Экс-президенттиктин мааниси. Роза Отунбаева менен маек

Аналитика, Видео, Интервью, Саясат, Статьялар 27 Май 2019 13:39
0 ой-пикир
Кыргызстанда акыркы жолу ѳлкѳ башчысы алмашкандан бери, ары тактыдан кеткен президенттин аракеттеринен улам, ары жаңы президенттин ишинен улам, ары жалпы саясый топтордун талаштары, талкуулары жем берип, экс-президенттер жана экс-президенттик макам тууралуу кѳптѳн кѳп сѳз болууда. Жакында эле, Жогорку Кеңеш кабыл алып, Президент Жээнбеков кол коюп, “КР Президентинин ишмердүүлүгүн камсыздоо” жѳнүндѳгү мыйзамга экс-президенттерге тиешелүү жаңылыктар ишке кирди. Экс-президенттиктин мааниси, талабы, тажрыйбалары тууралуу азырынча бирден-бир айтып бере алчу кишиге, экс-президент Роза Отунбаевага кайрылып, чакан маек курдук. Урматтуу президент айым, Роза Исаковна, саламатсызбы! Кѳптѳн каалап жүрүп, бүгүн сизге жолугуп турганыма ыраазымын. Бизге убакыт тапканыңыз үчүн чоң рахмат. Анда мени кызыктырган, жана кѳпчүлүккѳ да сѳзсүз кызыктуу болчу суроого кайрылалы – экс-президенттик маселесине. Экс-президент болуу кандай экен ѳзү? Бул макамдын жүгү, жоопкерчилиги көбүрөөкпү, же кандайдыр бир артыкчылыктары кѳбүрѳѳк бекен? Жеке сиз ѳзүңүз бул макамыңызга кандай карайсыз? -Менин оюмча ѳлкөнүн лидери болгон адамдар үчүн жумуштан кетти, жумушу бүттү деген заман, түшүнүк болбош керек. Биздин өлкө жаш, тамтаңдап бутуна тура албай келе жатат. Баарыбыз Кыргызстан өнүксүн деп аракет кылып келебиз. Мына 30 жылда 30 жолу Өкмөт өзгөрдү. Премьер-министрлердин көбү жумуштан кеткенине кейип, “ойдогу пландарым жасалбай калды, элди жыргата турган проекттерим бар эле” деп ѳкүнүшѳт. Беш президент болгону тууралуу айтпай эле коёюн. Менин түшүнүгүм боюнча, жумушта болосуңбу же кетесиңби, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аракет кыла бериш керек, ага тоскоол жок. Сөзсүз эле кызматка барып, алдыңда машина болуунун, кабинетке отуруунун кереги жок. Бул ишти каалаган жерден жасай берсе болот.  Учурда президенттер велосипед менен жумушуна барганын, элди аралап жүргөнүн көп эле көрүп жатабыз, демек, президенттик деген элге кызмат кылуу. Ошондуктан экс-президенттик деген бул моюндагы түшпѳс жүк, ѳтпѳс жоопкерчилик, ѳлкѳнүн келечегин, түйшүгүн ойлоп уктай албайт экенсиң. Мен президенттиктен кеткенден кийин экс-президенттер эмне менен алек болору боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрдүм. Ошондон эң эле керектүү, Кыргызстанга ыңгайлууларын иргеп алып, ишке ашырып жүрөм. Экс-президент катары мен “Мадрид клубунун” мүчөсүмүн. Бул 100дөн ашуун мурдагы премьер-министрлер жана президенттер чогулган дүйнѳлүк клуб. Борбору Мадридде. Дүйнө жүзү боюнча бир жылда бир чогулабыз. Ал клубга баарын эле мүчө кылып ала беришпейт экен. Советтер Союзунун курамында болгон өлкөлөрдүн ичинен мен жана Горбачев (СССРдин экс-президенти-ред) бар. Бул клубдун мүчөлөрү демократия