«Ажыдаарга айланган БШК». Атыр Абдрахматова менен манилүү маек

Интервью, Окуялар тизмеги, Саясат 31 Май 2020 18:35
0 ой-пикир

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясына байланыштуу 23-марттагы Жарлыгы менен 5 шаарда – Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлуу-Сууда жана 25 айыл аймагындагы шайлоону жылдырды. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 12-апрелде өтүшү керек эле.

Борбордук шайлоо компаниясы (БШК) саясий өнөктүктүн токтотулган этабынан баштап уланарын билдирген. Бирок добуш берүү кайсы күнү өтөт? Так датасы белгилене элек. Айрымдар жергиликтүү кеңешке болгон шайлоону парламенттик шайлоо менен бирге өткөрүүнү сунуштоодо. Ал шайлоо 4-октябрга белгиленген. Кимдир бирөө буга каршы болууда, алар бул биринчиден, техникалык жактан кыйынчылык туудурат десе, экинчиден шайлоочуну адаштырат дешүүдө.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова эки шайлоону бирге өткөрүү керек дейт. Elgezit.kg редакциясына берген маегинде ал муну Covid-19 жаңы коронавирус кеңири жайылып жатканда шайлоочуларды эки жолу добуш берүүгө чакыруу, алардын ден-соолугуна коркунуч туудурат деген пикирде. Ошондой эле ал шайлоо мыйзамына айрым өзгөртүүлөрдүн киргизилиши БШКны ажыдаарга айлантканын белгиледи.

— Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо качан өтөрү азыркыга чейин аныктала элек. 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чогу өткөрүү сунуштары болууда. Бул канчалык максаттуу деп ойлойсуз? Бюллетендердин көбү жараксыз болуп калып, натыйжада айрым участоктордо шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып калат деген коркунуч барбы?

— Дароо белгилеп кетейин, бул маселе боюнча менде бир пикир жок, бирок мен көбүнчө чогу өткөрүү керек деген пикирге кошулам. Эмнеге экенин түшүндүрүп кетейин. Менин оюмча, жарандар коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору болуп турган маалда  жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин эске алганда кыргызстандыктарды эки жолу шайлоого катыштыруу кооптуу. Өкмөт азыр өлкөнүн бюджетин колдоого, социалдык жактан аялуу катмарга кирген элге жардам берүүгө каражат таппай жатат, медицина кызматкерлерине жана милиционерлерге кошумча каражат төлөөнү айтпай эле коелу. Элди толук колдоо же жок дегенде чакан жана орто бизнеске мамлекеттин эсебинен жардам берүү тууралуу кыялданбай эле коеюн. Ошондуктан бюджетте эки шайлоону өткөрүүгө каралган каражатты эффективдүү колдонуубуз керек. Салык төлөөчүлөрдүн жана донорлордун каражаттарын шайлоо участокторундагы комиссиясынын мүчөлөрүнө коргонуучу каражатты эки жолу алып берип, ашыкча чыгымдын кимге кереги бар? Антисептиктерге, беткаптарга 2 жолу чыгым болуунун канчалык максаттуу? БШКда командировкаларга, шайлоо участокторунун даярдыгын көрүп, мониторинг жүргүзүүгө бир топ каражат коротулат, көп сандаган кошумча адистер командасы тартылат. Ошондуктан бир жолу чыгым болуп, айрым чыгымдардан баш тартуу максатка ылайык болот. Үнөмдөлгөн каражат медиктерге жумшалсын, себеби алар илдет менен күрөшүүдө алдыда жүрүшпөдүбү.

Учурда биз 2 миң 394кө жакын шайлоо участокторун түзүп жатабыз, шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү эске алсак, чет өлкөлөрдө 50гө жакын шайлоо участокторун ачышыбыз мүмкүн. БШКда автоматтык эсептөөчү урналардын саны 6 миң даана, алардын бир бөлүгү 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүү менен 444 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону бир өткөргөндө сатылып алынган.  

