чыгып жатат дешкен. Ишенесизби, бир жылда мен отуз-кыркка жакын чакыруу алам, келип сүйлөп бериңиз деп барган-келгенимди толук тѳлѳшѳт. Күзүндө Американын үч-тѳрт атактуу университеттеринде лекция окуйм. Берлинде ноябрь айында эки Германиянын кошулганына карата чоң иш-чараларга катышуу жана ал жерде сүйлѳп берүү боюнча чакырылгам. Аларга биздин ѳлкѳнүн, Орто Азиянын азыркы ѳнүгүүсү тууралуу айтып берем. Демек, алар биздин регионго маани берип, кызматташтыкты курууга кѳңүлүн кѳрсѳтүп жатышат.

— Сиз азыр башыңызды бийик көтөрүп, кенен, эркин жүрө аласыз. Коом алдында, айылдарда эл аралап… Буга чейинки иштеген калган үч президент андай кыла алышпайт. Эми, буюрса, келечекте дагы тактыга башкалар келет, алар да мѳѳнѳтү бүткѳндѳ бийликтен кетишет. Келечектеги экс-президенттер ушу сиз сыяктуу эркин жүрүү үчүн, эл арасында кадыр-баркка ээ болуусу үчүн эмне кылышы керек? Кандай кеңеш, насаат бермексиз?

— Жооп эң жөнөкөй – таза, адилеттүү иштеш керек. Мисалы, коррупция деген балээ болду. Жер жүзүн кемирип эле жеп жатат. Бай Кореяны караңыз, эки президенти биринин артынын экинчиси кесилип кетти, түрмөдө отурушат (коррупция иштери үчүн). Бирок бул (соттук иштер) ал ѳлкѳнүн тазарып жатканын көрсөтүүдө. Бир мисал келтирсем, Мухаммед Мо Ибрахим деген киши бар, ири бизнесмен, теги Судандан чыккан британиялык магнат. Бул адам Африка континенти үчүн абдан күйөт. Мо Ибрахим коррупциядан арылуу үчүн, жана африкалык президенттер мөөнөтү аяктаганда аны узартпай, Конституцияны бузбай өз убагында кетишсин деп, бир жылга 10 млн доллар кун коюптур, ошол акчага бүтүрбѳгѳн иштерди жаcаса болот деп. Бирок, 10 жыл бою, бул шарттарга ылайык келген, татыктуу экс-президент табылбаптыр. Себеби, алар баарысы өз убагында кетпей коюшкан, же таза иштешкен эмес. Анан акырында (Хоакин Алберту) Чиссано деген Мозамбиктин мурдагы президенти премияга биринчи болуп татыктуу болуптур. Азыркы учурда биз тарапта деле он миллионго кызыккан такта отурган эл башчылар табылбайт го деп чочулаймын. Менчиктештирүү, урдоодон тапкан акчага караганда, анан дагы эле кресло канча мүмкүнчүлүктѳрдү алып келгенин ойлогон бийлик башындагылар мындай “майда” пулду кенебейт деле.

Былтыр Улан Эгизбаевдин ишин улантуу үчүн менин демилгем менен коррупцияга каршы иликтѳѳ журналистика фонду ачылды, биздин коомдо ар тараптуу күчтѳрдүн баарын чогултуп, коррупцияга элдик согуш жарыялайбыз деп аракет жасаганыбыз.  Таза иштеп, эч кимди коркутпай, туугандарыңды жумушка албай,  акыйкатты орнотуп иштесең эле эл алдына жүзүң жарык болуп жүрөт экенсиң. Мисалдар арбын: мурунку Норвегиянын премьер-министри Бондевик тынчтыкты орнотуу боюнча эл-аралык фондду түзүп, аны иштетет. Нигериянын мурунку президенти Обасанья Африкадагы конфликт, чыр-талаштарда чоң авторитети бар киши катары ортомчу ролдорду ийгиликтүү ойноп жүрѳт, ошол эле убакта, менин чоң жерлерим бар, ошолорду фермер катары иштетем деп мага айтып бергени бар. Бир топ мурунку ѳлкѳ, ѳкмѳт башчылары эл-аралык, БУУ системасынын уюмдарына башчы болуп иш аркалап жүрүшөт.

— Өтѳ кызыктуу кеп болду. Эл арасында кеңири жүрө ала турган дагы кѳп эл башчыларга Кыргызстан күбө болоттур, ошону каалайлы. Маегиңиз үчүн чоң рахмат, Роза Исаковна!

