Кыргызстандын президентин Москва «кармап калды»

Саясат, Статьялар 17 Июл 2019 15:56
0 ой-пикир

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев өткөн жумада Кой-Таштагы резиденциясында бий кечесин өткөргөнүнө караганда анын үстүнөн айланып жаткан кара булут жок болгондой, жок дегенде күзгө чейин. Москвада абал жогорудагыдай деп санашпайт жана республикадагы ички саясий абалга тынчсыздануу болуп жатат. Муну Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун пландалбаган жолугушуусу тастыктап турат.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өткөн аптада Швейцарияга иш сапары менен барган, бул өлкөнү 50-жылдардан бери “дүйнөлүк өкмөттүн штаб-квартирасы”, ошондой эле “Ак үйгө кирүүчү жашыруун босого” деп да атап келишет. Расмий маалыматтарга ылайык, сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү Эл аралык валюта фондуна арналган. Эки тарап тең бул институт анын мүчөлөрү жана дүйнөлүк экономика үчүн маанилүү экенин баса белгилешти. Ошондой эле тараптар Кыргызстандын ички саясатындагы көйгөйлөрдү дагы талкуулашты. Өз кезегинде Жээнбеков Швейцарияга кыргыз экоөнүмдөрүн: бал, жаңгак, как жана төө буурчакты сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстандын жетекчиси Бернге “Аэрофлот” компаниясынын кадимки каттамдагы учагы менен учканы кабарланды. Ал Москва аркылуу учкан. Каттамдар ортосундагы күтүү керек болгон 6 саатты текке кетирбей, Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Жакында эле Кремль сунуш жасап, андан Жээнбеков баш тарта алган эмес. Эки өлкө башчылары эмне тууралуу сүйлөшкөнү жарыяланган жок. Албетте, кыска жолугушууда эки тараптуу кызматташуудагы көйгөйлөр жана Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында интеграция маселеси талкууланбаганы түшүнүктүү.

Алмазбек Атамбаев өткөн жуманын аягында бий кечесин өткөргөнүнө караганда, Москвадагы жолугушууда экс-президенттин тагдыры талкууланганы түшүнүктүү болду. Атамбаевдин пайдасына. Атамбаев Жээнбеков сыяктуу эле Москвага белги берип турду. Экс-президент менен карама-каршы турууда Кремлдин позициясы маанилүү. Бирок Кремль эки тарапка тең тартпастан ортодогу тең салмакты карманды.

Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков: “Көз карандысыз мамлекеттин ички иштерине кийлигишпейбиз” — деген.

Бирок Швейцарияга болгон сапардан кийин абал өзгөрдү. Жээнбеков АКШ менен сүйлөшүүгө барууга жана кызматташууга даяр экенин билдирди.

Кыргыз саясатчысы Марс Сариев “Независимая газетага” Кыргызстандын ички саясаты Москваны тынчсызданып жатканын билдирди. Кыргызстанда саясий туруктуулук маселеси курч болуп турат. Кремль Кыргызстан экинчи Афганистан болуусун каалабайт.

“Эгерде буга чейин Москва эки жолборстун кармашуусун сырттан карап турган маймыл позициясында болсо, бүгүн мындай сырттан карап туруу позициясы жеңиш алып келбей турганын түшүндү. Атамбаев менен Жээнбековдун кармашынан башка чоң оюнчулар колдонуп, Борбордук Азияда туруксуздукту пайда кылышы мүмкүн”,- деди эксперт.

Анын айтымында, экс-президент бийликти теңине албаган талаа командирине айланып бара жатат. Эгерде аны күч менен кармай турган болсо анда курмандыктар болуп кетиши мүмкүн. Натыйжада анын тарапташтары көбөйүп, коңшу айылдар кошулуп түндүк менен түштүк ортосунда аймактык бөлүнүү башталат. Атамбаевде чоң ресурс пайда болот, Кыргызстан талаа командирлери өлкөсүнө айланат. Жээнбековдун рейтинги төмөндөйт. Ошондуктан Россиянын президенти Жээнбековду Бернден Бишкекке болгон сапар учурунда жолдон кармап алып, анын позициясын укту. Швейцарияда кыргыз лидери “дүйнөлүк өкмөттүн” колдоосун алганга аракет кылды жана кандайдыр бир чечкиндүү чараларды көрүүсү мүмкүн деп санайт эксперт.