Өзүңүздөр билгендей, биз жалпы элдик добуш берүү менен депутаттарды шайлоону бир күндө өткөрө алдык, демек, парламенттик жана 30 жергиликтүү кеңешке болгон шайлоону бирге өткөрсөк техникалык жактан кыйынчылыктар жаралбайт. Ооба ошол жылы көп сандаган бюллетендер жараксыз болуп калган. Бирок көбүнчө референдум боюнча болчу, бул элдин ага болгон кызыкчылыгынын жогун көрсөттү. Шайлоочулар жер-жерлердеги өз өкүлдөрүн тандоого жоопкерчиликтүү карашарын айгинеледи.

— 2020-жылда жергиликтүү кеңешке болгон шайлоого даярдыктар башталганда Ош, Каракол, Балыкчы жана Токмок шаарларында “эл массалык түрдө көчкөнүн” көрдүк. Кеп шаардын каттоосун алган айылдыктар тууралуу болууда. Алар эми добуш бере алышабы? Себеби укук коргоо органдары иликтөөнү аягына чыгарышкан жок го.

— Себеби Башкы прокуратура жана ИИМ тарабынан шайлоо боло турган шаарларда массалык түрдө каттоого тургандар боюнча иликтөө иштери аягына чыккан жок. Алар 4 айдан бери бир нерсени эле кайталап келишүүдө. Бир жарым ай ичинде түштүктөгү борбордо 40 миң, Токмокто 7 миң, Караколдо 4 миң адамдын массалык түрдө каттоого турган фактысы боюнча шектүүлөр барбы же жокпу кандай чечим чыгарылды азыркыга чейин белгисиз.

Мамкаттоонун маалыматына ылайык, Ошто массалык түрдө каттоого тургандардын бир бөлүгү паспортун алмаштырып, ID-карталарынын чиптерине жаңы маалыматтарды киргиздирүүгө жетишкен, демек алар мыйзам боюнча шайлоочулардын тизмесине кошулат. Башка шаарларда деле ушундай абал. Ошондуктан менимче, шайлоо алдындагы кампанияны токтогон жеринен баштап улантууга мүмкүнчүлүк бербеш керек. Себеби олуттуу бузуулар болду. Укук коргоо органдары так чечим чыгарышы керек: канчасы мыйзамсыз каттоого турган, ким каттоого тургузган, бул иштерге кайсы партиялар аралашкан. БШК бул ишке катыштыгы бар партиядагы талапкерлердин баарынын каттоосун жокко чыгаруусу керек. Ошондо гана биз шайлоо таза өттү дей алабыз.

Каттоого байланышпаган дагы бир суроо. Депутаттар тобу жалган маалымат берген жарандарга айып пул салууну сунуштоодо. Мисалы, шайлоо участокторунда “көчүп” жүргөндөрдү. Сиздин оюңузча, бул норма логикага дал келеби? Укуктук жактан көйгөй жаралбайбы?

— Сиз айтып жаткан Мыйзам долбоору экс-депутат Аида Исмаилова тарабынан демилгеленип, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Президенттин алдындагы шайлоо мыйзамдарын реформалоо жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан. Анда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө терс таасирин тийгизген көп катачылыктар орун алган. Тактап айтканда, 2019-жылы жайында парламентте «колдоо тапкан» шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү киргизүүдө комплекстүү анализдин, коомдук талкуунун жоктугу, жумушчу топтун жабык иштөөсү, өзгөчө шайлоо процесстеринде 20 жылдык тажрыйбасы бар адистердин сунуштары эске алынбаганы, кызганыч мамиле ж.б. көптөгөн толук иштелип чыкпаган катачылыктар бар.

Президенттин алдындагы жумушчу топ парламенттин ишин аткарып койду, ал эми парламент “ооба” деген гана кнопканы басуу менен чектелди. Бул өкүнүчтүү гана эмес, парламентти дискредитацияга дуушар кылды. Эми болсо жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө бийлик учуп кеткен ракетанын кемчиликтерин оңдогонго аракет кылууда.

БШКнын жана Президенттин алдындагы жумушчу топтун иши эмнеге алып келди билесиңерби? Айылдык кеңештерге айымдардын шайлануусу күчөтүү деген чакырыктын алдында БШКны жазалоочу органга айландырышты. Эми ал талапкерлерди, партияларды, шайлоочуларды, ММКларды айып пулга жыга алат. Каалаган маалында, чектөө жок. Башкача айтканда, кайсы бир кагазды алып келбей койду деген шылтоо менен шайлоодон айрым “бийликке ыңгайлуу болбогон” талапкерлерди же партияларды четтетип, БШКнын пикиринде жалган деп табылган ММКлардагы материалдар үчүн айып пулдарды салып, аларды аккредитациядан ажыратып коюусуна жол ачылды. Шайлоо процессин реформалоонун башында Боршайком тургандыктан ушундай жаңы өзгөртүүлөр киргизилип, БШКны баарын жасай алган ажыдаарга айлантып коюшту.

