Жаныбек Бакчиев Кой-Таш боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими тууралуу эмнелерди айтты?

Аналитика, Интервью, Саясат 20 Ноя 2019 14:43
0 ой-пикир

Elgezit.kg редакциясына Жогорку Кеңештин депутаты, мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Жаныбек Бакчиев 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуя боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу маек берди.

— 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуя боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады. Чечим Жогорку Кеңешке келип түштү жана ушул жума депутаттар аны карары күтүлүүдө. Жаныбек Абдукапарович, чечим ачык болобу? Каалоочулардын баары комиссиянын жыйынтыктары менен тааныша алабы?

— Эсиңиздерде болсо, мамлекеттик комиссия Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 8-августундагы токтомун аткаруу үчүн премьер-министр тарабынан түзүлгөн. Ал токтомдун биринчи пунктунда парламент Кой-Таштагы окуядан кийин Өкмөт “калкты объективдүү маалымат менен камсыз кылууда” толук кандуу иш алып бара албаганы белгиленген. Биздин комиссиянын алдындагы тапшырмалардын бири дагы Кой-Ташта түзүлгөн кырдаал боюнча калкты так маалымат менен камсыз кылуу болгон. Менин кесиптештерим тарабынан комиссиянын чечими каралып жатканда айрым учурлар жабык талкууланышы мүмкүн экенин четке какпайм. Бирок негизги жыйынтык, бул күндөрү болгон окуялардын келип чыгуу себептери, эмне болгону, ким күнөөлүү болгону жана эмне кылуу керектиги жалпы элге ачык болот.

— Комиссия ишин баштай электе эле, анын курамы жарыяланганда бир топ сындар айтылган. Тактап айтканда, комиссиянын курамына укук коргоочулар кирбегени, анын курамында Алмазбек Атамбаев менен эсеп-чоту барлар бар экени, демек, комиссия адилеттүү боло албастыгы айтылган.

— Биздин өлкөдөгү саясатчылар жана коомдук ишмерлер арасында Атамбаев менен эсеп-чоту жокторду табуу кыйын. Бирок комиссиянын максаты мурдагы президенттен жеке таарынычтарды чыгарып, өч алуу эмес. Биз жасаган ишибиз менен тарых алдында жооп берерибизди, биздин ишибизди коомчулук лупа менен карап чыгарын сезип турдук. Ошондуктан адилеттүүлүк комиссиянын бирден бир принциби болду. Ошол күндөрдү эстеп көрүңүздөр. Чыңалуу күч болчу. Кой-Таштагы окуя боюнча идеалдуу мамлекеттик комиссия түзүү үчүн социалдык тармактар аркылуу сынак жарыялоого убакыт да жок болчу. Мындан сырткары, курам кандай болбосун сындар болмок. Бүгүнкү биздин коом ушундай. Албетте жарандык коомдун өкүлдөрүн көбүрөөк кошушса деле болмок, бирок биздин курам дагы тең салмактуу деп айтсам жаңылбайм.

Сүрөттө: Кой-Таштагы окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны.

— Демек комиссия адилеттүү чечим чыгарды десек болот экен да? Анда эмнеге Алмазбек Атамбаевдин же Фарид Ниязовдун маалыматын уккан жоксуңар? Ниязов комиссиянын мүчөлөрүнүн баардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирбеди беле. Жок дегенде Асель Кодуранованы же Ирина Карамушкинаны уккан жоксуңар?

— Биринчиден, Асель Кодуранова жана Ирина Карамушкина комиссия менен иштешүүдөн баш тартышкан. Комиссия тергөө органы эмес жана биз кимдир бирөөнү суроолорубузга жооп бергиле деп зордой албайт болчубуз. Менин кесиптештерим Карамушкина менен Кодуранова комиссиянын жыйынына келүүнү эмнеге каалашкан жок билбейм. Кайрадан кайталап коеюн, кимдир бирөөнү зордоо – бул биздин компетенцияга кирбейт.