жолу менен шайланып, иштеген мурдагы президенттер жана премьер-министрлер. Айрым өлкөлөрдүн үчтѳн-төрттөн президенттери жүрөт. Клубдун мүчөлөрүнүн бир тобу ар кандай эл аралык уюм, форумдарды баштап жүрүшөт. Бизнес тармагында да ийгиликтүү иштеп жүргѳндѳр дагы бар. “Мадрид клубунан” тышкары дагы бир эң абройлуу эл аралык институт  — бул дүйнѳлүк карыялар форуму, анын мурунку башчысы Кофи Аннан болчу, азыр Мэри Робинсон башкарат. Ал жакта жогорку посттордо кынтыксыз иштеген, дүйнѳлүк авторитети кыйшайгыс адамдар киргенине көзүм жетти. — Сиздин мындай абройлуу, ири клубдун мүчөсү болгонуңуз өлкө үчүн чоң сыймык. Эми, президент болуп турганда ар кандай формалдуу тартип, эрежелер кѳп болсо керек деп ойлойм. Ал эми экс-президент болгондо кандайдыр бир эркиндикти сездиңизби? Балким, эл аралык деңгээлде иштөөгө артыкчылыктар, кѳбүрѳѳк эркиндик бардыр? — Негизи, биз экс-президенттик институтун пайдаланышыбыз керек экен. Аны өнүктүрүп, бапестешибиз керек. Кеп ѳлкѳнүн ѳнүгүүсүнѳ, ички да, сырткы да катнаштарына пайда алып келе турган абройлуу институт тууралуу болуп жатат. Президент түбөлүктүү болбойт. Негизги законду сыйлап, кызматтан бир күнү, убактысы келгенде кетет. Өлкѳнүн жүзүн, абийирин жогору кѳтѳрүп, ѳкмѳттүн атынан бир топ ѳкүлчүлүк кызматтарга тартылса эмнеси жаман? Мисалы, кѳп учурда ар кайсы жерде кайсы бир президент кайтыш болсо, АКШ же башка ѳлкѳнүн иштеп жаткан президенти бара албай калса, анда ѳз ѳкүлү катары экс-президентти жиберет. Кыргызстандын мурдагы президенти катары мен эл аралык бир топ иштерге катышам.  БУУнун Генералдык катчысы Гуттериштин (Антониу Гуттериш-ред) алдында Медиация Тобу түзүлгѳн, мен анда дүйнѳ боюнча тандалган 18 кишинин бирѳѳсүмүн. Бул Медиация Тобунун максаты татаал — көптөн бери чечилбеген дүйнѳдѳгү жаңжалдарды чечүүгѳ эксперттик салым кошуу. Индиянын борбор шаарында жайгашкан Махатма Ганди атындагы ЮНЕСКОнун институтун башкарган топтун мүчѳсү катары Азия континентинде билим берүү жаатында бир топ актуалдуу программаларды ишке ашырганга умтулабыз. 2030-жылга карата БУУнун Туруктуу ѳнүгүү программасын ишке ашыруу үчүн түзүлгѳн профессор Джефри Сакстын кол алдындагы Жогорку деңгээлдеги Лидерлик кеңештин мүчѳсү катары биз дүйнѳ боюнча ар тараптуу ѳнүгүү программаларды кантип тездетебиз, алдыңкы тажрыйбалар менен  ѳлкѳлѳр арасында алмашууда бир да ѳлкѳ четте калбасын деп чоң аракеттерди кѳрүүдѳбүз. Быйылкы мына сентябрда бул маселелерди Нью-Йоркто терең талкуулайбыз. Биз белгисиз республика болуп эле отура берсек да болот, албетте. Бирок мен көптөгөн конференцияларга барып сүйлөп, катышып жүрѳм — бул дүйнөлүк картада Кыргызстандын жана Орто Азия регионунун ордун, аброюн, оюн, көз карашын көрсөтүү үчүн өтө маанилүү нерсе деп ишенем. -Экс-президент институту деген Кыргызстан үчүн жаңы нерсе болуп жатпайбы. Бизде буга чейин иштеп кеткен