Тарых сабактары. Саясаттагы саткынчылык тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Саясат, Статьялар 16 Сен 2020 14:46
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн

Талейран көрүнүктүү саясатчы гана эмес, бетпак (циник) да киши болгон. Ал философ катары башка саясатчылардан биринчилерден болуп саясатта достук жок экенин, саясат – бул жакшы кыздардын клубу эмес экенин түшүнгөн. Ал көптөгөн бийиктиктерге жетип, астрономиялык жактан байып, саясатта көпкө кармалган саясатчы, дүйнөлүк тарыхта жана чоң саясатта көрүнүктүү устат катары калды. Талейран кызмат кылган жана жанында жүргөн адамдардын бардыгына чыккынчылык кылган. Бирок бир дагы өкмөт башчы анын кызматысыз жана кеңешисиз иш жасай алган эмес. Ага карата ачуулануу менен жана айыптоо менен айтылган “чыккынчы” деген сөзгө ал жөн гана күлүп, «чыккынчылык – бул көрөгөчтүк искусствосу» деп жооп берген. Ал эми оппоненттеринин “эч качан чыккынчылык кылбайбыз” деген сөздөрүнө да күлүп: «Чыккынчылык – бул убакыттан же баадан көз каранды»,- дечү. Ал тууралуу кеп кылышканда бардык саясатчылар эле таң калып, аны сындап киришет, бирок дээрлик бардыгы Талейран сыяктуу эле кадам жасашат. Кантсе да Талейран саясаттагы ачуу чындыкты эч кандай жалтактоосуз айткан адам.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.