Кой-Таштагы окуядан кийинки жашоо

Серепчи Эмиль ДЖУРАЕВ – атайын Elgezit.kg үчүн

Жыйынтык

Биринчи түнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо (же күбө катары күч менен алып келүү) операциясы ийгиликтүү болбой, натыйжада абал чыңалып, андан чыгуучу жол туңгуюк болуп турду. Мындай операцияны жүргүзүү боюнча чечимди ким кабыл алганы түшүнүксүз, бирок аны пландагандар өтө чоң ката кетиргени көрүнүп турду. УКМКнын жетекчисинин Кой-Ташка күч жөнөтүп жатып, Атамбаев курал колдонорун күтпөгөнүн айтканы анын жана кесиптештеринин шалаакылыгынан кабар берет.

Ийгиликсиз өткөн операциядан соң мурдагы президент бийликке салыштырмалуу баатыр болуп чыга келди. Бирок триумфтан сырткары Атамбаев жана анын командасы белгисиздиктен улам чочулап да турушту. Бул эки абалды — триумфту жана чочулоону кошкондо Атамбаев тараптан күтүүсүз, өтө курч кадамдарды күтүүгө мүмкүн болчу. Форумда митинг болот дегени дагы дал ушул абалдан улам келип чыккан.

Ал эми бийлик болсо бул абалдан улам тепкиде калды. Президент депутаттардын алдында сүйлөп жатып жеңилгенин билдирбей, жайкап кетүүгө аракет кылып, кан төгүлүүсүнө жол бербөө үчүн бийликтин аброю курмандыкка чалынганын билдирди. Кандай болбосун операциядан кийинки белгисиздик бийликти дагы коркунучтарга тушуктуруп, катуу чараларды дагы көрүүгө даяр абалга кептеди.

Ишти жок дегенде дагы бир күн созо турганда баары Атамбаев жана анын тарапташтарынын канча адам чогултуп, көчөгө алып чыгарынан көз каранды болмок. Эгерде убадаланган митинг болуп, миңдеген тарапташтар чогулганда, бийлик үчүн абал бир топ оор болмок дагы, көзөмөлдөн чыгып кетиши толук мүмкүн болчу.

Муну түшүнгөн бийлик митинг башталгыча Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө бастырып кирип, митингди болтурбоо аракетин көрдү. Миңдеген күч кызматкерлеринин жана атайын техниканын күчү менен үйгө кирип, андан соң Атамбаевди багынып берүүгө “көндүрүүгө” мүмкүн болду.

Бул окуялар Кыргызстандын жаңы тарыхына мүнөздүү десек туура болот. Бийликтин алсыздыгы, талаштуу укуктук институттар, мыйзамдардын туруксуздугу, элдин күчү – бул факторлор Кыргызстандын саясий жашоосундагы дайым болуп турчу көрүнүшкө айланды. Бул жакта адилеттүүлүк, укук үстөмдүгү деген түшүнүктөргө орун аз, ал эми расмий институттар тууралуу кеп кылбай эле коелу.

Таң эрте эске келген алгачкы суроо — ким күнөөлүү? Эки тарап тең. Бул жерде ак, айыпсыз болуп, баатыр ролунда болчу тарап жок. Албетте, мындай абалдын жаралышына көбүнесе бийлик күнөөлүү жана Атамбаевди кармоо операциясында бийлик бир нече ката кетиргени сокурга дагы көрүнүп турат. Бирок абалдын курчуп кетишине мурдагы президент себепкер болду. Анын тарапташтары “мыйзамсыздык!” деп канча кыйкырышканы менен, дал ушул мыйзамсыздыктын пайдубалын мурдагы президент түптөгөн жана өзү үйүнө жашынып, ага келген расмий чакырууларды көңүл сыртында калтырды. Бул президент жасай турчу кадам эмес эле. Ал кечээкидей ыкма менен коргонгону мыйзамсыздыктын жана тарапташтарынын, элдин, өлкөнүн, мыйзамдын алдындагы жоопкерчиликсиздиктин туу чокусу болду.

Уландысы

Жашоо уланууда. Эми абал кандай өңүттө уланары өтө маанилүү. Эми баардык иш үчүн жоопкерчилик алган бийликтин алдында бир нерче принципиалдуу иштер турат, туруктуулукту сактоо үчүн жаратман болуп, өлкөнү мыйзамдуулук үстөмдүгүнө алып келүү, адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана легитимдүү бийлик болуусун камсыз кылуу, кыскасы акыркы жылдары жетишпей туган кемчиликтерди жоюу.

Ал эми жакынкы күндөрдү айта турган болсок, бийлик тынчтыкты камсыз кылып, Атамбаевди кармоодон улам келип чыккан чыңалууну жоюп, туруксуздук болушуна жол бербеши керек. Кармоодон кийинки биринчи түн эч кандай жоготууларсыз өттү, бирок шаар тынч болду деп айтуу кыйын, демек бийлик мындан аркы жашоо өз нугунда кетүүсүн камсыздаш керек. Аны менен катар эле бул иштердин баары жарандардын негизги укуктарына терс таасирин тийгизбей, башкача айтканда, эркин жүрүү, маалыматтардын жеткиликтүү болуусу сыяктуу ж.б. укуктар чектелбеши керек.

Ал эми жакынкы айлары бийлик Атамбаев менен болгон мамиледе кандайдыр бир чекти сакташ керек, бул бир аз оор болушу ыктымал. Биринчи түндөгү катуу кармашуудан кийин бийликтин аброюна доо кетти, демек адамдык кек алуу орун алышы ыктымал.

Атамбаевге ойго келген жана келбеген күнөөлөрдү илип, аны Аль Капоне, Милошевич жана Чикатило кылышы мүмкүн. Бирок мындай кадам бийликтин аброюн дагы түшүрүп, келечекте куугунтуктоолор болушу ыктымал. Атамбаевге байланышкан тергөө жана сот иштерин театрга айлантпай, мыйзам чегинде жүргүзүү абзел.

Ал эми келечекке көз чаптырсак, Жээнбеков президенттик мөөнөтү аяктагыча төмөнкү иштерди аткарышы керек: өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу, саясий куугунтуктарды токтотуу, укуктук саясатты жүргүзүү. Президент Сооронбай Жээнбеков буга биринчи кезекте кызыкдар болушу шарт. Төрт жылдан соң ал кызматтан жүзү жарык болуп кетиши керек. Буга чейинки президенттердин катасын кайталабашы абзел.

Бул үчүн Жээнбеков жана анын айланасындагылар келерки жылдагы парламенттик шайлоону таза өткөрүп, атаандаштыкка жол ачышы керек. Кадр саясатына кылдат көңүл буруп, тажрыйбага басым жасоо зарыл. Сот системасы, жалпы эле укуктук талаа жаңыланып, тазаланышы абзел. Саясий туткундарды бошотуп, өлкө саясатында плюрализмге жол ачылуусу шарт. Жаңы саясий партиялардын өсүүсүнө мүмкүнчүлүк берилип, жаңы лидерлердин келүүсүнө пайдубал түптөлүшү керек. Мунун баары өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эффективдүү, реалдуу долбоорлор менен коштолуп, социалдык абал жакшыруусу үчүн тиешелүү иштер жасалуусу шарт.

Ушул үч ишти түшүнүп жана туура аткаруу менен гана Президент Жээнбеков 2023-жылы Ак үйдөн башын бийик көтөрүп чыгып, өзү каалагандай неберелери менен шаарда эркин сейилдей алат. Муну ал эле эмес, карапайым калк деле каалап турарында шек жок.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт. 

Cүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу