Ысык-Көлдө уран казууга болгон аракеттерге ким күнөөлүү? Экоцид жана Атамбаевдин эки жүздүүлүгү

Аналитика, Саясат 02 мая 2019 14:37
0 ой-пикир

Толугу менен Elgezit.kg сайтынын Өмүрбек Текебаев менен болгон маегинде.

— Кыргызстанда акыркы жумада социалдык тармактарда Ысык-Көлдө уран казуу темасы кызуу талкууга алынды. Кен жайгашкан аймакта жана Бишкекте бир нече митингдер өттү. “Уранга жок дейли”, “биз Кыргызстанда уран казууга каршыбыз” деген чакырыктар калк арасында колдоого алынууда. Коомчулуктун кысымына кабылган Өкмөт Ысык-Көлдө чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан “ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын чакыртып алды. Бирок нааразы болгондордун аягы суюла элек.

— Саясатчылар, жөнөкөй жарандар азыркыга чейин Кыргызстанда идеология жок экенин, баалуулуктар, улуттук кызыкчылыктар аныкталбаганын айтып келишет. Бирок Ысык-Көлдө уран казууга болгон аракеттерге каршы коомчулуктун реакциясы саясий элита деп аталгандарга караганда карапайым калк жогору жактын буйругун күтүп отурбастан эле улуттук кызыкчылыкты түптөп алганын көрсөттү. Жалпы каршы болуу, нааразычылык билдирүү элдин улуттук кызыкчылык тууралуу өз түшүнүгү бар экенин көрсөттү.

Мен саясатчымын. Биз дайыма калкты кандай маселелер тынчсыздандырарына кызыгып, ар түрдүү сурамжылоолорду жүргүзүп турчубуз. Эл үчүн маанилүү болгон көйгөйдү аныктоо үчүн өз күчүбүз менен же айрым учурларда атайын борборлорго кайрылып, изилдөө жүргүзчүбүз. Албетте, эң биринчи орунда жумушсуздук, андан соң турак-жай, жалпылап айтканда социалдык жана материалдык маселелер турчу. Ал эми экология маселеси Европанын өнүккөн, бай өлкөлөрдө эле актуалдуу болуп, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде экология акыркы орунда турат деп саналчу. Биз жүргүзгөн ички сурамжылоолордо дагы экология бизде акыркы орунда болчу. Азыр болсо уранды казууга байланышкан абал абал андай эмес экенин көрсөттү.

Февраль айында Россиянын “Независимая газета” гезити Путиндин жардамчысы, “серый кардинал”, “россиялык пропаганданын атасы” аталып келген Владислав Сурковдун макаласын жарыялады. “Долгое государство Путина” деп аталган макаласында Сурков терең эл деп аталган жаңы кызыктуу терминди саясий талкууга таштаган. Башкача айтканда, стандарттуу социологиялык сурамжылоо аркылуу билүүгө мүмкүн болбогон эл, чыныгы улуттук кызыкчылыктар жана баалуулуктар тууралуу кеп болгондо өзүн элитага каршы койгон калк.

Elgezit.kg сайтынан кыстырма: “Кылымдан кылымга элди өзүнүн иш-чараларына – партиялык чогулуштарына, согуштарга, шайлоолорго, экономикалык эксперименттерге тарткан элита жогору жакта жаркырап турат. Эл иш-чараларга катышат, бирок жогору жакка чыкпай, өзүнүн терең, такыр башка жашоосу менен жашайт. Эки улуттук жашоо: үстүртөн жана терең. Бул эки катмар айрым учурларда бири-бирине каршы багытта жашайт, айрым учурларда бир багытка бет алат, бирок эч качан бир болуп бирикпейт.

Терең эл социологиялык сурамжылоолорго, үгүттөргө, коркунучтарга жана башка түз таасирлерге жол бербейт, катышпайт. Ал ким экени, эмне тууралуу ойлонору жана эмнени каалап жатканы күтүүсүз жана кеч ачыкка чыгат.