Мен БШКга жогоруда аталган ыйгарым укуктардын берилүүсүнө каршымын. Шайлоочуларга айып пул салуу боюнча айтсам бул өтө кызыктуу. Форма №2 толтуруш үчүн БШК чыгарган кагазга гана арыз жазып, ал бланкты участоктордон гана алып, шайлоо дарегиңди жазышың керек. 2016-жылдагы референдумда жана 2017-жылдагы президенттик шайлоодо дал ушул корголгон бланктар боюнча чуу чыккан. Бланктарды участоктордон бардык шайлоочулар ала албай калышып, бланктарды админресурсту күчтөңдүрүү үчүн колдонуп кетти деген пикирлер болгон. Шайлоочулардан арыз жазышпаса деле башка участокторго байланып калганы тууралуу көп арыздар келип түшкөн.

Карапайым элдин жашоосун татаалдаштырып эмне кереги бар? Мени таң калтырганы тиешелүү шарттарды түзбөй туруп эле отургузуп, айып салып, укуктарды чектей беришкени. Дүйнөдө добуш берүү кандай өнүгүп жатат: эч кандай арыздын кереги жок, өлкө жаранынын паспорту гана керек жана дүйнөнүн кайсы жеринде болсоң да добуш бере аласың, интернет аркылуу добуш берүү шайлоочу үчүн абдан ыңгайлуу. Биз болсо баарын татаалдаштырып эле жүрөбүз.

— Туура бизде шайлоочу менен “ойногонду” жакшы көрүшөт. Ал эми партиялар тууралуу эмне дейсиз? Өзгөчө абал учурунда жергиликтүү шайлоого катышам деген партиялар БШКнын эскертүүсүнө карабай эле үгүт иштерин улантып жатышты го. Депутаттыкка талапкерлиги койгондор подъезддерди жууп, азык-түлүк жеткирип жатышты. Бул бузууга киреби? Бул саясий бирикмелер жоопкерчиликке тартылышабы?

— Форс-мажор абалынан пайдаланып жардамга муктаждарга жардам беримиш болуп кайрымдуулук менен алектенип, үгүт иштерин жүргүзүп, азык-түлүк таратып, шайлоочуларга: “Сизге унду, майды ким алып бергенин унутпагыла” деп үгүттөгөн партиялардын, талапкерлердин баары шайлоодон четтетилиши керек. БШК 9-апрелдеги чечими менен бул аракеттердин баарын сатып алуу жана үгүт иштерин кыянаттык менен жүргүзүү деп тапты. Прокуратура, милиция партиялардын жана талапкерлердин бул кайрымдуулук фактылары боюнча иш алып барып жатат деп ишенем.

Гуманитардык жардамдарды таратууда административдик ресурстарды колдонуп, добуш сатып алууга аракет кылган партияларды жана талапкерлерди четтетүү менен БШКнын аракеттеринин мыйзамдуулугун далилдеп, шайлоочулардын ишенимин арттыра алабыз деп ойлойм.

— Жогоруда саналган бузууларды эске алуу менен шайлоо алдындагы кампаниясын токтотулган жерден баштоо туура деп эсептейсизби? Аны кайра башынан жарыялоо максатка ылайык эмеспи?

— Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо алдындагы үгүт иштерин токтогон жеринен баштоо же кайра башынан жарыялоо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн президенттик аппараттан көз карандысыздыгына, алардын позициясынын калыстыгына жараша болот . Себеби 30 кеңештеги жергиликтүү шайлоону улантуудан мурун БШК биринчиден, массалык каттоого катыштыгы бар саясий партияларды, талапкерлерди каттоону жокко чыгарыш керек, экинчиден, карантин маалында мыйзамсыз үгүт кылгандарды каттоону жокко чыгарыш керек. Ошондон кийин гана шайлоо кампаниясын улантуу мүмкүнчүлүгү боюнча чечим кабыл алышы керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.