-Сиздерге да рахмат!

Маектешкен – Elgezit.kg баяндамачысы, саясат таануучу Эмиль Жураев

Ысык-Көлдө уран казууга болгон аракеттерге ким күнөөлүү? Экоцид жана Атамбаевдин эки жүздүүлүгү
Толугу менен Elgezit.kg сайтынын Өмүрбек Текебаев менен болгон маегинде.

— Кыргызстанда акыркы жумада социалдык тармактарда Ысык-Көлдө уран казуу темасы кызуу талкууга алынды. Кен жайгашкан аймакта жана Бишкекте бир нече митингдер өттү. “Уранга жок дейли”, “биз Кыргызстанда уран казууга каршыбыз” деген чакырыктар калк арасында колдоого алынууда. Коомчулуктун кысымына кабылган Өкмөт Ысык-Көлдө чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан “ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын чакыртып алды. Бирок нааразы болгондордун аягы суюла элек.

— Саясатчылар, жөнөкөй жарандар азыркыга чейин Кыргызстанда идеология жок экенин, баалуулуктар, улуттук кызыкчылыктар аныкталбаганын айтып келишет. Бирок Ысык-Көлдө уран казууга болгон аракеттерге каршы коомчулуктун реакциясы саясий элита деп аталгандарга караганда карапайым калк жогору жактын буйругун күтүп отурбастан эле улуттук кызыкчылыкты түптөп алганын көрсөттү. Жалпы каршы болуу, нааразычылык билдирүү элдин улуттук кызыкчылык тууралуу өз түшүнүгү бар экенин көрсөттү.

Мен саясатчымын. Биз дайыма калкты кандай маселелер тынчсыздандырарына кызыгып, ар түрдүү сурамжылоолорду жүргүзүп турчубуз. Эл үчүн маанилүү болгон көйгөйдү аныктоо үчүн өз күчүбүз менен же айрым учурларда атайын борборлорго кайрылып, изилдөө жүргүзчүбүз. Албетте, эң биринчи орунда жумушсуздук, андан соң турак-жай, жалпылап айтканда социалдык жана материалдык маселелер турчу. Ал эми экология маселеси Европанын өнүккөн, бай өлкөлөрдө эле актуалдуу болуп, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде экология акыркы орунда турат деп саналчу. Биз жүргүзгөн ички сурамжылоолордо дагы экология бизде акыркы орунда болчу. Азыр болсо уранды казууга байланышкан абал абал андай эмес экенин көрсөттү.

Февраль айында Россиянын “Независимая газета” гезити Путиндин жардамчысы, “серый кардинал”, “россиялык пропаганданын атасы” аталып келген Владислав Сурковдун макаласын жарыялады. “Долгое государство Путина” деп аталган макаласында Сурков терең эл деп аталган жаңы кызыктуу терминди саясий талкууга таштаган. Башкача айтканда, стандарттуу социологиялык сурамжылоо аркылуу билүүгө мүмкүн болбогон эл, чыныгы улуттук кызыкчылыктар жана баалуулуктар тууралуу кеп болгондо өзүн элитага каршы койгон калк.

Elgezit.kg сайтынан кыстырма: “Кылымдан кылымга элди өзүнүн иш-чараларына – партиялык чогулуштарына, согуштарга, шайлоолорго, экономикалык эксперименттерге тарткан элита жогору жакта жаркырап турат. Эл иш-чараларга катышат, бирок жогору жакка чыкпай, өзүнүн терең, такыр башка жашоосу менен жашайт. Эки улуттук жашоо: үстүртөн жана терең. Бул эки катмар айрым учурларда бири-бирине каршы багытта жашайт, айрым учурларда бир багытка бет алат, бирок эч качан бир болуп бирикпейт.

Терең эл социологиялык сурамжылоолорго, үгүттөргө, коркунучтарга жана башка түз таасирлерге жол бербейт, катышпайт. Ал ким экени, эмне тууралуу ойлонору жана эмнени каалап жатканы күтүүсүз жана кеч ачыкка чыгат.