Ошондой эле эки өлкө башчысы аткезчилик жана наркотрафик менен күрөшүү маселелерин талкуулады. “Акыркы убакта Москва бул багытта Кыргызстанда олуттуу көйгөйлөр бар экенин белгилеген”,-деп жазган Stanradar Россиянын президенттик администрациясындагы булактарына таянып.

“Независимая газета” бул тууралуу 2018-жылдын 25-декабрында чыккан номеринде жазган. Тактап айтканда, 20 жыл ичинде кыргыз бажысы Кытайдан келген товарлардын жалпы суммасы 11,64 млрд доллар экенин билдирген. Ал эми кытай тарап болсо, Кыргызстанга чек ара аркылуу 61,667 млрд долларлык товар өткөнүн билдирген. Айырма 50 млрд доллар болуп жатат. 2017-жылы кыргыз бажысы Кытайдан 1,5 млрд доллардан бир аз көбүрөөк суммага товар келди десе, Кытай бажысы 5,337 млрд доллар деген маалымат берген. Айырмачылык 3,9 млрд доллар. Ошол эле 20 жыл ичинде Кыргызстан Түркиядан Кыргызстанга 1,129 млрд долларга товар келген десе, түрк бажысынын маалыматы боюнча 2,968 млрд долларлык товар жөнөтүлгөн. Айырмачылык 1,839 доллар. Кыргыз элитасы аткезчиликтин эсебинен жашап жатат. Москванын бул пикирин Бишкекте республиканын түштүк кланына болгон кысымы жана өкмөттө жана бажыда кадрдык алмашууну күтүп жатышат деп баалаган.

Москванын пикиринде, аткезчиликтен сырткары Афганистандан баңги заты көп келет, бирок кармалгандардан тартып алынган маңзатынын көлөмү Тажикстан менен Өзбекстанга караганда алда канча аз.

«Кыргыз милициясы героинди такыр байкабай жаткандай түр калтырат. Улуттук коопсуздук кызматы кандайдыр бир кармоолорду жүргүзүп жатат, бирок ал республика аркылуу өткөн биздин маалыматтарга дал келбейт”,-деп билдирген Stanradar булагы.

Жээнбековдун ИИМдин ишин жакшыртууга каражат сураганын Кремль колдогон эмес. Россия тарап жардам берүүгө даяр, бирок кыргыз өнөктөштөрүнөн абалды жакшыртуу боюнча конкреттүү жана реалдуу пландарды күтөт.

Москванын Стратегиялык баа жана сереп борборунун директорунун орун басары Игорь Панкратенконун пикиринде, Москванын көзүнө Бишкек туруктуу аймак катары көрүнөт, өзгөчө көйгөйлөр деле жок, кошумча күчтү талап кылбайт.

Мындан сырткары, Кыргызстандын ЕАЭБге жана ЖККУга мүчө экенин эске алсак, Москвада Кыргызстанды өзүнчө республика катары эмес, Россиянын өзгөчө макамы бар региондорунун бири катары санашат. Демек, Россиянын бир регионунан, мисалы Урал же Сибирь федералдык округу катары эле өзгөчө көңүл буруунун деле кереги жок. Ооба, ал жакта кандайдыр бир көйгөйлөр бар, биз аларга 6 млрд долларлык долбоор боюнча сөз бергенбиз, эми шашпай эле иш жүзүндө чечип коёбуз дегендей мамиле. Анын айтымында, кыргыз-орус кейси: Бишкек лоялдуулук үчүн Москвадан кезектеги траншты күтүп жатканынан, Москва төлөп берүүгө даяр, бирок дароо эмес деген абалда турат.

Мамиле мына ушунда, ал эми алга сүрөөчү экономикалык долбоорлор тууралуу эч кандай сөз жок.

Булак: Независимая газета. Сүрөттөр www.president.kg сайтынан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.