Партиялар кандай мамлекетти убадалап жатышат?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Саясат, Статьялар 08 Авг 2020 08:10
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн. 

Кыргызстанда шайлоо өтөрдүн алдында элдин көңүлүн партиялар кандай моделдеги мамлекет түзгөнү жатканына көңүлүңөрдү бургум келди. Биздин мамлекет эбак эле кандайдыр бир концепцияны түзүп, аны ишке ашыра башташы керек эле. Буга чейинки президенттер “күчтүү” жана “эркин” өлкө тууралуу айтып келишкен. Бирок бул сөздөргө маани бербей эле, алардын түпкү маңызына көңүл бурушкан эмес. Балким күчтүү өлкө дегендин тарыхы тереңде экенине байланыштуудур. Ал эми өлкөнүн алсыздыгы жана кыйрашы көптөгөн олуттуу көйгөйлөрдүн (жакырчылык, баңги заттары, терроризм ж.б.) булагы болуп келет.

Күчтүү өлкө баардык адамзаттын кыялы — экстремалдуу реакциячылардан баштап либерал-демократтарга чейин күчтүү өлкө дегенди өз деңгээлдерине жараша ар кандай түшүнүп, кыялданып келишет.

Эл болсо күчтүү өлкө деп катаал авторитардык өлкөнү түшүнөт.  Мисалы, сталиндик режим же Кытай. Бирок дагы башка катаал авторитардык режимдер бар, мисалы, Сингапурда, Тайванда. Жада калса Японияда. Акыркысында кызыктуу “жарым-жартылай” партиялык система бар. Аскердик убактан кийин бийликке бир партия – Япониянын либералдык-демократиялык партиясы (ЛДПЯ) келген. Жакында эле бийликке Демократиялык партия келди, бирок ал бийликте көпкө тура алган жок, азыр бийликте кайрадан ЛДПЯ. Бирок бизден айырмаланып ал өлкө өнүгүүдө жана саясий плюрализм кубатталат, адам укуктары бузулбайт, эл эркин жана корголгон, ошондой эле демократиялык өлкөлөргө таандык бардык сыпаттар бар. 

Алсыз деген термин мамлекеттин алсыздыгын билдирет, анын масштабын эмес.

Ошондуктан азыр заманбап өлкө кандай болушу керектиги тууралуу көз караштар өзгөрдү. Ал күчтүү дагы, алсыз дагы болбошу керек. Ал жарандардын эркиндигин чектебей, эл менен мамлекеттин арасындагы орто жерди издеш керекпи?

Чыгыш Европа коммунизмден баш тартып, сактап калуу жолуна түштү. Бизде тилекке каршы, мындай партиялар жок. Бардык партиялар лидер болгусу келет, демократиялык партиялар жок, болсо да жарым-жартылай. Ошондуктан бийликке КСДП келгенде бизде эч кандай социал-демократтар жок экени анык болду. Консерванттар дагы, либералдар дагы жок. Бул абдан жаман көрүнүш. Мындай партияларсыз бизде өнүгүү болбойт. Руанданын президенти Поль Кагаме саясий жана экономикалык реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда, себеби ал европалык саясий системаны (муну мурда Япония, Сингапур, Тайвань, Түштүк Корея ж.б. мамлекеттер колдонгон) колдонууда. Ал жакта социал-демократтар да либералдар да бар. Бирок башка Африка жана Араб, Азия өлкөлөрүндөгүдөй эле улутчулдар да бар. Мындай саясий система Руандадан башка бир дагы Африка өлкөлөрүндө жок. Ошондуктан 30 жыл мурда геноцидге кабылып, кыйроо алдында турган Руандада чоң өзгөрүүлөр болуп жатат.

Буга биздин саясатчылар жана саясий серепчилер көңүл бурушкан жок. Сингапурдун, Япониянын, Малайзиянын, Түркиянын тажрыйбасы заманбап партияларсыз жана идеологияларсыз (консерватизм, либерализм, социал-демократия) өнүгүү мүмкүн эмес экенин көрсөттү. Ошондуктан шайлоо менен катар эле заманбап көз караштагы, заманбап идеологиясы бар, өзгөрүүгө курал боло ала турган партияларды да түзүү керек. Болбосо болгон аракеттердин баары текке кетет дагы, биз болсо дүйнөдөгү айыл боюнча кала беребиз.

Бизде күчтүү өлкө деген түшүнүк бар болгону менен, бир дагы партия анын келечегин көрсөтүп же түшүндүрүп бере алган жок. Ошондуктан элдин жакшы жашоого болгон үмүтү өлкөдө гана. Өлкөгө ишенишет, бирок партияларга эмес. Биздин партияларга жада калса, анын негиздөөчүлөрү, жетекчилери, мүчөлөрү ишенбейт.

Күчтүү өлкө эл тарабынан түзүлүп, элдин көзөмөлүндө болушу керек.  Башкысы элдин мамлекеттен бөлүү эмес, тескерисинче, маанилүү маселелерди чечүүдө элдин, коомдун, саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин колдоосу болушу зарыл.

Эч ким алсыз өлкөдө жашагысы келбейт, болбосо алар көйгөйлөргө көмүлүп, кайыр суроого аргасыз болушат. Алсыз мамлекеттерде адам укуктары бузулуп, жакырчылык орун алат, натыйжада миграция агымы көбөйүп, коркутуулар, кол салуулар көп болот. Алсыз өлкөлөрдө коррупция гүлдөп, мыйзамсыздык жана бийлик үстөмдүк кылат.

Жарандардын жашоосун жакшыртпай туруп эле аларга мамлекеттин чыгымдарын жаптырууга жол берилбеши керек.

Алсыз өлкөлөр күчтүү болуш үчүн демократиялык реформаларга барып, өзгөрүү ыкмаларын, улуттук тажрыйбаны эске алуу менен кадам таштоосу керек.

Эмнеге баары Батышта жашагысы келет? Жада калса, олигархтар, коррупционерлер? Себеби ал жакта адам укугу корголот, коопсуздукка кепилдик бар, өнүгүү үчүн шарттар түзүлгөн, бюрократизм жана коррупция жок ж.б. Баары жөнөкөй жана түшүнүктүү.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.