Айрым серепчилер терең эл калкка барабарбы же анын бир бөлүгүбү, эгерде андай болсо анда кайсы бөлүгү экенин аныктоого аракет кылышат. Айрым учурларда эле терең эл дыйкандар дешсе, кээ бири пролетарлар, партияга кирбегендер, хипстерлер, бюджеттен акча алып иштегендер деп келишкен. Аны “издешти”, ал жакка “барышты”. Аны кдай жолундагы адамдар дешти, тескерисинче деген да пикирлер болду. Кээде ал ойлоп табылган, чыныгы жашоодо андай эл жок дешти дагы реформа кылууга киришишти, бирок тоскоолдуктар чыгып, нааразычылыктар жаралганда “бир нерсе бар” деген бүтүмгө келишти. Ал өзүнүн же башка басып алуучулардын кысымынан улам артка чегинген учурлары болду, бирок кайра эле баш көтөрүп чыга келчү.

Өзүнүн оор салмагы менен терең эл улутту бириктирген күчтүү маданий гравитацияны түзүп, ал элитаны жерге (туулган жерине) тартат.

Элдүүлүк мамлекеттүүлүктүн формасын аныктайт теоретиктердин фантазиясын чектейт, практиктерди айрым кадамдарга барууга мажбурлайт. Ал саясий траекторияларга алып келчү күчтүү аттрактор. Россиядан болсо кайсынысынан болбосун – консерватизмден, социализмден, либерализмден баштасак боло, бирок баары бир нерсе менен эле бүтөт. Башкача айтканда, болгон, учурда бар нерседен бүтөт” В.Сурковдун “Долгое государство Путина” макаласынан үзүндү.

Уранга байланышкан окуя элдин детонатору болсо, биздин саясий элита үчүн лакмус болду. Биздин терең элдин улуттук кызыкчылыктар тууралуу өз түшүнүгү бар экенин жана аны коргоого даяр экенин көрдүк. Экосистеманы бузуу, жашоо шартын бузуу аракетине катуу каршылык көрсөтүлдү.

Аткаминерлердин орой, каардуу, саткын аракеттери уктап жаткан “терең” элди ойготту. Элдин жашоодогу баалуулугу дароо алмашты. Экология маселеси экологдордун гана көйгөйү эмес экенин көрдүк. Экология улуттук намыстын, улуттук биримдүүлүктүн көйгөйү экенине күбө болдук.

“ЮрАзия” компаниясы 2010-жылдан тарта чалгындоо иштерине укук алыптыр, келерки жылдан баштап уран кенин казып баштамак экен. Казуу планы 25 жылга эсептелген. Лицензия берүү жана компаниянын иш жүргүзүү аракеттери Кыргыз Республикасынын азыркы Мыйзамдарына каршы келген. Тактап айтсам, “Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө” Мыйзамга, Өкмөттүн “Ысык-Көл биосфералык аймагы” тууралуу 1998-жылдагы жобосуна жана башка Мыйзамдарга жана жоболорго каршы келет. Бул Мыйзамга каршы экени формалдуу жагы. Ал эми формалдуу эмес жагын карай турган болсок, бул компаниянын иш-аракеттери, пландары Кыргызстандын экономикалык өнүгүү концепциясына каршы келет. Анда туризм приоритеттүү багыттардын бири болуп белгиленген. Учурда туризм тармагы ИДПнын 5% түзөт, планда бул көрсөткүчтү 15% жеткирүү каралган. Ысык-Көл бул Кыргызстандын гана эмес, бүткүл Борбор Азиянын бермети. Дүйнөнүн баардык бурчунан туристтерди тартуучу жерлердин бири. Бул кичинекей компания жана анын кызыкчылыктары улуттук кызыкчылыктардан жогору коюлуп келгени туура эмес. Уранды Ысык-Көлдүн жээгине жакын жерден казуу биздин туристтик тармакка чоң сокку болот. Аткаминерлер муну түшүнгүсү келген жок, эл дароо түшүнүп мындай коркунучка каршы турушту, Өкмөт болсо аргасыздан чегинип берди. Эми ЖКнын депутаттары, анын ичинде биздин “Ата Мекен” фракциясынан депутаттар уранды Ысык-Көлдүн гана аймагында эмес, Кыргызстанда казууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Мындай жол менен биздин улуттук кызыкчылык Мыйзам аркылуу бекемделет.

-Эгерде Ысык-Көлдө уран казуу мыйзамсыз болсо, мындан сырткары туристтик өлкө катары Кыргызстандын аброюна шек келтирсе, ага кошумча экономикалык жоготууларга алып кел турган болсо бир суроо туулат, ким күнөөлүү?

— Учурда баардык саясий партиялар бири-бирин күнөөлөп, жоопкерчиликти бири-бирине оодарып келишет. Албетте, күнөө тиешелүү министрликтердин жетекчилеринде, биринчи кезекте, Атамбаев күнөөлүү деп эсептейм. 2010-жылдын ноябрь айында “ЮрАзия Кыргызстан” ЖЧКсы Кызыл-Омпол аймагында геологиялык изилдөө жүргүзүүгө лицензия алган. Ал эми 2011-жылдан тарта, Атамбаев премьер жана президент болуп турган маалда лицензия бир нече жолу узартылган жана кайра катталып геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берилген. Президент болуп турган маалда Атамбаев Өкмөттүн демилгелеринин баарын өз колуна алып, алардын үстүнөн кысым кылып турган. Өкмөт элдин өкүлү эмес эле, Атамбаевдин кызматчысы болуп калган. Алар Атамбаевдин уруксаты жок олуттуу маселелер боюнча чечим чыгара алышпайт болчу. Уран – бул стратегиялык чийки зат, аны казуу Улуттук коопсуздук кызматы, Коопсуздук кеңеши тарабынан көзөмөлдөнүшү керек болчу. Баарыбызга белгилүү болгондой, Коопсуздук кеңешинин башында президент турат. “ЮрАзиянын” лицензиясы узартылып, кайра катталып жаткан маалда Атамбаев президент болчу. Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Абдил Сегизбаев дагы Атамбаевдин сунушу менен кызматка келген. Ал Атамбаевдин оппоненттерин, журналисттерди, жарандык активисттерди тыңшоонун ордуна ири стратегиялык долбоорлорду көзөмөлдөшү керек эле. Мисалы, Бишкек ЖЭБин оңдоо иштерине көз салышы керек болчу. Же Түркмөнстандан Кытайга Кыргызстан аркылуу кеткен газ түтүктөрүн караш керек болчу. Учурда жарандык активисттер коңшу өлкөлөр газдын транзити үчүн бизге караганда алда канча көп каражат аларын айтышууда. Биз болсо транзиттен жылына түшчү 100 миллион доллардан баш тарттык. Бул долбоорду дагы УКМК “өткөрүп” жиберди. Балким өз каалоосу менен эмес, Ак үйдүн буйругу менен.

Ал эми уранга келсек, баардык узартуулар жана кайра каттоолор Атамбаев президент жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп турган учурда болгонун кайталап кетейин. Ошондуктан бул элге каршы долбоор үчүн Атамбаев жоопкерчилик тартышы керек. Баса, кеп бир эле тоо-кен аймагы тууралуу болгон жок. Атамбаев президент болуп турган маалда Кыргызстанда уран казууга 20га жакын лицензия берилген.

— Бирок КСДП партиясы Ысык-Көлдө уран кенин иштетүү маселеси Атамбаев премьер жана президент болуп турган маалда каралбаганын билдирип жатпайбы. КСДПнын басма сөз кызматы Атамбаев 2012-жылы БУУнун Борбордук Азиянын радиациялык коопсуздугу боюнча атайын резолюциясынын демилгечиси болгонун, ал 2013-жылы кабыл алынганын билдирип жатат. Ал эми 2017-жылы ал БУУнун Генералдык ассамблеясында уран сактоочу жайлардагы көйгөйлөр жана радиациялык коркунуч тууралуу соз сүйлөгөнүн жарыялашты. Мындан сырткары КСДП Атамбаев 2019-жылдын 23-апрелинде Кыргызстандын аймагында уран казууга тыюу салууну демилгелеп, билдирүү таратканын жазды.

— Мен силерге айтып коеюн, дал ушул Атамбаевдин сунушу менен 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясына “экоцид” түшүнүгү киргизилген. Борбордук Азияда биздин өлкөдө гана “экоцид” негизги мыйзамга киргизилип, ал үчүн катуу жаза берилип, эскирүү мөөнөтүнө ээ эмес. Атамбаев кыргыз эли жана адамзаты үчүн күйгөн деп ойлошуңар мүмкүн. Аны биздин планетанын келечеги, экология маселеси ойлондурат дешиңер мүмкүн. Атамбаев чындыгында кандай иштерди жасаганын билбегендер ушундай ойлошу ыктымал. Бирок Атамбаевдин эки жүздүү экени дал ушул жерден билинет. 2016-жылдын декабрь айында ал Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон.

