Тарых сабактары. Шайлоо жана саясий унутчаактыктын коркунучтуулугу тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Саясат, Статьялар 11 Июл 2020 21:02
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн

Парламенттик шайлоо алдында саясатчылар саясий күрөштө буга чейинки топтогон тажрыйбаларын жоготуп койгондой. Артта 30 жылдык трансформация болбогондой абалда. Конституцияны 10 жолу өзгөртүшсө, шайлоо кодекси дагы ошончо жолу өзгөртүлдү. 30 жолу Өкмөт алмашты, 3 төңкөрүш болду, анын ичинде 1990-жылдагы төңкөрүш дагы бар. Бул сабак алчу жана алдыга кадам таштоочу эң бай тажрыйба. Башкалар бир бийиктиктин артынан экинчисин багындырып жатышат. Бирок биз сабак ала алган жокпуз. Ошондуктан бир орундан жылбай турабыз.

Буга байланыштуу окумуштуу, саясатчы катары артка кетпей алдыга жылууга түрткү боло турган айрым ойлорум менен бөлүшөйүн.

2010-жылдагы акыркы төңкөрүш өлкөгө өтө чоң зыян алып келди, биз андан дагы көп убакыт чыгабыз. Революциялык режим бат эле коррупцияга батып, реформатордук күчтөргө мамлекетти башкарууга катышууга эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок. Ошондуктан эл парламенттин жана бийликтин башка бутактарынын сапатына нааразы. Пандемия учурунда өлкөнү бийликке кокусунан келип калгандарга калтыруу коркунучтуу экенин түшүндүк. Ишенер, таянар эч ким жок калды. Ошондуктан эл криминалдык авторитеттерге жана чет өлкөлөргө кайрыла башташты. Эч нерсе өзүнөн өзү болбойт.

Ар бир нерсенин себеби бар, ошондуктан президент баш болгон жетекчиликке олутуу кароо керек. Эмнеге президентти да кошуп жатасыңар дейт чыгарсыңар. Себеби ансыз эч нерсе болбойт. Силер аны жакшы көрсөңөр да жаман көрсөңөр да болот, бирок ал мурдагы президенттей болуп сизди камап,миллиондогон доо арыздарды жаза элек. Бирок интеллекти жок адамдар унутчаак келет. Алар өткөндү унутуп коет. Анын үстүнө саясий айдыңга тажрыйбасы жок жаштар чыгууда.

Парламенттеги бийликти олигархтар басып алышты жана саясий күрөш эрежелерин аныкташууда. Мандат чоң акча турат. Мээнин кереги жок. Саясий тажрыйба зарыл эмес. Жеке жетишкендиктер да кереги жок. Керектүү сумманы чыгар, мандат аласың.

Саясий коррупция деген аталышка ээ болгон бул көрүнүш менен кантип күрөшүү керек. Мындай негизде түзүлгөн парламенттик партиялардан эмнени күтсө болот? Демократиялык баалуулуктар кыйрап, деградация болот, калк жакырланат. Бир сөз менен айтканда олигархия демократияга карама-каршы келген башкаруу формасы.

Өзгөрүүнү күткөн жаш партиялар эмне кылуусу керек? Бирдей ой жүгүрткөндөр менен биригип, блокторду түзүүсү зарыл. Себеби олигархтарда акча көп, алар “демократиялык аң-сезими жок” сатылма элди сатып алышат. Реформаторлор бириккенде гана баардык нерсени ишке ашыра алышат. Тарапташтарыңардан шайлоого деп акча чогулткула. Уялбагыла. Демократиялуу өлкөлөрдүн баарында эле шайлоо ушундай өтөт. Жаш партиялар үчүн элдин колдоосуна ээ болуу маанилүү.

Парламентке “арткы эшик” менен келген азыркы депутаттар баардыгы азыркыдай эле бойдон калат деп – шайлоо босогосу 7%-9% деген сунуштарды берип, шайлоо фондун 5 млн деп келишет. Азыр саясий коньюктура өзгөрдү, коррупциялык схемалардын негиздөөчүлөрү түрмөдө, ошондуктан баары эмне кыларын билбей кайпактап калышты.

Саясатка келүүнү каалаган айрым куу адамдар шайлоонун мажоритардык системасын сунуштап башташты. Жада калса жаңы преференциалдык системаны сунушташууда. Эмоционалдуу жарандык коом бул идеяны колдоп кетти. Бирок ал эмнени өзгөртөт? Мандатты реформаторлор алабы? Буга ишенбей турам. Өз убагында өлкө мажоритардык шайлоодон баш тарткан, ага республиканын “талаа комндирлер өлкөсүнө” айланганы жана ар бир депутат өзүнүн шайлоо округун менчиги катары көрө баштаган.

Партия тизмелерин ачыкка чыгаруу менен мыкты депутаттарды алып келүү мүмкүнчүлүгү болгон, бирок эч ким колдогон жок. Көпчүлүк суунун астыңдагы агымды көрө алышкан жок. Азыр олигархтар тизмесине акылдуу, татыктуу кишилерди издөө менен алек болот эле.

Шайлоого каршылык билдирүү учурда эффективдүү эмес. Олигархтар кубанып коштоп кетишет. Мындай кадам Германияда жакшы ийгилик алып келсе керек, бирок бизде эмес. Анын үстүнө шайлоого каршылык билдирүү көп боло бербеген көрүнүш. Ага жетишүү үчүн жарандардын алдында Махатма Ганди сыяктуу абройго ээ болуу керек. Эл аны укчу. Аброю жогору болгон бийлик эң күчтүү бийлик болот. Анын чакырыгын баары угат. Өз учурунда Ленин да шайлоого каршылык билдирип, бирок кийин өз катасын мойнун алган. Майлуу-сүттүү жер эч качан бош калбайт.

Азыр элдин нааразычылыгынан пайдаланып реформаторлор парламентке келүүгө жакшы убак. Алар эч нерсеге жарабаган олигархтардын саясий картасын бузушса болот.

Ошондуктан реформаторлор эмнени сүйлөп жана сунуштап жатканыңарды жакшылап ойлонгула. Кыргызстанды 5 жылда Сингапур кылууга болбойт. Улуу реформатор Ли Куна Ю өлкөсүн 30 жылда гана ийгиликтүү кыла алган. Силер эмне андан да кыйынсыңарбы? Элди бир, эки, үч жолу алдаса болот… Бирок аны чексиз эле алдап жүрө албайсыңар. Калпычылар доору бүткөн.

Азыр шайлоого катышуу каалоосун 44 партия билдирди. Кампания башталарда 8-10 партия калат. Калгандары өздөрүн пиарлап алып туруп четтеп кетишет.

Бизде шайлоочулардын башын айланткан партиялар көп. Кыргызстанда 300гө жакын партяи бар, шайлоого катышууну каалаган 44 партиянын арасынан туура тандоо жасап көргүлөчү. Ошондуктан тез арада цивилизациялуу партиялык түзүлүштү башташыбыз керек. Болбосо “өгүз өлбө, араба сынба” деген абалда дагы далай жашайбыз. Саясий унутчаактык, айрыкча башкаруучу элиталардын сабатсыздыгы өтө коркунучтуу.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.