“Бул тарыхый чечим”. Эксперттер Текебаевдин шайлоого катышуудан баш тартканы тууралуу

Аналитика, Саясат, Статьялар 19 Авг 2020 21:05
0 ой-пикир

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого барбай турганын жарыялады. Ошентип, дээрлик 30 жылдык тарыхы бар оппозициялык партия өз эсебиндеги жетинчи шайлоо кампаниясына “атасыз” аттанмай болду.


Кыргыз саясатындагы белдүү саясатчынын мындай кадамы кечээ күндөн бери медиа айдыңда, соцтармактарда кызуу талкууланып жатат. Партия тизмесин баштап бараткан Жанар Акаев Өмүрбек Текебаев өз чечими менен бийик саясий маданиятын көрсөткөнүн белгилеп өттү.
“Ушундай учурда Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана башка атамекенчилердин шайлоого катышуудан баш тартканы –жоопкерчиликтүү кадам жана саясий эрдик. Өмүрбек Текебаевдин бүгүнкү кадамы бийик саясий маданияттын үлгүсү болду. Өмүрбек Чиркешовичтин мындай чечимине бир жагынан ичим ачышса, экинчи жагынан бул кишинин эрки көпчүлүгүбүздү суктандырды. Бул — чоң максаттар үчүн жеке амбицияларды курмандыкка чалуунун үлгүсү”, — деди Акаев.
Биз айрым саясат таануучу, коомдук ишмерлердин Текебаевдин күтүүсүз кадамы тууралуу пикирлерин чогулттук.
Жогорку Кеңештин экс-спикери Зайнидин Курманов Текебаев жаштарга жол бошотуп, даашымандыгын көрсөткөнүн белгилейт.
“Ата Мекен” менен Текебаевди бөлүп кароо таптакыр мүмкүн эмес. Текебаевдин чечими капалантат, анткени ал күчтүү, харизмасы бийик саясатчы. Анын үстүнө ал оппозициялык партиянын өкүлү. Кыргызстан үчүн мындай саясатчыны жоготуунун өзү оңой эмес. Бирок экинчи жагынан алсак, жаш, келечектүү, креативдүү муунга орун бошотууну мезгил өзү талап кылууда. Бул тарабынан ал даанышмандыгын көрсөттү, жаштарга жол бошотту. Мындай кадам адамдардын көңүлүн бурат. Партияга ансыз да добуш беришет, андыктан Өмүрбек Текебаев добуш жоготпойт. Анын кадамы – баары үчүн илим. Айрыкча, кайрадан парламентке келүүнү самаган саясатчылар үчүн. “Ата Мекен” командасынын келечеги бар”, — дейт Зайнидин Курманов.
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев да Текебаев туура кадам жасаганын белгилейт.
“Ата Мекен” күчтүү партия жана Текебаевдин чечими партиянын позициясын начарлатпайт. Талапкерлери күчтүү. Рыскелди Момбеков – эл сүймөнчүгү, Жанар Акаев – күчтүү оратор. Сариевдин кеткени жакшы болду, анткени алардын идеологиялык көз караштары карама-каршы болчу”, — дейт Бакетаев.

“Өмүрбек Текебаев “Ата Мекендин” туусу бойдон кала берет”, — деп ой бөлүштү мурдагы башкы прокурор Аида Салянова.

“Өмүрбек Чиркешовичтин съездеги билдирүүсүнө ичим ачышты. Партияны парламенттик шайлоого өзү баштап барса жакшы болмок. Бирок кыраакы, көрөгөч саясатчы катары бардык жагдайды эске алып, бир тыянакка келгени анык. Жалпы жонунан алып караганда, Текебаевдин тизмеде болушу же болбошу өзү үчүн да, партия үчүн да маанилүү эмес. Өмүрбек Чиркешович “Ата Мекендин” туусу, атамекенчилердин атасы болуп кала берерин эч ким тана албайт. Ал киши партияны сырттан колдоо тууралуу оюн билдирди. Балким, чынында эле азыркы шартта так ошол сырттан колдоо маанилүү жана майнаптуу болоор”, — деди ал.
Коомдук ишмер Түгөлбай Казаков Өмүрбек Текебаевдин чечимин тарыхый кадам деп сыпаттап, саясий чөйрөдө мурда-кийин мындай көрүнүш болбогонун белгилейт.
“Өмүрбек Чиркешович абдан бышып жетилген саясатчы, ал аябай туура кадамга барды деп ойлойм.Текебаевдин бул чечими тарыхый кадам болду дегенге кошулам. Ар бир партиянын өз тарыхы болот жана бүткүл саясий партиялардын жалпы тарыхы бар, Текебаевдин бул кадамы ошол тарых барактарында сөзсүз катталып калат. Биздин аткаминерлерде кубалап чыкмайынча, былк этпей отура берген жаман адат бар, партия лидерлери өздөрү аман-эсен туруп, ордун жаштарга өткөрүп берет деген буга чейин бизде болбогон. Өмүрбек Чиркешович абдан акылдуулук кылды.“Ата Мекендин” айланасында жыйналган жаштардын шансы аябай жакшы, а бирок шайлоо кандай өтөт, таза өтөбү же жокбу деген арсар суроо бар”, — дейт Казаков.
Атамекенчи Садык Шер-Нияз болсо Өмүрбек Текебаев партияга дайыма керек деген пикири менен бөлүштү.
“Ачыгын айтканда, эки тараптуу көз карашта турам. Өмүрбек Чиркешович тажрыйбалуу саясатчы, кесипкөй адис жана дасыккан юрист катары партия менен парламентте чогуу жүрсө максатка ылайык иш болмок. А бирок жаштарга жол ачып, жаңы муунга мүмкүнчүлүк берип жатканын мыкты демилге катары кабыл алдым. Бул Текебаев саясаттан биротоло кетти дегендик эмес, ал партияга керек жана сырттан колдоо көрсөтүп атамекенчилер менен ар дайым чогуу болот”, — деди Садык Шер-Нияз.
Эске салсак, “Ата Мекен” партиясынын XIII кезектеги курултайында, Текебаев баштаган партиянын түптөөчүлөрү шайлоого катышпасын билдиришти. Атамекенчилердин катары Эльдар Абакиров, Тилек Токтогазиев, Эльвира Сурабалдиева, Евраз Осмонов, Сейтек Качкынбай сыяктуу жаштар менен толукталып, тизмеси бекитилди.

Еlgezit.kg редакциясы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.