тѳрт президент болду, алардын үчѳѳсүнүн акыбалы азыркы учурда опурталдуу болуп турат. Экс-президент катары толук кандуу сиз гана иштеп келе жатасыз. Андыктан, сиз ушул суроого жооп бере аларсыз — экс-президент институтунун коом үчүн ѳзгѳчѳ милдеттери, вазыйпасы барбы? Дегеним, коомду тарбиялоодо, баалуулуктарды сунуштоодо, жайылтууда мурда өлкөнү жетектеген кишилердин ролу өтө маанилүү болсо керек? — Башка өлкөлөрдө ар кандай тажрыйбалар бар. Мисалы, Австрияда Президенттин алдында 3 кишилик кеңешчи топ бар экен. Ошол жакка экс-президент кирет экен. Коңшу Казакстанда Нурсултан Назарбаев азыр президенттикти бошоткон менен, улуттун лидери макамына ээ болуп, ѳлкѳнүн коопсуздук кеңешинин башчысы катары мамлекеттин иштеринен алыстабады. Менин оюмча бул киши Ли Куан Юнун жолун жолдоп жатат. Ал кызматынан кетип, бирок Сингапурдун министрлер кабинетинде Улуу министр болуп он жылдай иштеп жүрдү. Бул адам мамлекетти колу менен түптөп, бутуна тургузган адам да. Биздин жаш мамлекетибиздин тарыхы жылуу-жумшак эмес, татаал болуп чыкты. Баарыбыздын парзыбыз – мамлекеттүүлүктү түптѳѳ, жаш башкаруу институттарын бекемдѳѳ. Бир эле жол бар – элдин, жаштардын ѳлкѳдѳн үмүтүн үзбѳй, коомдун биримдигин бекемдеп, келечекти карай тынбай-чарчабай  иштеш керек. Мен кызматтан кетерим менен эле “Роза Отунбаеванын Демилгеси” фондун түздүм. Билим берүү багыты, анын ичинде  жаш балдарга ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу —  эң башкы приоритетибиз. Жакырчылык жоюлсун деп ар бир жай бою жайлоолордо жүз бала-бакчаларды иштетебиз. Маданиятка, аялдардын, жаштардын ролуна көп көңүл бөлүп жатабыз. Маанилүү китептерди да чыгарабыз, биринчи кезекте балдар үчүн. Миграция маселесин колго алып, четтеги кыргыз диаспоралары менен тыгыз иштедик. Кыргызстан боюнча бул фонд оозго алынып калды. Мен ѳлкѳдѳгү да, четтеги да онго жакын университеттердин ардактуу профессорумун. Сөзсүз бир жылда бир ал университеттерге барып лекция окуганга аракет кылам. Жаштар менен баарлашып турам. Мен, мисалы, азыр Астана Экономикалык Форумуна барып, сүйлѳп, жаңы эле келдим, абдан маанилүү идеяларды алып келдим. Телевизордон чыгып алып деле бул идеяларды айтсам болот, бирок жандуу аудиторияда, студенттер менен баарлашуу – бул башка нерсе. Бир жылда онго жакын өлкөлөргө барып келем. Айрымдар башында ичи күйүп, Отунбаева кайсы акчасы менен четке чыгып жатат дешкен. Ишенесизби, бир жылда мен отуз-кыркка жакын чакыруу алам, келип сүйлөп бериңиз деп барган-келгенимди толук тѳлѳшѳт. Күзүндө Американын үч-тѳрт атактуу университеттеринде лекция окуйм. Берлинде ноябрь айында эки Германиянын кошулганына карата чоң иш-чараларга катышуу жана ал жерде сүйлѳп берүү боюнча чакырылгам. Аларга биздин ѳлкѳнүн, Орто Азиянын азыркы ѳнүгүүсү тууралуу айтып берем. Демек, алар биздин регионго маани берип, кызматташтыкты курууга кѳңүлүн кѳрсѳтүп