Айрым серепчилер терең эл калкка барабарбы же анын бир бөлүгүбү, эгерде андай болсо анда кайсы бөлүгү экенин аныктоого аракет кылышат. Айрым учурларда эле терең эл дыйкандар дешсе, кээ бири пролетарлар, партияга кирбегендер, хипстерлер, бюджеттен акча алып иштегендер деп келишкен. Аны “издешти”, ал жакка “барышты”. Аны кдай жолундагы адамдар дешти, тескерисинче деген да пикирлер болду. Кээде ал ойлоп табылган, чыныгы жашоодо андай эл жок дешти дагы реформа кылууга киришишти, бирок тоскоолдуктар чыгып, нааразычылыктар жаралганда “бир нерсе бар” деген бүтүмгө келишти. Ал өзүнүн же башка басып алуучулардын кысымынан улам артка чегинген учурлары болду, бирок кайра эле баш көтөрүп чыга келчү.

Өзүнүн оор салмагы менен терең эл улутту бириктирген күчтүү маданий гравитацияны түзүп, ал элитаны жерге (туулган жерине) тартат.

Элдүүлүк мамлекеттүүлүктүн формасын аныктайт теоретиктердин фантазиясын чектейт, практиктерди айрым кадамдарга барууга мажбурлайт. Ал саясий траекторияларга алып келчү күчтүү аттрактор. Россиядан болсо кайсынысынан болбосун – консерватизмден, социализмден, либерализмден баштасак боло, бирок баары бир нерсе менен эле бүтөт. Башкача айтканда, болгон, учурда бар нерседен бүтөт” В.Сурковдун “Долгое государство Путина” макаласынан үзүндү.

Уранга байланышкан окуя элдин детонатору болсо, биздин саясий элита үчүн лакмус болду. Биздин терең элдин улуттук кызыкчылыктар тууралуу өз түшүнүгү бар экенин жана аны коргоого даяр экенин көрдүк. Экосистеманы бузуу, жашоо шартын бузуу аракетине катуу каршылык көрсөтүлдү.

Аткаминерлердин орой, каардуу, саткын аракеттери уктап жаткан “терең” элди ойготту. Элдин жашоодогу баалуулугу дароо алмашты. Экология маселеси экологдордун гана көйгөйү эмес экенин көрдүк. Экология улуттук намыстын, улуттук биримдүүлүктүн көйгөйү экенине күбө болдук.

“ЮрАзия” компаниясы 2010-жылдан тарта чалгындоо иштерине укук алыптыр, келерки жылдан баштап уран кенин казып баштамак экен. Казуу планы 25 жылга эсептелген. Лицензия берүү жана компаниянын иш жүргүзүү аракеттери Кыргыз Республикасынын азыркы Мыйзамдарына каршы келген. Тактап айтсам, “Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө” Мыйзамга, Өкмөттүн “Ысык-Көл биосфералык аймагы” тууралуу 1998-жылдагы жобосуна жана башка Мыйзамдарга жана жоболорго каршы келет. Бул Мыйзамга каршы экени формалдуу жагы. Ал эми формалдуу эмес жагын карай турган болсок, бул компаниянын иш-аракеттери, пландары Кыргызстандын экономикалык өнүгүү концепциясына каршы келет. Анда туризм приоритеттүү багыттардын бири болуп белгиленген. Учурда туризм тармагы ИДПнын 5% түзөт, планда бул көрсөткүчтү 15% жеткирүү каралган. Ысык-Көл бул Кыргызстандын гана эмес, бүткүл Борбор Азиянын бермети. Дүйнөнүн баардык бурчунан туристтерди тартуучу жерлердин бири. Бул кичинекей компания жана анын кызыкчылыктары улуттук кызыкчылыктардан жогору коюлуп келгени туура эмес. Уранды Ысык-Көлдүн жээгине жакын жерден казуу биздин туристтик тармакка чоң сокку болот. Аткаминерлер муну түшүнгүсү келген жок, эл дароо түшүнүп мындай коркунучка каршы турушту, Өкмөт болсо аргасыздан чегинип берди. Эми ЖКнын депутаттары, анын ичинде биздин “Ата Мекен” фракциясынан депутаттар уранды Ысык-Көлдүн гана аймагында эмес, Кыргызстанда казууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Мындай жол менен биздин улуттук кызыкчылык Мыйзам аркылуу бекемделет.

-Эгерде Ысык-Көлдө уран казуу мыйзамсыз болсо, мындан сырткары туристтик өлкө катары Кыргызстандын аброюна шек келтирсе, ага кошумча экономикалык жоготууларга алып кел турган болсо бир суроо туулат, ким күнөөлүү?

