Дастан Бекешов: «Мамкызматкерлердин жазылбаган эрежеси бар – баардык жетишкендиктер жетекчиликке тиешелүү болуш керек»

Аналитика, Интервью, Саясат 14 Авг 2019 16:44
0 ой-пикир

Дастан Бекешев Курсан Асановдун кызматтан бошотулушу боюнча: Мамкызматкерлердин жазылбаган эрежеси бар – баардык жетишкендиктер жетекчиликке тиешелүү болуш керек

13-августта Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановду “7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялардан соң  кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатканы үчүн жана ишенимди жоготкону үчүн” деген негиз менен кызматтан бошотушту.

Эске сала кетсек, 7-августта УКМКнын атайын кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин хан сарайына бастырып киришкен. Атамбаевдин тарапташтары аларды үйдүн ичине киргизбей, бекинип алышкан. Атайын операция болуп жаткан жерде Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана анын орун басары Курсан Асанов да бар болчу. 8-августта Курсан Асанов Атамбаевдин хан сарайында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мурдагы президентти бункерден чыгууга көндүргөн. Асанов бул сүйлөшүүнү ийгиликтүү жүргүзгөн.

Ички иштер министринин орун басарынын кызматтан алынышы кыргызстандыктардын арасында кызуу талкуу жаратты. Көпчүлүк генералдын кызматтан алынышына таң калып, нааразычылыктарын жашырган жок. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Elgezit.kg сайтына бул абал боюнча пикирин билдирди.

— Мамкызматкерлердин жазылбаган эрежеси бар: баардык жетишкендиктер жетекчиликке жазылышы керек. Себеби жетекчи иштеп жатат, ал эми анын кол алдындагылар тапшырманы гана аткарат деген пикир бар. Операциядан соң Курсан Асанов атайын операция Кашкар Жунушалиевдин жетекчилиги алдында ийгиликтүү өткөрүлдү деп айтса, анда ал ээлеген кызматында кала бермек. Кептин баары мына ушунда эле. Ал эми операциянын өзү тууралуу айтсак, Ички иштер министрлиги ийгиликтүү өткөрдү, анткени ал курмандыктарсыз өттү жана жапа чеккендер да болгон жок.

Ал эми УКМКнын “Альфа” атайын кызматынын операциясы тууралуу айтсак, алар бул ишти жөндөй алышкан жок жана өз убагында аткара алышпады. Башында эле муну менен (экс-президент Атамбаевди кармоону) ИИМ алектениши керек болчу. Бул боюнча дагы иликтөөлөр жүрөт го. Ал эми баардык мамлекеттик кызматкерлер төмөнкүдөй көрүнүштү кабыл алуулары керек: жетекчисинен кыйын, мыкты болуп кетпеш керек, өзүн пиар кылбашы керек, жада кала бул иш системага ийгилик алып келсе дагы.

-Сиз Курсан Асанов өзүн пиар кылды деп эсептейсизби?

-Коомчулукка пайдалуу ошондой иш (өзүн-өзү пиар кылуу) болгон күндө дагы, бул бизде кандай кабыл алынарын көрүп жатасыңар: сен бир иш жасадың, сени эл жакшы көрүп жатат, ал эми мени эч ким эстеген жок дегендей мамиле.

Курсан Асановду кызматтан алып жатып Өкмөт баардык ишти юридикалык жактан тууралады деп ойлойм. Бирок ал каалаган учурда кызматтык иликтөөнүн натыйжасы боюнча сотко кайрыла алат.

-Курсан Асанов Атамбаевдин штабына маалыматтарды “жиберип” турган, баштыкка салынган акчаларды жана баалуу буюмдарды берген деген маалымат боюнча эмне айта аласыз?

-Баштыкка байланышкан окуя – бул болбогон иш. Эмнеге? Себеби Атамбаев акча жана баалуу буюмдар салынган баштыкты бергидей ал Атамбаев менен анча жакшы мамиледе болгон эмес. Мен кызматтык иликтөөнүн куралдарды алуу кол капсыз жүргүзүлгөн деген жери менен гана макулмун, бул маанилүү элемент болуп саналат. Куралды алардан мурда эксперт-криминалист далил буюм катары куралды карап чыгышы керек болчу.

Курсан Асанов Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйындарына келгенде суроолорго дайыма жакшы жооп берчү. Өз тармагы боюнча баардык маалыматка ээ болгон жана аны түшүнүктүү кылып жеткире алган министрдин орун басарларын табуу оңой эмес.

-Куран Асановго байланыштуу чечимди сиз кабыл алсаңыз, ал кандай болмок?

-Тергөө тартиптик жаза колдонсо болмок, мисалы эскертүү берип. Коомчулукка ал өз кадамдарын жетекчилик менен макулдашпай жасап, өз участогунан кетип, кармоого барды деген маалыматтарды таратпай эле коюу керек болчу. Эмне кереги бар? Ал сөгүш алганын баары билиши шарт эмес. Анын каталарын коомчулуктун алдында чукуп эмне кереги бар эле? Баарын жайыштын да кереги жок болчу. Билбей, азыр Кыргызстанда баарын баарына айткан заман болуп калды. Курсан Асанов тууралуу айтсам, ал сөгүш алмак, бул коомчулукка өтө маанилүү деле жаңылык эмес.

Аны кызматтан кетирүү менен, ал эл ойлогондой өтө жакшы деле эмес дегенди айткылары келди.

Сүрөт интернеттен алынды

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, авторлордун пикирлери редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.