Роза Отунбаева: Атамбаев өлкөнү “өз” жана “өзгө” деп бөлүп, аймактар аралык жаңжал чыгаргысы келип жатат

Аналитика, Өлкө, Саясат 01 Июл 2019 17:11
0 ой-пикир

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин акыркы аракеттери боюнча билдирүү таратты. Elgezit.kg редакциясы билдирүүнү орус тилинен кыргызчага которуп берүүнү туура көрдү.

2016-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңештин оппозициялык фракцияларынын бири тарабынан президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгеси бул күндөрү логикалык өнүгүүсүнө келип жетти. 2019-жылдын 12-июнунда 40 депутаттын көтөрүп чыккан демилгеси менен коюлган айыптоолордун көбү негиз катары 2016-жылдын февраль айында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент А.Атамбаевге импичмент жарыялоого даярданып жатканы боюнча билдирүүсүнөн алынган.

Ошол маалда 2016-жылдын ноябрь айында башкаруучу фракциялардын бири “Кыргызстандын” лидери Канатбек Исаев президент Атамбаевдин ишин сындап, аны Конституцияны бузуп, бийликти узурпациялоодо деп айыптап чыккан. Бул эки депутат дал ушул кадамдары үчүн Атамбаев тарабынан саясий куугунтукка алынышкан”! “Ата Мекен” оппозициялык фракциясынын дагы эки депутаты дагы Атамбаевдин Конституцияга каршы, мыйзамсыз аракеттерин сындап, соттук репрессияга кабылышкан. Ошондуктан, Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевге айып коюп, аны кол тийбестик укуктарынан ажыратуусу анын президент болуп тургандагы иш-аракеттерине берилген баа болду.

Учурда парламентти жана А.Атамбаевди кол тийбестик укуктарынан ажыратуу чечимин колдогондорду макулдашып алышты деп сындашып, таарынгандар, өч алгандар аташууда.

Парламенттин табиятында депутаттык саз деген түшүнүк бар, бул демек өзүнүн позициясы жок жана конформизмден улам эле добуш берип коет. Бирок ал жерде бийликтин басымына карабастан тарыхый окуялардын жүрүшүнө, мамлекеттик башкаруунун мыйзамдуулугуна, бийлик бутактарынын конституциялык балансынын сакталуусуна таасир бере турчу чыныгы трибуналар бар. Ошондуктан парламент канчалык көп түрдүүлүк жана карама-каршылыктар болбосун анын институт катары легитимдүүлүгүн сактап калуу маанилүү.

Жогорку Кеңештин ар бир чакырылышы дайыма элдин сынына кабылып келген ошондой эле авторитардык башкаруучулар өздөрүнүн бийлигин бекемдөө керек болгондо дагы буйрутма берип тоскоолдук жаратып келген. Учурда Алмазбек Атамбаев коомчулук алдында парламентти атайын каралап, мамлекеттик ишмердин оозунан чыкпай турган сөздү айтты. Ал кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси өлкөнүн күн тартибинде бар экенин билген жана өзүнө карата анын чечимин дискредитация кылууга аракет кылды. Ал муну атайын парламенттик шайлоо алдында жасап, алардын мыйзамдуу мөөнөтүн жокко чыгаргысы келди дагы Жогорку Кеңештин таратуу менен тезинен жана башаламан шайлоо өтүүсүн каалаган.

Бүгүн Атамбаевдин кол тийбестик укугунан ажыроосуна нааразы болгондор депутаттык кол тийбестик жеңил эле жокко чыгарылганын, эл өкүлдөрүн камакка алууга алардын макулдугун албаш үчүн депутаттарды оор кылмыштарга күнөөлөө ойдон чыгарылганын унутуп калышты. Парламентти таратуу талаптарынын баары бийликтин мыйзам чыгаруу бутагын сындырып, аны президенттин башкаруусуна салып берүү үчүн жасалып келген. Мунун баары кыргыз парламентинин жүзүнө таасир берди.

Бирок Жогорку Кеңешти сындап жатып ал мамлекеттик башкаруудагы ачык аянт катары калганын жана эл тарабынан шайланган жалгыз институт экенин, бийлик бутактарынын балансын сактоону камсыз кыларын унутпаш керек. Тарых кыргыз парламентинин уятка калган учурларын жана татыктуу кадамдарын, трагедиялык күндөрүн эстен чыгарбайт. Депутаттар келет, кетет, бирок жогорку ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттин аброюн сактап калуу маанилүү. Жогорку Кеңештин аброюн улам улам төмөндөтүү менен парламенттик башкарууну ишке ашырууга мүмкүн эмес.

Атамбаевдин мыйзамсыз кадамдарын сындагандар парламенттин дубалдарынан сырткары дагы бар – саясатчылар, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер. Алар өздөрүнүн принципиалдуу позициясынан улам куугунтукка, репрессияларга учурашты. Буйрукка баш ийген соттор тарабынан негизсиз жарандык арыздар жана ойлонуп табылган кылмыш иштери боюнча соттолушту. Ошол маалдагы президент Атамбаевдин буйругу менен ондогон саясатчылар отуруп чыгышты жана дагы деле отурушат. Жалган жана мыйзамсыз иштер аркылуу намыска шек келди, тагдырлар талкаланды, эркиндик тартып алынды – аларды жөн гана таарынгандар деп атоого болобу?!