— Учурда баардык саясий партиялар бири-бирин күнөөлөп, жоопкерчиликти бири-бирине оодарып келишет. Албетте, күнөө тиешелүү министрликтердин жетекчилеринде, биринчи кезекте, Атамбаев күнөөлүү деп эсептейм. 2010-жылдын ноябрь айында “ЮрАзия Кыргызстан” ЖЧКсы Кызыл-Омпол аймагында геологиялык изилдөө жүргүзүүгө лицензия алган. Ал эми 2011-жылдан тарта, Атамбаев премьер жана президент болуп турган маалда лицензия бир нече жолу узартылган жана кайра катталып геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берилген. Президент болуп турган маалда Атамбаев Өкмөттүн демилгелеринин баарын өз колуна алып, алардын үстүнөн кысым кылып турган. Өкмөт элдин өкүлү эмес эле, Атамбаевдин кызматчысы болуп калган. Алар Атамбаевдин уруксаты жок олуттуу маселелер боюнча чечим чыгара алышпайт болчу. Уран – бул стратегиялык чийки зат, аны казуу Улуттук коопсуздук кызматы, Коопсуздук кеңеши тарабынан көзөмөлдөнүшү керек болчу. Баарыбызга белгилүү болгондой, Коопсуздук кеңешинин башында президент турат. “ЮрАзиянын” лицензиясы узартылып, кайра катталып жаткан маалда Атамбаев президент болчу. Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Абдил Сегизбаев дагы Атамбаевдин сунушу менен кызматка келген. Ал Атамбаевдин оппоненттерин, журналисттерди, жарандык активисттерди тыңшоонун ордуна ири стратегиялык долбоорлорду көзөмөлдөшү керек эле. Мисалы, Бишкек ЖЭБин оңдоо иштерине көз салышы керек болчу. Же Түркмөнстандан Кытайга Кыргызстан аркылуу кеткен газ түтүктөрүн караш керек болчу. Учурда жарандык активисттер коңшу өлкөлөр газдын транзити үчүн бизге караганда алда канча көп каражат аларын айтышууда. Биз болсо транзиттен жылына түшчү 100 миллион доллардан баш тарттык. Бул долбоорду дагы УКМК “өткөрүп” жиберди. Балким өз каалоосу менен эмес, Ак үйдүн буйругу менен.

Ал эми уранга келсек, баардык узартуулар жана кайра каттоолор Атамбаев президент жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп турган учурда болгонун кайталап кетейин. Ошондуктан бул элге каршы долбоор үчүн Атамбаев жоопкерчилик тартышы керек. Баса, кеп бир эле тоо-кен аймагы тууралуу болгон жок. Атамбаев президент болуп турган маалда Кыргызстанда уран казууга 20га жакын лицензия берилген.

— Бирок КСДП партиясы Ысык-Көлдө уран кенин иштетүү маселеси Атамбаев премьер жана президент болуп турган маалда каралбаганын билдирип жатпайбы. КСДПнын басма сөз кызматы Атамбаев 2012-жылы БУУнун Борбордук Азиянын радиациялык коопсуздугу боюнча атайын резолюциясынын демилгечиси болгонун, ал 2013-жылы кабыл алынганын билдирип жатат. Ал эми 2017-жылы ал БУУнун Генералдык ассамблеясында уран сактоочу жайлардагы көйгөйлөр жана радиациялык коркунуч тууралуу соз сүйлөгөнүн жарыялашты. Мындан сырткары КСДП Атамбаев 2019-жылдын 23-апрелинде Кыргызстандын аймагында уран казууга тыюу салууну демилгелеп, билдирүү таратканын жазды.

— Мен силерге айтып коеюн, дал ушул Атамбаевдин сунушу менен 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясына “экоцид” түшүнүгү киргизилген. Борбордук Азияда биздин өлкөдө гана “экоцид” негизги мыйзамга киргизилип, ал үчүн катуу жаза берилип, эскирүү мөөнөтүнө ээ эмес. Атамбаев кыргыз эли жана адамзаты үчүн күйгөн деп ойлошуңар мүмкүн. Аны биздин планетанын келечеги, экология маселеси ойлондурат дешиңер мүмкүн. Атамбаев чындыгында кандай иштерди жасаганын билбегендер ушундай ойлошу ыктымал. Бирок Атамбаевдин эки жүздүү экени дал ушул жерден билинет. 2016-жылдын декабрь айында ал Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон.

