Кой-Таштагы окуя боюнча белгилүү саясатчылардын пикири

Аналитика, Саясат 08 Авг 2019 19:23
0 ой-пикир

Elgezit.kg Кой-Таштагы окуя боюнча белгилүү саясатчылардын пикирлерин жарыялайт.

Феликс Кулов, (КР УКМКсынын экс-төрагасы):

«Бул күч органдарынын шалаакы аракети. Мындай ишти таңга маал кылыш керек болчу»

«Бул күч органдарынын шалаакы аракети болуп калды. Мындай ишти таңга маал кылыш керек болчу. Курмандыктар болбош үчүн объектиде эмне болуп жаткандыгы тууралуу толук маалымат керек эле. Ушундай оор кырдаалга туш болгон балдарга боорум ооруп жатат.

Атамбаев күбө катары каралып жатса, аны алып кетүүгө милиция келиши керек эле. Болгондо дагы куралсыз операция болсо туура болмок. Негизи эркине каршы кармап кетүү иштери мыйзам боюнча кечки убакта жүргүзүлбөшү керек. Эгер экс-президентти айыпталуучу катары кармагысы келсе, дароо эле басып кирбей, алгач айыбы угузулушу керек болчу.

Жээнбеков эмгек өргүүдө жүргөн кезде мындай атайын операция уюштурган күч органдары президенттин бетине көө жапты.

«Мындай учурда УКМК расмий түрдө түшүндүрмө бериши зарыл. Бүгүн президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Булардан тышкары, Жогорку Кеңеш каникулун токтотуп, кезексиз жыйынга чогулушу керек. Бишкек мэриясы дагы шаардык кеңештин депутаттарын чогултушу абзел. Мунун баары жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн иштөөсү керек», — деди Кулов. (Sputnik  агенттигине берген маегинен)

 

Омурбек Бабанов (КРнын экс-премьер-министри): Кан төгүүгө жол жок!

Урматтуу Кыргызстандыктарым,

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Алмазбек Шаршенович,

Алакандай Кыргызстаныбызда кайрадан жүрөк үшүн алчу окуя болуп кетпесин! Элибиз менен укук коргоо кызматкерлерибизди козутпай, бөөдө кырсыкты курчутпай, тезинен бул тирешүүнү токтотууга азыркы президент Сооронбай Шарипович менен экс-президент Алмазбек Шаршеновичти чакырам!

Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир өлкө президентине тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Азыр бул жарандык тирешүүгө алып келип бараткан жеке конфликттин улантылышына эч жол бербей, токтотуш керек!

2002 жылы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергендиги үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010 жылы Таластагы жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн элибиз Бакиевди эч качан кечирбейт. Каргашалуу тарыхыбызды экинчи эч кайталабайлы, элибиз эле кыйналат!

Кой-ташта жүргөн адамдар да, ал жакка жөнөтүлгөн атайын бөлүктүн кызматкерлери да биздин жарандарыбыз, өзүбүздүн эле уулдарыбыз, кыздарыбыз, эжелерибиз, байкелерибиз! Аларды алдыга түртүп, өмүрлөрү менен тагдырларына балта чабуу чоң кылмыш!

Бул тирешүү мындан да чоң кесепеттерге алып келиши ыктымал!

Элимди курмандыкка чалбай, жеке кызыкчылыктарды тыйууга чакырам!

Эч бир иш канга тете эмес!

Апрел айында да провокациялар болооруна, алардын азабын тарапташтарым тартаарына көзүм жеткендиктин айынан гана эстегенде эки көзүм төрт болгон өз элиме, өз жериме келбедим.

Азыр болсо учурдагы жаңылыктарды тиктеп, жан-дүйнөм эңшерилип турат. Буга кантип жол берилди?

Экөөңүздөрдү тең бул тирешүүнү токтотууну жана токтошуңуздарды суранам!!! Алааматка жол ачпай, элибиздин тынчтыгы үчүн, уул-кыздарыбыздын амандыгы үчүн!

Бул абалды кызытып жибербей, кармап калыш керек.

Атайын операцияны токтотуу абзел!

Бийлик акылга таянып иш кылат деп күтөм.

Каза болгон жапжаш инибиздин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жаратканым элиме тынчтык берсин, эл уулдарына сабырдуулук тартууласын.

(Саясатчынын instagram баракчасына жарыяланган билдирүү)

Темир Сариев (КРнын экс-премьер-министри): Чыңалган абалды жөнгө салуу үчүн жарандык коом курамына кирген комиссия түзүү керек

“Кой-Таштагы кечээки окуялар өлкөнүн саясий абалынын курчушуна алып келди. Ал көзөмөлдөн чыгып мындан ары жаман жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн.

Буга байланыштуу Кыргызстанда абалды турукташтыруу үчүн саясий чечимдер кабыл алынуусу керек.

Президент жана парламент тарабынан спецназ каза болгон кагылышуу үчүн укук коргоо органдарынын жана өкмөттүн ишине баа бериши керек.

Кой-Таштагы чуунун жана эки тараптын аракеттерине байланышкан баардык ишти иликтөө үчүн жарандык коомдун катышуусунда мамлекеттик комиссия түзүү керек.

Мамлекеттик комиссия иштеп жаткан учурда мамлекеттик бийликти дагы, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын дагы радикалдуу кадамдарга барбоону суранат элем.