Жакында эле Алмазбек Атамбаев “кылмыш иштери ушактын жана фантазиянын негизинде ачылат” деп ойлобогонун билдирди. Ал президент болуп турганда анын оппоненттерине жана сындагандарга карата кылмыш иштери ушундай жол менен ачылган жок беле. Ал “эч нерсени көргөн эмесмин, билген эмесмин, уккан эме”мин» дегени менен, ал окуялар ММКларда кенен чагылдырылып жатпайбы – күнөөсүзмүн, билген эмесмин деп кимди ишендиргиси келип жатат?

Мен Атамбаев президент болуп турган маалда оппоненттери өткөн соттук-укуктук башаламандыктан өтсүн дегендерди колдобойм. Ага коюлган айыптар боюнча адилеттүү жана калыс иликтөө болуусу маанилүү. Бирок учурда тергөө органдарында жана соттордо ошол эле принциптери жок адамдар иштешет. Соттук-укуктук реформа эми гана башталып жатат. Ошондуктан тезинен саясий куугунтуктарга жана коррупцияга аралашкан тергөөчүлөрдөн, прокурорлордон жана соттордон арылуу иштерин баштоо керек. Азыр коомчулук тажрыйбалуу, билимдүү жана Ак үйдүн кайсы кабинетинен буйруктар келип жатканын түшүнүшөт.

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаев президент болуп турган маалда айрымдарды репрессия кылып, куугунтукка алган деген айыптоого далил “азырынча таба элеги” өкүндүрөт. Бийликтин сот бутагы адилетсиз чечим чыгарылып турганда көз карандысыз боло албайт! Соттор коомчулук тарабынан колдоого алынганда жана негиздүү чечим чыгарганда гана көз карандысыз болушат. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот иштерин кайра кароо институту иштегенде гана мыйзамдуу жолдор менен адилеттүү чечим чыкканда гана элдин сотторго болгон ишеними артат.

Дал ушундай жол менен гана Алмазбек Атамбаевге жана башка коррупциялык кылмыштарга айыпталып жаткан аткаминерлерге карата мыйзамдуу, адилеттүү чечимдер чыгат. Дал ушундай жол менен гана Кыргызстандын жарандарына карата тергөө иштери, прокурорлордун айыптоолору, сот чечимдери мыйзамды сактоо менен жүргүзүлөт. Албетте бул убакытты, саясий эркти жана жарандык көзөмөлдү талап кылган татаал процесс. Бирок көптөн бери коомчулук күткөн талаптарды аткаруу үчүн ал бүгүн башталышы керек.

Реалдуу соттук-укуктук реформа көптөгөн көйгөйлөрдү чечмек. Бийлик бутактарынын балансын калыбына келтирип, анын биримдүүлүгүн бекемдеп, жоопкерчилигин күчөтмөк.

Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Ушул күндөрү Атамбаев укуктук аракеттерге каршы иштерге даярдык катары баалоого боло турган бир нече нерселерди айтып жиберди. Азыркы бийликти «бакиевдики» деп атоо менен ал бир гана нерсени — аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү «өз» жана «өзгө» деп бөлүүнү көздөп жатат. Аялдардан, аксакалдардан жана жаштардан өзүнө тирүү коргон жасап, өзүнө карата ыкчам тергөө аракеттерине курал менен каршылык көрсөтөрүн билдирүүдө. Ал муну оппозициялык ишмердүүлүк жана жеке эрдик катары сүрөттөп жатат, бирок ал өзүнүн саясий чабалдыгын жана адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө

Ушул эле тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор менен өзү куугунтукка алган атаандаштарына, митинг өткөрбөй, өзүнүн актыгын сотто далилдөөгө ал өзү чакырып келген эмес беле? Саясий буйрук менен камакка алына турганын билип туруп, өзүнүн атынын актыгы үчүн күрөшүү үчүн Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга келбеди беле? Аз күн мурдараак Армениянын президенти Роберт Кочарян үчүнчү жолу камакка алынып, бирок күнөөсүн мойнуна албаганына карабай, соттун чечими чыккандан кийин тергөөгө өз ыктыяры менен келди. Ал муну атаандаштары менен тарапташтарын кагыштырууну жана араң жеткен туруктуулукту бузуп алууну каалабай турганы менен түшүндүрдү. Мына, саясий лидерлердин жоопкерчилиги жана инсандын духунун бекемдиги.

Алмазбек Атамбаев ушул саясатчыларды үлгү тутуп, өзүндөгү коомго болгон сый мамилени ойготсо болмок. Ошондо коом да ага карата кылмыш ишин жарандык көзөмөлгө алмак

Биздин жаш өлкөнүн калыптануусу оңой болгон жок, биз тандап алган парламентаризм оңой келген жок. Биз сырттан карап турган достор, бизнестеги өнөктөштөр, коңшулар, саясий аналитиктер жана чет жактагы мекендештер таң калып жатышат: КРда үчүнчү революция болобу деп жатышат?! Байыркы эл, бирок эки революцияны башынан өткөргөн жаш улут кандай кадамдарга барат деп турушат. Алардын эс тутуму ушунча кыскабы? Өткөндөн сабак алышпайбы дешүүдө.

Коомчулукта атайын жасалып жаткан чочулоого карабастан Атамбаевдин элди бөлүп жаруу, туруксуздук жаратуу аракеттери ишке ашпайт деп ишенем. Мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы жеке амбициялардан жана эмоциялардан жогору турушу керек. Эл бүгүн туруктуулукту талап кылууда жана эч кандай авантюраларды колдобойт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.