Ал эми 2017-жылы сентябрь айында БУУнун Генералдык ассамблеясында ал уран тууралуу гана эмес, мөңгүлөрдү жоготуу олуттуу экологиялык коркунучка алып келери тууралуу сүйлөгөн. 2017-жылдын октябрь айында “Центеррага” биздин Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн талкалоого уруксат берген Мыйзамга кол койгон. Канадалык “Камеко” компаниясынын иши жана алар менен 1994-жылы түзүлгөн макулдашуу элге каршы келет жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгына жооп бербейт. Жогорку Кеңештин бир нече токтому менен ушундай баа берилген. Элге каршы акыркы келишимге 2009-жылы Бакиевдин Өкмөтү тарабынан кол коюлган. Бирок жада калса ал келишимде дагы мөңгүлөрдү талкалоого тыюу салынган. Жада калса Бакиев дагы алтынды казуу жер алдынан жүрүшү керектигин билдирип, айлана-чөйрөгө, мөңгүлөргө зыян келтирилбеши керек деген чечимге келген. Бирок 2011-жылдан тарта бул келишимди бузуп башташкан. Жыл сайын. Премьер-министр болуп турган кезде Атамбаев 2011-жылы “Центеррага” 10 миллион куб метр мөңгүнү талкалоого уруксат берген. 2012-жылы 15 миллион куб метр, 2015-жылы 20 миллион куб метр. Ошентип Атамбаевдин маалында 2011-жылдан 2017-жылга чейин 100 миллион куб метрден көп Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү талкаланган. Бирок “Центерра” жана анын өкүлдөрү бул аракеттери, убактылуу уруксаттар кооптуу жана мыйзамсыз экенин жана эртеби кечпи чуу чыгарын билишкен. Эгерде бийликке патриот Өкмөт келсе эл аралык сотко кайрылып, “Центерра” жаратылышка зыян келтиргени үчүн жоопкерчилик тартып каларын билишкен. Мындан сырткары “Центерранын” аброю түшмөк. Ошондуктан 2014-жылдан тарта Атамбаев суу тууралуу Мыйзамга өзгөртүү киргизип, “Центеррага” мөңгүлөрдү талкалоого уруксат бере турган Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө аракет кылып келген.

Elgezit.kg сайтынан кыстырма: белгилүү окумуштуу-эколог, географиялык илимдердин доктору Эмил Шүкүров 2018-жылы «Центр-1» басылмасына берген маегинде мөңгүлөрдү талкалоо өлкөнү экологиялык катастрофага алып келерин билдирген.

«Акыркы 20 жылда Кыргызстанда мөңгүлөр деградация болуп жатат. Мурда адамзаттын иш-аракеттери тоо этектериндеги эле экосистеманы бузуп келген. Эми болсо орто жана бийик тоолордун – кыргызча айтканда жайлоолордун дагы экосистемасы бузулуп жатат. Алардын көбү толугу менен бузулган”,- деген эколог.

Мисалы: экосистема бузулганда эң биринчи өсүмдүктөр жоголот. Өсүмдүгү жок тоолор карларды кармай албайт, шамал учуруп кетет. Натыйжада кышында мөңгүлөр тиешелүү көлөмдө кар топтобойт дагы эриген карлардын орду толбой калат.

– Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр абалга кандай таасир берет?

– Бул өзгөртүүлөр баарынын жолун ачты. Мөңгүлөрдүн жанында казуу иштерине уруксат берүүгө болбойт, ал жергиликтүү экосистемага чоң зыян келтирет. Себеби ал жакта кен байлык гана эмес, ал жакта жолдор, турак-жайлар да бар да. Казуу иштери жүргүзүлгөн жерде мөңгү калбай калат.

Мурда, союз маалында биздин аймактын 70–80%ын экосистема ээлеп турчу. Климат жакшы болуусу үчүн жана жаратылыш байлыктарын сактоо үчүн бул көрсөткүч 60%дан кем болбошу керек, бизде азыр 20%га жакын эле.

– Мөңгүлөрдүн эришинин кесепети келечекке кандай таасир берет?

– Мына бул олуттуу суроо. Мөңгүлөрдүн бир бөлүгүн жоготуу менен өлкө алардан келген суусуз калышы мүмкүн. Суулар кескин азаят. Агымдар бузулат. Көп көлөмдөгү таза суудан айрылабыз. Эң башкысы сугат суулар да жок болот. Биздин суу жергиликтүү калкты гана эмес, коңшу Казакстан, Өзбекстан мамлекеттерин дагы суу менен камсыз кылат. Түшүм жок болсо адамдар ачка калат. Мен Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө болгом. Алардын көйгөйү суунун жетишсиздиги.