жатышат. — Сиз азыр башыңызды бийик көтөрүп, кенен, эркин жүрө аласыз. Коом алдында, айылдарда эл аралап… Буга чейинки иштеген калган үч президент андай кыла алышпайт. Эми, буюрса, келечекте дагы тактыга башкалар келет, алар да мѳѳнѳтү бүткѳндѳ бийликтен кетишет. Келечектеги экс-президенттер ушу сиз сыяктуу эркин жүрүү үчүн, эл арасында кадыр-баркка ээ болуусу үчүн эмне кылышы керек? Кандай кеңеш, насаат бермексиз? — Жооп эң жөнөкөй – таза, адилеттүү иштеш керек. Мисалы, коррупция деген балээ болду. Жер жүзүн кемирип эле жеп жатат. Бай Кореяны караңыз, эки президенти биринин артынын экинчиси кесилип кетти, түрмөдө отурушат (коррупция иштери үчүн). Бирок бул (соттук иштер) ал ѳлкѳнүн тазарып жатканын көрсөтүүдө. Бир мисал келтирсем, Мухаммед Мо Ибрахим деген киши бар, ири бизнесмен, теги Судандан чыккан британиялык магнат. Бул адам Африка континенти үчүн абдан күйөт. Мо Ибрахим коррупциядан арылуу үчүн, жана африкалык президенттер мөөнөтү аяктаганда аны узартпай, Конституцияны бузбай өз убагында кетишсин деп, бир жылга 10 млн доллар кун коюптур, ошол акчага бүтүрбѳгѳн иштерди жаcаса болот деп. Бирок, 10 жыл бою, бул шарттарга ылайык келген, татыктуу экс-президент табылбаптыр. Себеби, алар баарысы өз убагында кетпей коюшкан, же таза иштешкен эмес. Анан акырында (Хоакин Алберту) Чиссано деген Мозамбиктин мурдагы президенти премияга биринчи болуп татыктуу болуптур. Азыркы учурда биз тарапта деле он миллионго кызыккан такта отурган эл башчылар табылбайт го деп чочулаймын. Менчиктештирүү, урдоодон тапкан акчага караганда, анан дагы эле кресло канча мүмкүнчүлүктѳрдү алып келгенин ойлогон бийлик башындагылар мындай “майда” пулду кенебейт деле. Былтыр Улан Эгизбаевдин ишин улантуу үчүн менин демилгем менен коррупцияга каршы иликтѳѳ журналистика фонду ачылды, биздин коомдо ар тараптуу күчтѳрдүн баарын чогултуп, коррупцияга элдик согуш жарыялайбыз деп аракет жасаганыбыз.  Таза иштеп, эч кимди коркутпай, туугандарыңды жумушка албай,  акыйкатты орнотуп иштесең эле эл алдына жүзүң жарык болуп жүрөт экенсиң. Мисалдар арбын: мурунку Норвегиянын премьер-министри Бондевик тынчтыкты орнотуу боюнча эл-аралык фондду түзүп, аны иштетет. Нигериянын мурунку президенти Обасанья Африкадагы конфликт, чыр-талаштарда чоң авторитети бар киши катары ортомчу ролдорду ийгиликтүү ойноп жүрѳт, ошол эле убакта, менин чоң жерлерим бар, ошолорду фермер катары иштетем деп мага айтып бергени бар. Бир топ мурунку ѳлкѳ, ѳкмѳт башчылары эл-аралык, БУУ системасынын уюмдарына башчы болуп иш аркалап жүрүшөт. Өтѳ кызыктуу кеп болду. Эл арасында кеңири жүрө ала турган дагы кѳп эл башчыларга Кыргызстан күбө болоттур, ошону каалайлы. Маегиңиз үчүн чоң рахмат, Роза Исаковна! -Сиздерге да рахмат! Маектешкен – Elgezit.kg баяндамачысы, саясат таануучу Эмиль Жураев  

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.