Ал эми 2017-жылы сентябрь айында БУУнун Генералдык ассамблеясында ал уран тууралуу гана эмес, мөңгүлөрдү жоготуу олуттуу экологиялык коркунучка алып келери тууралуу сүйлөгөн. 2017-жылдын октябрь айында “Центеррага” биздин Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн талкалоого уруксат берген Мыйзамга кол койгон. Канадалык “Камеко” компаниясынын иши жана алар менен 1994-жылы түзүлгөн макулдашуу элге каршы келет жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгына жооп бербейт. Жогорку Кеңештин бир нече токтому менен ушундай баа берилген. Элге каршы акыркы келишимге 2009-жылы Бакиевдин Өкмөтү тарабынан кол коюлган. Бирок жада калса ал келишимде дагы мөңгүлөрдү талкалоого тыюу салынган. Жада калса Бакиев дагы алтынды казуу жер алдынан жүрүшү керектигин билдирип, айлана-чөйрөгө, мөңгүлөргө зыян келтирилбеши керек деген чечимге келген. Бирок 2011-жылдан тарта бул келишимди бузуп башташкан. Жыл сайын. Премьер-министр болуп турган кезде Атамбаев 2011-жылы “Центеррага” 10 миллион куб метр мөңгүнү талкалоого уруксат берген. 2012-жылы 15 миллион куб метр, 2015-жылы 20 миллион куб метр. Ошентип Атамбаевдин маалында 2011-жылдан 2017-жылга чейин 100 миллион куб метрден көп Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү талкаланган. Бирок “Центерра” жана анын өкүлдөрү бул аракеттери, убактылуу уруксаттар кооптуу жана мыйзамсыз экенин жана эртеби кечпи чуу чыгарын билишкен. Эгерде бийликке патриот Өкмөт келсе эл аралык сотко кайрылып, “Центерра” жаратылышка зыян келтиргени үчүн жоопкерчилик тартып каларын билишкен. Мындан сырткары “Центерранын” аброю түшмөк. Ошондуктан 2014-жылдан тарта Атамбаев суу тууралуу Мыйзамга өзгөртүү киргизип, “Центеррага” мөңгүлөрдү талкалоого уруксат бере турган Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө аракет кылып келген.

Elgezit.kg сайтынан кыстырма: белгилүү окумуштуу-эколог, географиялык илимдердин доктору Эмил Шүкүров 2018-жылы «Центр-1» басылмасына берген маегинде мөңгүлөрдү талкалоо өлкөнү экологиялык катастрофага алып келерин билдирген.

«Акыркы 20 жылда Кыргызстанда мөңгүлөр деградация болуп жатат. Мурда адамзаттын иш-аракеттери тоо этектериндеги эле экосистеманы бузуп келген. Эми болсо орто жана бийик тоолордун – кыргызча айтканда жайлоолордун дагы экосистемасы бузулуп жатат. Алардын көбү толугу менен бузулган”,- деген эколог.

Мисалы: экосистема бузулганда эң биринчи өсүмдүктөр жоголот. Өсүмдүгү жок тоолор карларды кармай албайт, шамал учуруп кетет. Натыйжада кышында мөңгүлөр тиешелүү көлөмдө кар топтобойт дагы эриген карлардын орду толбой калат.

– Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр абалга кандай таасир берет?

– Бул өзгөртүүлөр баарынын жолун ачты. Мөңгүлөрдүн жанында казуу иштерине уруксат берүүгө болбойт, ал жергиликтүү экосистемага чоң зыян келтирет. Себеби ал жакта кен байлык гана эмес, ал жакта жолдор, турак-жайлар да бар да. Казуу иштери жүргүзүлгөн жерде мөңгү калбай калат.

Мурда, союз маалында биздин аймактын 70–80%ын экосистема ээлеп турчу. Климат жакшы болуусу үчүн жана жаратылыш байлыктарын сактоо үчүн бул көрсөткүч 60%дан кем болбошу керек, бизде азыр 20%га жакын эле.

– Мөңгүлөрдүн эришинин кесепети келечекке кандай таасир берет?

– Мына бул олуттуу суроо. Мөңгүлөрдүн бир бөлүгүн жоготуу менен өлкө алардан келген суусуз калышы мүмкүн. Суулар кескин азаят. Агымдар бузулат. Көп көлөмдөгү таза суудан айрылабыз. Эң башкысы сугат суулар да жок болот. Биздин суу жергиликтүү калкты гана эмес, коңшу Казакстан, Өзбекстан мамлекеттерин дагы суу менен камсыз кылат. Түшүм жок болсо адамдар ачка калат. Мен Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө болгом. Алардын көйгөйү суунун жетишсиздиги.