“Ата Мекен” фракциясы Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө караманча каршы болгон. Биз каршы экенибизди ачык билдирип, катуу күрөштүк. 2014-2015-жылдары бул Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү үзгүлтүккө учуратканбыз. Мени камагандан кийин жана “Ата Мекенге” катуу кысым болгон соң гана Атамбаев 2017-жылдын октябрь айында Мыйзамды өткөрүп кетти. Мага гана эмес, “Ата Мекендин” башка мүчөлөрүнө кылмыш иштери козголду. Катуу кысым болду, мамлекеттик кызматтарда иштеген “ата мекенчилер” жумуштан кетирилди.

Жалпылап айтканда, 2017-жылы сентябрь айында бул Мыйзамды Сапар Исаков парламентке киргизип, “Ата Мекен” депутаттарынан сырткары көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоого алынган. Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин мыйзамга шашылыш кол койду. Ошентип “Центерранын” 2017-жылга чейинки башаламандыктарынын баары мыйзамдаштырылып калды. Бул кадамдар менен биз “Центерра” экосистеманы, жаратылышты бузганы үчүн эч кандай компенсация төлөгөн жок. Бул улуттук байлыкты кара өзгөйлүк менен бузуу болгон. Адамдын байлыгын бузуу болгон. Атамбаев тууралуу айтсак, ал эки жүздүүлүк кылган. БУУнун трибунасында туруп мөңгүлөрдү сактоо керектиги тууралуу айтып, бир айдан кийин Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө шашылыш кол койгону, мөңгүлөрдү талкалоого жол бергени бул эки жүздүүлүк эмей эмне. Анын кадамдары адеп-ахлакка гана эмес, Конституциянын нормаларына дагы каршы келген. Бул өзгөртүүлөрдөн эң чоң пайда тапкан тарап “Центерранын” акционерлери болду. Атамбаев баарын “таза” жасадым, эч кандай жоопкерчилик тартпайм, себеби баары парламент аркылуу мыйзамдаштырылды деп ишенимдүү жүрөт.

— Эмне себептен Атамбаев Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө аракет кылып, ага шашылыш кол койгон, демек бул жакта кандайдыр бир жеке кызыкчылык барбы? Болбосо Атамбаевдин бул кадамдарын кандай түшүнсө болот? Бул жерде коррупциялык элементтер болгон деп ойлойсузбу?

— Мен жогоруда айткандай, 2009-жылкы келишимде “Центерра” алтынды мөңгүлөргө тийбей, жер алдынан казуусу керектиги жазылган. Бирок “Центерра” 2011-жылдан баштап жер үстүнөн казууга уруксат ала баштаган, алар мурда Өкмөт менен кол койгон келишимди бузуп башташкан. Канадалыктардын аргументи жөнөкөй болду. Алар эгерде жер алдынан алтын казып башташса, чыгымдары жылына 250 миллион доллардан 300 миллион долларга жогорулап, биздин акционерлерге бул пайдасыз болуп калат дешти. Биздин Өкмөт алар менен макул болду. Жыл сайын мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берип жатты. Атамбаев мыйзамды өткөрүп кетти жана 5 жылда “Кумтөр” бир жарым миллиард доллар үнөмдөп калды. Бизнесмен Атамбаев суу кодексин өзгөртүү канадалыктарга кандай пайда алып келерин билген эмес деп ойлойсуңарбы? Же ал эч нерсени билбей эле кол койгон деп ойлойсуңарбы? Биздин, жарандык коомдун каршылыгын көргөн жок дейсиңерби? ММКлардагы макалаларды окуган жок дейсиңерби? Атамбаев кимдир бирөөнүн алдында отчет берип жаткандай эле президенттиктен кеткиче мыйзамга кол коюп калууга шашты. Мунун баары бекер жасалган жок деп айтууга негиз бар деп ойлойм. “Центерра” Атамбаевдин иш аракетинен 4 миллиард доллар тапты. Эми окурмандар Атамбаевге кандай сый акы берилгенин эсептеп көрүшсүн.

Elgezit.kg редакциясы Өмүрбек Текебаевден маек алууга жардам бергени үчүн жактоочуларга ыраазычылык билдирет.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.