Баардык саясий күчтөр абалды турукташтырууга жана аны мыйзам жолуна түшүрүүгө болгон күчүн жумшашы  керек.

(ММКларга чыккан расмий билдиүү)

Алмамбет Шыкмаматов (КР ЖК депутаты): Парламент абалды жөнгө салуу боюнча комиссия түзүүсү керек

Бүгүн чогулабыз деп турабыз. Депутаттар үн катпай тура беришет деп ойлобойм, себеби өлкө коркунучта турганда үн катпай койсок эл кечирбейт. Кесиптештерим элдин алдында жоопкерчилигин сезишет деп ойлойм. Азыр көңүл бурбай койсок, анда эл толкуп кетиши мүмкүн. Бийликтин шалаакылыгынан улам локалдык конфликттер чоң чууга айланып бара жатат. Бийлик абал көзөмөлдө деп ойлоп жатат. 2005-2010-жылдары бийлик жана күч түзүмдөрү баары жайында деп келишкен, аягы эмне болду? Биз бир эле орго кайра-кайра түшө бербешибиз керек. Күч органдары менен элдин кагылышына жол бербөө үчүн тынчтык жолун издешибиз керек. Парламент абалды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комиссия түзүүсү керек. Туруктуулукту сактоо үчүн бир муштум болуп биригишибиз керек.

(Kaktus.media агенттигине берген маегинен)

Мелис Мырзакматов («Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери): Айрым адамдардын кызыкчылыктары адамдардын өмүрүнөн жана мамлекеттеги туруктуулуктан жогору турбашы керек!

Урматтуу мекендештер!
Кой-Таш айылындагы окуялардын натыйжасында каза болгон жигиттин жана жарадар болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Буга байланыштуу элибизди сабырдуулукка жана акылмандыкка, араздашкан тараптарды абалдан чыгуу жолун акылмандуулукка салып таразалоого чакырам.

Канчалык адилеттүү жана туура болбосун, кандай максат болбосун адамдардын курмандыгын актай албайт. 2013-жылы 2-декабрда саясий куугунтукка тушугуп, калк арасында массалык колдоого алынып турган маалда дагы, коомчулукта туруктуулук жана тынчтык болсун деп, тарапташтарымдын ден-соолгу жана өмүрү, алардын эркиндиги үчүн жоопкерчиликтүү экенимди эске алып мен конфликттин курчушунан кооптонуп, бийликке каршы турууга барган эмесмин.

Урматтуу мекендештер, айрым адамдардын кызыкчылыктары адамдардын өмүрүнөн жана мамлекеттеги туруктуулуктан жогору турбашы керек!

(ММКларга чыккан расмий билдиүү)

Исхак Масалиев (ЖК депутаты): Баардыгына Атамбаев жоопкер!

Абал кооптуу. Тыкыр иликтөө жүргүзүү керек, күнөөлүүлөрдүн баары жоопкерчиликке тартылышы керек. Атамбаевди коргоп жаткандардын колуна курал кайдан тийди? Ал кантип ушуга жол берди? Баарына жооп бериши керек.

Күч органдарынын жетекчилерин отставкага кетирүү керек деп санабайм, бирок атайын операция жүргүзүүдө ким катачылык кетиргенин аныкташ керек.
(24.kg агенттигине берген маегинен)

Равшан Жээнбеков (ЖКнын экс-депутаты) : Атамбаевди кармоо боюнча президент Сооронбай Жээнбековду айланасындагылар сатып кетишти

Бизде учурда 3 талап бар
1) Милиция кызматкерлерин мурдагы президенттин үйүнө киргизбөө;

2) Байланыш менен камсыз кылуу, башкача айтканда, интернет жана мобилдик байланышты калыбына келтирүү;

3) Электр энергиясы менен камсыз кылуу.

Азырынча талаптар ушулар. Биз мындан аркы кадамдарды дагы талкуулайбыз, бирок башкысы адамдардын жана Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу.

Сооронбай Жээнбеков операциянын баардык деталдарын жана коркунучтарды билген, бирок аны сатып кетишти. Анын айланасында ар түрдүү адамдар бар. Алар сатып кетишти деп эсептейм. Мындай операцияны оңой эле жасайбыз деп ойлошкон. Бирок бул президенттен жоопкерчиликти албайт. Болгон президенттин айланасындагылар убакыт келди, операцияны тез эле бүтүрөбүз деп, бирок жаңылып калышты.

Атайын кызматтар коомчулукту адаштырып, резина октор гана колдонулду деп жатышат. Кагылыштан кийин хан сарайдын аймагында согуштук куралдын октору колдонулган куралдар калып калыптыр. Бул куралдарды күч органдарына кайтарып беребиз.

Илим Карыпбеков (КТРКнын экс-директору): Атамбаев өлкөнүн келечегин ойлогон акыркы адам!

АША бүгүн өлкөнүн келечегин ойлогон акыркы адам! Чындыгында ага баары бир, кек гана сактоодо! Анын бийлигин тартып алышты, демек баарына жаман болушу керек. СШЖнын кадрлары болсо б.к! Далба….змдин генийлери! Башка эч нерсе айткым келген жок!

(Твитердеги баракчасынан)

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, авторлордун пикирлери редакциянын көз карашын билдирбейт.
Сүрөт: WWW

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.