“Ата Мекен” фракциясы Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө караманча каршы болгон. Биз каршы экенибизди ачык билдирип, катуу күрөштүк. 2014-2015-жылдары бул Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү үзгүлтүккө учуратканбыз. Мени камагандан кийин жана “Ата Мекенге” катуу кысым болгон соң гана Атамбаев 2017-жылдын октябрь айында Мыйзамды өткөрүп кетти. Мага гана эмес, “Ата Мекендин” башка мүчөлөрүнө кылмыш иштери козголду. Катуу кысым болду, мамлекеттик кызматтарда иштеген “ата мекенчилер” жумуштан кетирилди.

Жалпылап айтканда, 2017-жылы сентябрь айында бул Мыйзамды Сапар Исаков парламентке киргизип, “Ата Мекен” депутаттарынан сырткары көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоого алынган. Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин мыйзамга шашылыш кол койду. Ошентип “Центерранын” 2017-жылга чейинки башаламандыктарынын баары мыйзамдаштырылып калды. Бул кадамдар менен биз “Центерра” экосистеманы, жаратылышты бузганы үчүн эч кандай компенсация төлөгөн жок. Бул улуттук байлыкты кара өзгөйлүк менен бузуу болгон. Адамдын байлыгын бузуу болгон. Атамбаев тууралуу айтсак, ал эки жүздүүлүк кылган. БУУнун трибунасында туруп мөңгүлөрдү сактоо керектиги тууралуу айтып, бир айдан кийин Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө шашылыш кол койгону, мөңгүлөрдү талкалоого жол бергени бул эки жүздүүлүк эмей эмне. Анын кадамдары адеп-ахлакка гана эмес, Конституциянын нормаларына дагы каршы келген. Бул өзгөртүүлөрдөн эң чоң пайда тапкан тарап “Центерранын” акционерлери болду. Атамбаев баарын “таза” жасадым, эч кандай жоопкерчилик тартпайм, себеби баары парламент аркылуу мыйзамдаштырылды деп ишенимдүү жүрөт.

— Эмне себептен Атамбаев Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө аракет кылып, ага шашылыш кол койгон, демек бул жакта кандайдыр бир жеке кызыкчылык барбы? Болбосо Атамбаевдин бул кадамдарын кандай түшүнсө болот? Бул жерде коррупциялык элементтер болгон деп ойлойсузбу?

— Мен жогоруда айткандай, 2009-жылкы келишимде “Центерра” алтынды мөңгүлөргө тийбей, жер алдынан казуусу керектиги жазылган. Бирок “Центерра” 2011-жылдан баштап жер үстүнөн казууга уруксат ала баштаган, алар мурда Өкмөт менен кол койгон келишимди бузуп башташкан. Канадалыктардын аргументи жөнөкөй болду. Алар эгерде жер алдынан алтын казып башташса, чыгымдары жылына 250 миллион доллардан 300 миллион долларга жогорулап, биздин акционерлерге бул пайдасыз болуп калат дешти. Биздин Өкмөт алар менен макул болду. Жыл сайын мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берип жатты. Атамбаев мыйзамды өткөрүп кетти жана 5 жылда “Кумтөр” бир жарым миллиард доллар үнөмдөп калды. Бизнесмен Атамбаев суу кодексин өзгөртүү канадалыктарга кандай пайда алып келерин билген эмес деп ойлойсуңарбы? Же ал эч нерсени билбей эле кол койгон деп ойлойсуңарбы? Биздин, жарандык коомдун каршылыгын көргөн жок дейсиңерби? ММКлардагы макалаларды окуган жок дейсиңерби? Атамбаев кимдир бирөөнүн алдында отчет берип жаткандай эле президенттиктен кеткиче мыйзамга кол коюп калууга шашты. Мунун баары бекер жасалган жок деп айтууга негиз бар деп ойлойм. “Центерра” Атамбаевдин иш аракетинен 4 миллиард доллар тапты. Эми окурмандар Атамбаевге кандай сый акы берилгенин эсептеп көрүшсүн.

Elgezit.kg редакциясы Өмүрбек Текебаевден маек алууга жардам бергени үчүн жактоочуларга ыраазычылык билдирет.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.