Комиссиянын ишинин алкагында күн тартибибизде Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов менен жолугушуу бар болчу. Мен ал экөөнү тең угуу үчүн добуш бергем. Бирок комиссия коллегиалдуу орган жана көпчүлүк Атиамбаев менен Ниязовду угуунун кажети жок деп чечишти. Себеби экөө тең өз позицияларын ачык билдирип келишкен, биз маалыматын укканда деле жаңы эч нерсе айтмак эмес деп ойлойм. Комиссиянын ишинин жүрүшүндө Атамбаев тараптан өкүлдөрү, окуянын катышуучулары, мурдагы президенттин саясатчы тарапташтарынын катышуусу камсыз кылынган. Алардын арасында Кой-Таштын жашоочулары дагы болду.

Жаныбек Бакчиев

— Комиссиянын чечиминде 7-8-августтагы Кой-Таштагы кырдаал боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин кароо маселеси бар же жок экени баарын кызыктырып турат. Биринчи күнү, 7-августта пландоо жана ишти алып барууда күч органдарынын тажрыйбасыз экени көрүнүп калды. Эч ким отставкага кетпесе абдан таң калычтуу болот. Албетте, абалдын курчушуна Атамбаев күнөөлүү экени талашсыз. Бирок кандай чуу болбосун дайыма эки тарапта тең күнөө болот эмеспи.

— Атамбаев өзүн мыйзамга каршы койду. Бул анын эң бакшы катасы болду. Абал өзгөчө болду жана күч түзүмдөрү тарабынан өзгөчө чечимди талап кылды. Бирок болору болду. Тилекке каршы, тарыхты макулдашып жазуу мүмкүн эмес. Күч түзүмдөрү тууралуу айта турган болсок, комиссия күч органдары эмнеге дал ушундай чечим кабыл алганын, эмнени жетекчиликке алганын, Кой-Таштагыдай сыяктуу форс-мажордук кырдаалда чечим чыгаруу алгоритмин түшүнүүсү керек эле. Ар башка мекемелер арасында координация процесси кантип ишке ашарын билиши керек болчу. Себеби координация бузулганы көрүнүп турду.

Биздин комиссиянын алдына коюлган негизги тапшырмалардын бири өлкөнүн улуттук коопсуздук стистемасындагы системалык көйгөйлөрдү аныктоо болчу.

Ал эми жеке жоопкерчилик тууралуу айта турган болсок, бүгүнкү кырдаалда Кой-Таштагы окуялар боюнча күч органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин кароо – бул компромисске келүү боюнча айтылбаган коомдук макулдашуунун милдеттүү бөлүгү.

Сүрөттө: солдон оңго — УКМКнын төрагасы О.Опумбаев, Башкы прокурор Ө.Жамшитов, ички иштер министри К.Жунушалиев 2019-жылдын 13-августунда маалымат жыйыны учурунда.

— Сиз отставка болобу же жокпу деген суроодон четтеп кеттиңиз го?

— Келгиле, паровоздун алдына чуркабай, Жогорку Кеңеште чечимдин угулушун күтөлү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков ММК өкүлдөрү менен жолугушканда дагы айткан.

— 7-августтагы окуя “Альфа” атайын кызматынын аброюна катуу сокку болду. “Альфа” 7-апрелдеги окуялар боюнча узакка созулган соттук процесстерден кийин эми-эми өзүнө келе баштаган эле. Кайрадан “Альфанын” жабыркоосуна жол бербөө үчүн мамлекеттик комиссияда кандайдыр бир рецепт барбы?

— «Альфа» мен үчүн – өзгөчө талуу аймак. Бул бөлүмгө байланышкан окуяларды жүрөгүмө жакын кабыл алам. Аскерлерди – чыныгы патриотторду, жогорку класстагы тажрыйбалуу аскерлерди саясий максаттарга жетүү үчүн колдонуу туура эмес. “Альфа” кандай тапшырмаларды аткаруу үчүн түзүлгөнүн жана кандай абалда аларды иштетүү керектигин бийлик түшүнүүсү керек.

— Чоң рахмат, Жаныбек Абдукапарович. Мындан ары дагы Elgezit.kg редакциясына маек берип турасыз деген ишеничтебиз.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.